Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 9-ноябры № 28-19/10
Субсидияны бѳлʏп берʏʏ жѳнʏндѳ
Каракол шаарынын мэри Э.Дж.Джумаевдин, 2022-жылдын 21-октябрындагы, 2022-жылдын жергиликтʏʏ бюджеттин 9-айдагы аткарылышынын жыйынтыгы боюнча катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык Кеӊешинин экономика, бюджет, соода, өнөр-жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык Кеӊешинин XXVIII чакырылышынын XIX сессиясы,
токтом кылат:
1. Каракол шаарынын финансы башкармалыгы (Г.С.Толумбекова) 6 900 225 (алты миллион тогуз жʏз мин эки жʏз жыйырма беш) сом ѳлчѳмʏндѳгʏ акча каражатын, субсидия тʏрʏндѳ, Каракол шаарынын жергиликтʏʏ бюджетине кирешелер боюнча планы ашыкча аткаргандыгынын эсебинен, “Суу тʏтʏк” МИсине бѳлʏп берсин.
2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл жүргүзүү экономика, бюджет, соода, өнөр-жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэрине жʏктѳлсʏн.
Төрага | Т.Ж. Акимканов |