Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 9-ноябры № 28-19/8
Акча каражатын бѳлʏʏ жѳнʏндѳ
Каракол шаарынын мэри Э.Дж.Джумаевдин, 2022-жылдын 21-октябрындагы, 2022-жылдын жергиликтʏʏ бюджеттин 9-айдагы аткарылышынын жыйынтыгы боюнча катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык Кеӊешинин экономика, бюджет, соода, өнөр-жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык Кеӊешинин XXVIII чакырылышынын XIX сессиясы,
токтом кылат:
1. Каракол шаарынын финансы башкармалыгы (Г.С.Толумбекова) 3 000 000 (ʏч миллион) сом ѳлчѳмʏндѳгʏ акча каражатын, Каракол шаарынын жергиликтʏʏ бюджетинин киреше бѳлʏгʏнʏн планы ашыкча аткарылгандыгынын эсебинен, ККСТК МИсине шаарды электроэнергия менен ʏзгʏлтʏксʏз камсыз кылуу ʏчʏн, материалдарды алууга бѳлʏп берсин.
2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл жүргүзүү экономика, бюджет, соода, өнөр-жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэрине жʏктѳлсʏн.
Төрага | Т.Ж. Акимканов |