Загрузка документа…
БОЗ-УЧУК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 12-июлундагы № 22
Укук бузуулар жѳнүндѳ протоколдорду түзүү, каттоо боюнча ыйгарым укуктуу кызматкерлерди бекитүү жана иш козгоо, кароо боюнча комиссия мүчѳлѳрүн бекитүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 сандуу укук бузуулар жѳнүндѳгү Кодексин жетекчиликке алып, Боз-Учук айыл аймагы боюнча укук бузуулар жѳнүндѳгү иштерге протоколдорду толтурууга, аларды каттоого алган ыйгарым укуктуу кызматкерлерди жана комиссия мүчѳлѳрүн бекитүү жѳнүндѳгү айыл өкмөтүнүн башчысы А.Орозбаковдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Боз-Учук айыл аймагынын айылдык кенеши токтом кылат:
1. Укук бузуулар жѳнүндѳгү иштерге протоколдорду толтуруу үчүн төмөндөгү адистер милдеттендирилсин:
У. Бекболотов – айыл өкмөтүнүн юристи;
2. Укук бузуулар жѳнундѳгү иштерди бирдиктүү каттоо реестрине протоколдорду каттоо юрист башкы адис У. Бекболотовго тапшырылсын.
3. Укук бузуулар жѳнүндѳгү иштерди козгоо жана кароо боюнча тѳмѳндѳгү комиссия курамы бекитилсин:
Мустапаев Э.-туруктуу комиссиянын төрагасы – комиссиянын тѳрагасы,
Жер маселелери боюнча башкы адис А. Адыгулов - тѳраганын орун басары,
Жергиликтүү кенештин катчысы Н. Байсалова – катчы,
Комиссиянын мүчөлөрү:
Социалдык кызматкер - А. Султанбаева;
Ичке-Жергез айыл башчысы- А. Абдыкасымов;
Боз-Учук айылыныи айыл башчысы- Э. Бекенов;
Жергиликтүү кенешинин депутаты - Н.Бактыбаева (макулдашуу менен);
Жергиликтүү кенешинин депутаты – М.Мадраимова (макулдашуу менен);
Аксакалдар сотунун төрагасы -Т. Алышпаев (макулдашуу менен).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук, укук коргоо, депутаттык этика жана жарандардын укугун жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча туруктуу комиссияга, жана токтомду аткаруу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Орозбаковго жүктөлсүн.
Төрага |
| Б. Термечиков |