Редакцияот 9.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Майлуу-Суу шаардык кеңешинин IX- чакырылышынын кезексиз XXⅤ сессиясы

 

2024-жыл 9- апрели №25-9-9

 

“Майлуу-Суу шаарынын аймагында видео байкоону орнотуучу обьекттердин тизмесин бекитүү жөнүндө”

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын 2024-жылдын 27-февралындагы № 6906 сандуу тапшырмасын жетекчиликке алып, Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын 03.04.2024-ж чыг.№ 01-14-215 сандуу кайрылуу катын, шаардык кеңештин өнөржай, транспорт, коммуналдык чарба, энергетика, курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин карап чыгып, депутаттардын сунуштарын эске алып Майлуу-Суу шаардык кеңештин IX- чакырылышынын кезексиз XXV сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Шаардык мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгынын өкүлүнүн маалыматы жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.

 

  1. Майлуу-Суу шаарынын аймагында төмөнкү көрсөтүлгөн жайларга видео байкоочу камераларын орнотууга макулдук берилсин:

 

Ø  Ленин көчөсүндө жайгашкан “МС ЛЗ” ААК жана “Фатима” соода түйүнү жайгашкан аралыктары;

Ø  Ленин, Зябчук көчөлөрүнүн кесилиштери “ МЕГАКОМ” компаниясынын филиалынын аралыктары;

Ø  “Октябрь” кинотеатры  жана “Эрдик сквери” аралыктары;

Ø  Ленин жана М.Конгантиев (Мира) көчөлөрүнүн кесилиштери борбордук сейилдөө паркы;

Ø  З.Кутманова көчөсүнө;

Ø  Левобережная көчөсүнө өтүүчү автомобиль көпүрөсү жана “МС ЛЗ” ААК караштуу мурдагы типография имаратынын аралыктары.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышы шаардык мэрияга тапшырылсын.

 

  1. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо шаардык кеңештин өнөржай, транспорт, коммуналдык чарба, энергетика, курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Шаардык кеңештин төрагасы:

 

Н.Бостонов