Загрузка документа…
БОЗ-УЧУК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 20-сентябрындагы № 28
Боз-Учук айыл аймагынан 1000 чарчы метр жайыт жана бадалдар жайгашкан жер тилкелерин өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июнундагы №45 “Жер Кодексинин” 4, 13-статьяларынын, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Мыйзамынын 9-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу” токтомунун 2-пунктуна ылайык Кадастр мамлекеттик мекемесинин Каракол-Ак-Суу филиалынын корутундусунун негизинде Боз-Учук айыл аймагына караштуу Сырт өрөөнүндөгү № 220- контурунан 1000 чарчы метр жайыт жана бадал жер тилкелерин, айыл чарба категориясындагы жайыт жана бадалдар жайгашкан жер тилкелерин өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясына которууга даярдалган материалдарды карап чыгып Боз-Учук айыл аймагынын айылдык кенеши токтом кылат:
1. Боз-Учук айыл аймагынын Сырт өрөөнүндөгү №-220- контурунан 1000 чарчы метр айыл чарба категориясындагы жайыт жана бадалдар жайгашкан жер тилкелерин өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Боз-Учук айыл аймагына караштуу Сырт өрөөүндөгү №-220- контурунан 1000 чарчы метр айыл чарба категориясындагы жайыт жана бадалдар жайгашкан жер тилкелерин өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясына которуп берүү жагы Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Бул токтом МКК жарыялагандан кийин Ысык-Көл облустук юстиция башкармалыгына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн жана аткаруу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Орозбаковго жүктөлсүн.
Төрага |
| Б. Термечиков |