Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 9-ноябры № 28-19/7
Акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө
Каракол шаарынын мэри Э.Дж.Джумаевдин, 2022-жылдын 21-октябрындагы, каттарын карап жана талкуулап, Каракол шаардык Кеӊешинин экономика, бюджет, соода, өнөр-жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык Кеӊешинин XXVIII чакырылышынын XIX сессиясы,
токтом кылат:
1. Каракол шаарынын финансы башкармалыгы (Толумбекова Г.С.), Каракол шаарынын жергиликтʏʏ бюджетинин киреше бѳлʏгʏнʏн планы ашыкча аткарылгандыгынын, 2022-жылдын 9 айынын аткарылышынын жыйынтыгы боюнча, мекемелердин чыгаша сметаларынын аткарылышынын жыйынтыгы боюнча бюджеттик ассигнованиелердин ʏнѳмдѳлʏшʏнʏн жана 2022-жылдын 1-январына карата, эркин калдыктын пайдаланылбаган каражаттарынын эсебинен, төмөндөгү акча каражаттарды бөлүп берсин:
· 1 000 000 (бир миллион) сом өлчөмүндө, планды ашыкча аткаруунун эсебинен, Каракол шаарынын борборунда, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу максатында, арыздарды кабыл алуучу пункту ачууга;
· 1 750 000 (бир миллион жети жүз элүү миӊ) сом өлчөмүндө, акча каражаттарды үнөмдөөнүн эсебинен, Н.М.Пржевальский-К.Карасаев мемориалдык музей- комплексин жашылдандыруу жана оӊдоо боюнча долбоорду кошумча каржылоого;
· 200 000 (эки жүз миӊ) сом өлчөмүндө, акча каражаттарды үнөмдөөнүн эсебинен, «Каракол КМШнын маданий борбору» иш чарасынын расмий жабылышына;
· 2 050 000 (эки миллион элүү миӊ) сом өлчөмүндө, акча каражаттарды үнөмдөөнүн эсебинен, Каракол шаарынын мектептерине, бала-бакчаларына компьютердик техникаларды жана класс-комплектерди сатып алууга;
· 860 000 (сегиз жүз алтымыш миӊ) сом өлчөмүндө, акча каражаттарды үнөмдөөнүн эсебинен, Каракол шаарынын №4 мектеп-гимназиясынын чатырын алмаштырууга;
· 400 000 (төрт жүз миӊ) сом өлчөмүндө, акча каражаттарды үнөмдөөнүн эсебинен, Каракол шаарынын балдар билим берүү борборунун кабинеттерин оӊдоого;
· 550 000 (беш жүз элүү миӊ) сом өлчөмүндө, акча каражаттарды үнөмдөөнүн эсебинен, Жети-Акенин портреттерин тарттыруу ʏчʏн конкурс ѳткѳрʏʏгѳ:
· 2 000 000 (эки миллион) сом өлчөмүндө, акча каражаттарды үнөмдөөнүн эсебинен, Каракол шаарынын Карасаев атн.көчөсүнүн №35б дарегиндеги, мурдагы балдар үйүнүн имаратын капиталдык оӊдотууга;
· 150 000 (жүз элүү миӊ) сом өлчөмүндө, акча каражаттарды үнөмдөөнүн эсебинен, сүрөтчүлөрдүн VII эл аралык «Карегимде Каракол» конкурсун өткөрүүгө;
· 1 579 900 (бир миллион беш жүз жетимиш тогуз миӊ тогуз жүз) сом өлчөмүндө, акча каражаттарды үнөмдөөнүн эсебинен, Каракол шаарынын бюджеттик мекемелеринин электроэнергияга болгон карыздарын жабууга;
· 384 700 (үч жүз сексен төрт миӊ жети жүз) сом өлчөмүндө, эркин калдыктын эсебинен, Каракол шаарынын мэриясынын, Каракол шаардык Кеӊешинин, Пристань-Пржевальск аймактык башкармалыгынын аппарат кызматкерлеринин айлыктарын 50% га кошумча каржылоого;
· 500 000 (беш жүз миӊ) сом өлчөмүндө, эркин калдыктын эсебинен, «Биз тандаган кесиптер» фестивалын өткөрүүгө;
· 1 257 244 (бир миллион эки жүз элүү жети миӊ эки жүз кырк төрт) сом өлчөмүндө, акча каражаттарды үнөмдөөнүн эсебинен, жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнө, IV кварталда спорттук иш чараларды өткөрүүгө;
· 295 000 (эки жүз токсон беш миӊ) сом өлчөмүндө, акча каражаттарды үнөмдөөнүн эсебинен, Каракол шаарынын мэриясынын КТП жана ТТП, Каракол шаардык Кеӊешинин катчысынын тамактануулары жана жол кирелерине;
· 200 000 (эки жүз миӊ) сом өлчөмүндө, акча каражаттарды үнөмдөөнүн эсебинен,М.Б. Шазыдаевге материалдык жардамга;
· 129 600 (жүз жыйырма тогуз миӊ алты жүз) сом өлчөмүндө, акча каражаттарды үнөмдөөнүн эсебинен, Каракол шаарынын мэриясына КММды кошумча алууга;
· 10 000 (он миӊ) сом өлчөмүндө, акча каражаттарды үнөмдөөнүн эсебинен, №7 МАБтын электроэнергияга болгон карызын жабууга;
· 500 000 (беш жүз миӊ) сом өлчөмүндө, акча каражаттарды үнөмдөөнүн эсебинен, ККСТКна көрсөткөн кызматына;
· 5 000 000 (беш миллион) сом өлчөмүндө, акча каражаттарды үнөмдөөнүн эсебинен, полигонду рекультивациялоого;
· 233 621 (эки жүз отуз үч миӊ алты жүз жыйырма бир) сом өлчөмүндө, акча каражаттарды үнөмдөөнүн эсебинен, «Жашылдандыруу чарбасы» МИнын кызматкерлеринин айлык акыларын көтөрүүгө;
· 100 000 (жүз миӊ) сом өлчөмүндө, эркин калдыктын эсебинен, КМЖАга, делегаттарды ташууга;
· 4 000 000 (төрт миллион) сом өлчөмүндө, акча каражаттарды үнөмдөөнүн эсебинен, КМЖАга окуучуларды ташуу үчүн автобус сатып алууга;
· 751 000 (жети жүз элүү бир миӊ) сом өлчөмүндө пландын ашыкча аткарылгандыгынын эсебинен, Каракол шаарынын муниципалдык мүлктү башкаруусунун, мамлекеттик салык кызматынын Каракол шаары боюнча башкармалыгына болгон карызын жабууга;
· 700 000 (жети жүз мин) сом өлчөмүндө, айлык акылардан үнөмдөлгөн акча каражаттын эсебинен, Каракол шаарынын муниципалдык мүлктү башкаруусунун кызматкерлеринин айлык акыларын көтөрүүгө.
· 2 555 648 (эки миллион беш жүз элүү беш миӊ алты жүз кырк сегиз) сом өлчөмүндө, акча каражаттарды үнөмдөөнүн эсебинен, бокс залын оӊдотууга, чатырын алмаштырууга, залга кошумча бөлмө курууга;
2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл жүргүзүү экономика, бюджет, соода, өнөр-жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэрине жʏктѳлсʏн.
Төрага | Т.Ж. Акимканов |