Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 9-ноябры № 28-19/5
Жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Каракол шаарынын мэри Э.Дж.Джумаевдин, 2022-жылдын 13-октябрындагы, кир.№ №01-7/262, Кыргызстандын эл аралык университетине, аянты 50 сотканы түзгөн, Каракол шаарынын, «Кашка-Суу» кичи району тарабында жайгашкан жер тилкесин, Гебзе жана Б.Жапаров көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан жер тилкесине, алмашуу ирээтинде, бөлүп берүү жөнүндөгү катын карап жана талкуулап, жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык мүлк боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык Кеӊешинин XXVIII чакырылышынын XIX сессиясы,
токтом кылат:
1.Каракол шаарынын мэриясына, Кыргызстандын эл аралык университетине, аянты 50 сотканы түзгөн, Каракол шаарынын, «Кашка-Суу» кичи району тарабында жайгашкан жер тилкесин, Гебзе жана Б.Жапаров көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан, аянты 50 сотканы түзгөн жер тилкесине, алмашуу ирээтинде, бөлүп берүүгө уруксаат берилсин.
2.Эгерде,окуу корпусунун курулушу, 3 (ʏч) жылдын ичинде башталбаса жана 5 (беш) жылдын ичинде бʏтʏрʏлбѳсѳ, аянты 50 сотых болгон жер тилкеси, бир тараптуу тʏрдѳ, Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдуулугуна ылайык, Каракол шаарынын муниципалдык мʏлкʏнѳ кайтарылат.
3.Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтом ММКларда жарыялансын.
5.Токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл жүргүзүү жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэрине жʏктѳлсʏн.
Төрага | Т.Ж. Акимканов |