Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 9-ноябры № 28-19/6
Каракол шаарынын жергиликтʏʏ бюджетинин киреше жана чыгаша бѳлʏктѳрʏнʏн бекитилген планына, 2022-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча, ѳзгѳртʏʏлѳрдʏ киргизʏʏ жѳнʏндѳ
Каракол шаарынын мэри Э.Дж.Джумаевдин, 2022-жылдын 25-октябрындагы, чыг.№01-16-3397 катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык Кеӊешинин экономика, бюджет, соода, өнөр-жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык Кеӊешинин XXVIII чакырылышынын XIX сессиясы,
токтом кылат:
1. Каракол шаарынын 2022-жылга бекитилген бюджетине, өзгөртүүлөр киргизилсин, анын ичинде:
- салыктык кирешелер планы -20000,6 миӊ сомго жогорулатылсын;
- салыктык эмес кирешелер планы -7500,6 миӊ сомго азайтылсын, анын ичинен:
- “калктуу конуштардагы жерлердин ижара акылары” -7000,6 миӊ сомго;
-атайын каражаттар- 500,0 миӊ сомго;
2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл жүргүзүү экономика, бюджет, соода, өнөр-жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэрине жʏктѳлсʏн.
Төрага | Т.Ж. Акимканов |