Редакцияот 28.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕШКЕНТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Бешкент айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 13-сессиясы

2023-жылдын 28- сентябры №75

Бешкент айыл өкмөтүнун туруктуу өнугуу программасынын 2023-жылга карата тузулгөн иш чарасына өзгөртуулөр киргизуу жана төмөнку иш чараларды киргизип беруу жөнундө

Бешкент айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 27-сентябрындагы №63 сандуу сунуш каты боюнча Бешкент айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Алимбеков Каныбектин Бешкент айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебине Тарнспорт, кошумча нарк салыгынан түшкөн (474,400) жана Бешкент айылынын Шоро участкасындагы жамааттык балдар бакчасына бөлунгөн 500 миң сом иштетилбей калган акча каражаттарын Бешкент айыл аймагындагы жумуштарды, товарларды жана кызматтарды сатып алуу үчүн бөлүп берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап Бешкент айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1.  Бешкент айыл өкмөтүнун туруктуу өнугуу программасынын 2023-жылга карата тузулгөн иш чарасына тиркемеге ылайык өзгөртуулөр киргизуугө макулдук берилсин.

 

2. Бешкент айыл аймагындагы төмөнку жумуштарды, товарларды жана кызматтарды сатып алуу максатында каралган 974,400 сом акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин. (тиркеме тиркелет).

 

3. Суралган 974,400 сом акча каражатын тиркемеде көрсөтулгөн жумуштарга жумшалсын.

 

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бешкент айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

О.Т.Баховотдинов

 

Бешкент айылдык кеңешинин VII чакырылышынын 28.09.2023 ж кезексиз 13-сессиясынын №75 токтомуна №1- тиркеме

 

№

Кандай максатка бөлүнөт

Сумма.миң.сом

1

Андархам айылынын чайханасыны ремонтоо

500

 

Жыйынтыгы

500-00

 

Катчы

И.Т.Баховодинов

 

Бешкент айылдык кеңешинин VII чакырылышынын 28.09.2023 ж кезексиз 13-сессиясынын №75 токтомуна №2- тиркеме

 

№

Кандай максатка бөлүнөт

Сумма.миң.сом

1

Кулунду жалпы дарыгерлер

борборунун”Бешкент”бөлүмүнүн чатырын кап. рем

50

2

Эски Оочу а. Тигүү цехин курулушунун

технадзор кызматына

135

3

Бешкент айылындагы тигүү цехин курулушунун технадзор кызматына

50

4

Бешкент а. жана Кайрагач а. жөө жүргүнчүлөр өтүүчү көпүрөлөрдү курулушунун технадзору кызматына

25

5

Бешкент айыл өкмөтүнүн имаратын жылытуу котелун алуу орнотуу

214,4

 

Жыйынтыгы

474,400

 

Катчы

И.Т.Баховодинов