Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 16-февралы № 51
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, «Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1) 408-берененин 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«6. Аткаруу документтерин мажбурлап аткартуу процессинде өткөрүлүүчү сооданы уюштуруунун жана өткөрүүнүн өзгөчөлүктөрү аткаруу өндүрүшү жөнүндө мыйзамдар менен белгиленет.».
2-берене
«Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 1 (2), 15-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 16-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
«Аткаруу документтерин мажбурлап аткартууну камсыз кылуу, ошондой эле аткаруу өндүрүшүнө катышкан мамлекеттик бийлик органдары, уюмдар, жактар менен электрондук түрдөгү маалыматты, электрондук документтерди алмашуу максатында сот аткаруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалыматтык системасын жана башка мамлекеттик маалыматтык системаларды колдонот.»;
2) 17-беренеде:
а) 1-бөлүктө:
- 3-пунктта «бузуулар» деген сөз «укук бузуулар» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«6) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары же мүлктүк өндүрүп алуу бөлүгүндөгү укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укуктуу кызмат адамдары чыгарган токтомдор;»;
б) 2-бөлүктүн экинчи абзацында «, буга ушул берененин 1-бөлүгүнүн 6-пунктунда көрсөтүлгөн учурлар кирбейт» деген сөздөр алынып салынсын;
в) берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын.
«3. Аткаруу документи тиешелүү актыны кабыл алган судья же кызмат адамы кол койгон, юридикалык күчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте электрондук кол менен ырасталган электрондук документ формасында берилиши мүмкүн.»;
3) 18-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
«Аткаруу документи электрондук документ түрүндө жөнөтүлгөн учурда ага электрондук кол коюлат, анын юридикалык күчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ырасталат.»;
4) 74-берененин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда «тоорукта» деген сөз «электрондук тоорукта» деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 78-беренеде:
а) 1-бөлүктө:
- биринчи абзацта «тоорук» деген сөз «электрондук тоорук» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- экинчи абзацта «тооруктарда сатылуучу мүлк жөнүндө маалыматты жалпыга маалымдоочу басма сөз каражаттарында жана» деген сөздөр «электрондук тооруктарда сатылуучу мүлк жөнүндө маалыматты» деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүктө «ошондой эле баасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген беш жүз эсептик көрсөткүчтө ашкан буюмдарын, бөлүнбөй турган, татаал буюмду, башкы буюмду жана аны менен жалпы багытта байланышкан (таандык) буюмду сатуу аукцион формасындагы ачык тооруктарды өткөрүү жолу менен» деген сөздөр «электрондук тооруктарды өткөрүү жолу менен» деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 3-бөлүктө «тооруктарды» деген сөз «электрондук тооруктарды» деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 80-берененин 3-бөлүгүнүн биринчи абзацында «Тооруктарда» деген сөз «Электрондук тооруктарда» деген сөздөргө алмаштырылсын;
7) 81-беренеде:
а) 1-бөлүктүн биринчи абзацында «тооруктарда» деген сөз «электрондук тооруктарда» деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүктө «тоорукту» деген сөз «электрондук тоорукту» деген сөздөргө алмаштырылсын;
8) 82-беренеде:
а) берененин аталышында «тооруктарда» деген сөз «электрондук тооруктарда» деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 1-бөлүктө «тооруктарды» жана «Тооруктарды» деген сөздөр «электрондук тооруктарды» жана «Электрондук тооруктарды» деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 2 жана 3-бөлүктөрдө «Тооруктарга» деген сөз «Электрондук тооруктарга» деген сөздөргө алмаштырылсын;
9) 83-беренеде:
а) берененин аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «83-берене. Электрондук тооруктарды өткөрүү жөнүндө кабарлоо»;
б) 1-бөлүктө:
- биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Электрондук торуктарды өткөрүү жөнүндө кулактандыруу уюштуруучу тарабынан аларды өткөрүүгө чейин жыйырма күндөн кечиктирбестен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында жарыяланууга тийиш.»;
- экинчи абзацта «, жери» деген сөз «жана датасы (күнү, айы, жылы)» деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 2-бөлүктө «тооруктарды» деген сөз «электрондук тооруктарды» деген сөздөргө алмаштырылсын;
10) 84-беренеде:
а) берененин аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «84-берене. Электрондук тооруктарды өткөрүү тартиби»;
б) 1 жана 2-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Аткаруу өндүрүшүнүн жүрүшүндө сот аткаруучу электрондук тооруктарды ушул Мыйзамда каралган тартипте ачык аукцион формасында өткөрөт.
