Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2024-жылдын 17-апрели ПЖ № 101
"Келечекке салым" мамлекеттик балдар депозитин киргизүү жөнүндө
Томолой жетим калган балдардын өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, алардын ден соолугун, турак жай шарттарын жакшыртууга жана билим алууга укуктарын камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. 2024-жылдын 1-июнунан тартып Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган томолой жетим калган ар бир балага (Кыргыз Республикасынын жаранына жана кайрылманга) "Айыл Банк" ачык акционердик коомунда "Келечекке салым" мамлекеттик балдар депозити киргизилсин.
2. "Келечекке салым" мамлекеттик балдар депозиттериндеги акча каражаттары томолой жетим калган балдар он сегиз жашка толгондон кийин пайдаланылышы жана алардын тандоосу боюнча ден соолугун, турак-жай шартын жакшыртууга жана билим алууга колдонулушу мүмкүн деп белгиленсин.
3. Иштеп жаткан "Келечекке салым" мамлекеттик балдар депозиттерин жыл сайын республикалык бюджеттен толуктоо камсыз кылынсын.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
1) "Келечекке салым" мамлекеттик балдар депозитин ачуу, толуктоо жана каражаттарын тескөө тартибин бекитсин;
2) эсептөөлөрдү жүргүзсүн жана төлөөгө арналган акча каражаттарынын унификацияланган суммасын ар бир балага он сегиз жашка толгондо 500000 (беш жүз миң) сомдон кем эмес өлчөмдө белгилесин;
3) "Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү камсыз кылсын жана ушул Жарлыктан келип чыгуучу чараларды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджетте жыл сайын акча каражаттарын карасын;
4) өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
5. "Айыл Банк" ачык акционердик коомуна ушул Жарлыкты ишке ашыруу үчүн тиешелүү чараларды көрүү сунушталсын.
6. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумуш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 19-апрелиндеги № 30 (3583) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н.Жапаров |