Редакцияот 15.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси

2024-жылдын 15-апрели № 171-т

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен Азербайжан Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин ортосундагы Өз ара соода статистикасы жөнүндө маалымат алмашуу жаатындагы кызматташуу тууралуу протоколдун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен макулдук берилсин.

 

       Кыргыз Республикасынын

        Министрлер Кабинетинин

Төрагасынын биринчи орун басары

 

А.А. Касымалиев

 

 

 

Долбоор

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен Азербайжан Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин ортосундагы Өз ара соода статистикасы жөнүндө маалымат алмашуу жаатындагы кызматташуу тууралуу ПРОТОКОЛ

Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана Азербайжан Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети,

2004-жылдын 3-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Кирешелер боюнча комитет менен Азербайжан Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин ортосундагы Бажы иштери боюнча кызматташуу жана өз ара жардамдашуу жөнүндө макулдашууну (мындан ары - Макулдашуу) жетекчиликке алып,

өз ара сооданын бажы статистикасынын маалыматтарын үзгүлтүксүз алмашуу, мындай маалыматтарды салыштыруу жана алардагы дал келбестиктердин себептерин аныктоо Тараптардын мамлекеттеринин өз ара соодасынын бажы статистикасынын аныктыгын жогорулатууга көмөк көрсөтөрүн жана Тараптардын мамлекеттеринин бажы мыйзамдарын бузуулардын алдын алуунун, аныктоонун жана бөгөт коюунун натыйжалуулугуна оң таасирин тийгизерин көңүлгө алып,

төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:

1-берене.

Тараптар квартал сайып жана жылдын жыйынтыгы боюнча өз ара сооданын бажы статистикасынын маалыматтарын (мындан ары - бажы статистикасынын маалыматтары) нарктык жана натуралай түрдө ушул Протоколдун 1-тиркемесине ылайык өлкө боюнча Шайкеш келтирилген системанын 6 белгисинин деңгээлинде (жөнөтүлгөн, жеткирилген жана чыгарылган) алмашат.

2-берене.

Тараптардын ар бири экинчи Тараптын жазуу жүзүндөгү кайрылуусу боюнча дал келбестиктердин себептерин аныктоо талап кылынган товардык субпозицияларга карата толук маалыматты берет.

3-берене.

Тараптар ушул Протоколго ылайык алынган маалыматтарды бажы максаттарында гана пайдаланууга милдеттенме алат. Бул маалыматты берген Тараптын жазуу жүзүндөгү макулдугусуз аны өткөрүп берүү же башка максаттарда колдонуу мүмкүн эмес.

4-берене.

Тараптар өздөрүнүн түзүмдүк бөлүмдөрүн жана ушул Протоколдун жоболорун ишке ашыруу менен байланышкан маселелерди жөнгө салууну камсыз кылуучу кызматкерлерди (мындан ары - ыйгарым укуктуу өкүлдөр) аныктайт жана аларга түз байланыштарды ишке ашырууга ыйгарым укук берет. Тараптардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү ушул Протоколдун 2-тиркемесинде көрсөтүлгөн.

5-берене.

Маалыматты берүүнүн методологиялык, уюштуруучулук жана техникалык шарттарын Тараптар ыйгарым укуктуу өкүлдөр аркылуу жактырышы керек.

6-берене.

Ушул Протоколдун жоболорун ишке ашыруунун жүрүшүндө же чечмелөөдө Тараптардын ортосундагы келип чыгышы мүмкүн болгон талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер алардын ортосундагы консультациялар жана сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет.

7-берене.

Ушул Протоколдун алкагында Тараптардын ортосундагы өз ара аракеттенүү орус тилинде жүзөгө ашырылат.

8-берене.

Тараптардын өз ара макулдугу боюнча бул Протоколго өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө Протоколдор менен таризделет.

9-берене.

Бул Протокол анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө азербайжан Тараптын жазуу жүзүндөгү билдирүүсүн кыргыз Тарап дипломатиялык каналдар боюнча алган датадан тартып күчүнө кирет.

Бул Протокол 5 (беш) жылга түзүлөт жана эгерде Тараптардын бири да жазуу жүзүндө кезектеги колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин 6 (алты) айдан кечиктирбестен башка Тарапка дипломатиялык каналдар аркылуу ушул Протоколдун колдонулушун токтотуу ниети жөнүндө билдирбесе, кийинки беш жылдык мезгилдерге ар бир жолу автоматтык түрдө узартылат.

 

____________________ шаарында, 202___-жылдын "___" ______________ эки түп нускада, ар бири кыргыз, азербайжан жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Протоколдун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер келип чыккан учурда Тараптар орус тилиндеги текстке кайрылат.

 

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы үчүн

 

Азербайжан Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети үчүн

 

 

 

1-тиркеме

Өз ара соода жөнүндө маалымат берүү үчүн колдонулуучу ФОРМАТ

Талаанын аталышы

Сүрөттөлүшү

Узундугу

Талаанын түрү

Үтүрдөн кийинки белгилердин саны

KG

Респонденттин коду - KG/AZ

 

Текст

 

ЕI

Товарды алып өтүүнүн багыты:

I - импорт;

Е - экспорт

1

Текст

 

YEAR

Жыл

4

Текст

 

KVART

Убакыт мезгили

2

Текст

 

G 34

Товар чыгарылган өлкөнүн коду

2

Текст

 

G 15A

Жөнөтүүчү өлкөнүн коду

2

Текст

 

G 17A

Жеткирилген өлкөнүн коду

2

Текст

 

TOV

Товардын коду(6 белги)

6

Текст

 

G 46

Товардын статистикалык наркы (АКШ доллары менен)

17

Сан

2

G 38

Нетто салмагы (кг)

18

Сан

2

ED 1

Өлчөөнүн негизги бирдигинин коду (кг)

3

Текст

 

G 315A

Кошумча өлчөө бирдиги боюнча товардын саны

17

Сан

2

ED 2

Кошумча өлчөө бирдигинин коду

3

Текст

 

 

 

 

2-тиркеме

Түз байланышты сактоого ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана кызматкерлердин ТИЗМЕСИ

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынан

Азербайжан Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинен

Методологиялык маселелер боюнча:

Бажы статистика бөлүмү

 

тел.: (00 996 312) 51 21 18

e-mail: stat@customs.gov.kg

Статистика башкармалыгы

 

тел.: (+994 12) 404 22 00 (ички: 0365)

e-mail: ilqar.qasimov.9790@customs.gov.az

Техникалык маселелер боюнча:

Маалыматтык технологиялар башкармалыгы

 

тел.: (00 996 312) 51 17 81

e-mail: it@customs.gov.kg

Статистика башкармалыгы

 

тел.: (+994 12) 404 22 00 (внут.: 0563)

e-mail: vugar_guliyev@customs.gov.az