2. Мүлктүн аукциону ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын электрондук соода аянтчасында өткөрүлөт.»;
в) 3-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
г) 4-бөлүктө:
- 1-пунктта «арыз» деген сөз «электрондук арыз» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- экинчи абзацта «Сот аткаруучунун аукционго катышууга арыздарды кабыл алуусу» деген сөздөр «Аукционго катышууга арыздарды кабыл алуу» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- үчүнчү абзацта «тооруктар аяктагандан» деген сөздөр «шертпулду кайра кайтаруу жөнүндө арыз берилгенден» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
д) 5-8-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«5. Аукцион электрондук тооруктар жөнүндө кабарда көрсөтүлгөн күнү саат 00:01де башталат жана ошол эле күнү саат 23:59да аяктайт.
Электрондук соода аянтчасында электрондук аукционду өткөрүүгө же аукциондук өткөрүү жол-жобосуна тоскоол болгон техникалык үзгүлтүк фактысы болгон учурда, электрондук соода аянтчасынын техникалык оператору бул аукционду улантуунун датасы жана убактысы жөнүндө катышуучуларга алдын ала билдирүү менен техникалык үзгүлтүк оңдолгон күндөн кийинки үч жумуш күндүн бирине которот.
Аукционду өткөрүү тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген жобо менен аныкталат.
6. Аукцион мүлктүн баштапкы баасынын 2 пайызынан кем эмес бааны өзгөртүү кадамы менен мүлктүн баасын жогорулатууга өткөрүлөт.
Аукцион аяктаган учурга карата алда канча жогорку бааны сунуш кылган катышуучу аукциондун жеңүүчүсү деп таанылат.
7. Аукциондун жеңүүчүсү аны аукциондун жеңүүчүсү деп таануу жөнүндө кабарды алгандан күндөн тартып жети күндөн кечиктирбестен сот аткаруучулар кызматынын бөлүмүнүн депозиттик эсебине аукцион башталаардын алдында өзү төккөн шертпулдун суммасын эсепке алуу менен мүлктүн толук сатып алуу наркын төгүүгө милдеттүү.
8. Жеңүүчү (сатып алуучу) жана сот аткаруучу аукциондун жеңүүчүсү мүлктүн толук сатып алуу наркын төккөндөн кийин аукциондун натыйжалары жөнүңдө протоколго кол коюшат. Протоколдун нускасы сатып алуучуга берилет.
Протокол келишимдин күчүнө ээ жана тиешелүү мамлекеттик органдарда мамлекеттик реестрлерге зарыл жазууларды киргизүү үчүн негиз болуп саналат.»;
е) 9-бөлүктө «протоколго кол коюудан качканда же» деген сөздөр алып салынсын;
ж) 10-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«10. Сот аткаруучу аткаруу өндүрүшү токтотулуп турган, токтотулган, аяктаган учурларда же болбосо аткаруу документи өндүрүп алуучуга кайра кайтарылган учурда же болбосо сот актысынын негизинде аукцион башталганга чейин бир күн мурда аны өткөрүүдөн баш тартат.»;
11) 85-беренеде:
а) 1-бөлүктө:
- биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Аукцион өткөн жок деп жарыяланат, эгерде:»;
- 3-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- 4-пунктта «тооруктар» деген сөз «электрондук тооруктар» деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2 жана 3-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында каралган учурларда аукционду өтпөй калды деп жарыялоо жөнүндө автоматташтырылган маалыматтык система электрондук отчет түзөт, ал аткаруу өндүрүшүнүн материалдарына тиркелет.
3. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 4-пунктунда каралган учурда аукционду өткөн жок деп жарыялоо жөнүндө сот аткаруучунун токтому аукционду уткан катышуучу мүлктүн наркын белгиленген мөөнөттө төлөбөгөндөн кийинки күнү кабыл алынат.»;
в) 4-бөлүктө:
- биринчи абзацта «сот аткаруучунун актысы же токтому» деген сөздөр «отчеттор» деген сөзгө алмаштырылсын;
- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
«Аукциондорду өткөн жок деп жарыялоо жөнүндө отчеттор менен байланышкан талаш-тартыштар сот аткаруучу тарабынан каралат.»;
г) 5-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«5. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 2 жана 4-пункттарында каралган учурду кошпогондо, эгерде аукцион болуп өтпөсө, шертпул аны төккөн адамдарга аукцион аяктагандан кийин үч жумушчу күндүн ичинде кайтарылып берилет. Бул учурда шертпул мамлекеттин пайдасына айлантылган кирешелерге жиберилет жана алгачкы электрондук тооруктар кайрадан дайындалат.
Шертпул аны төлөгөн адамдын арызынын негизинде кайтарылып берилет. Арызда банк реквизиттери көрсөтүлүүгө тийиш.».
3-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана 2024-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 23-февралындагы № 15 (3568) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |