Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 16-февралы № 68
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 279 "Мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндө ишкердик ишти өнүктүрүү жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну көбөйтүү боюнча кошумча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 279 "Мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндө ишкердик ишти өнүктүрүү жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну көбөйтүү боюнча кошумча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбула төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу, балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну көбөйтүү жана мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүнү өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:";
2) 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- юридикалык жана жеке жактар (жеке ишкерлер) билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтүлгөн кабарлоонун негизинде мектепке чейинки билим берүү программаларын ишке ашыруу боюнча билим берүү ишин жүзөгө ашырат;
- мектепке чейинки билим берүү кызматтары жеке ишкерлер тарабынан мектепке чейинки билим берүү кызматтарын уюштурууда балдардын болуу шарттарынын санитардык жана өрт коопсуздугунун минималдуу талаптарына ылайык турак жайларда көрсөтүлүшү мүмкүн;
- ыйгарым укуктуу салык органы отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө электрондук документ түрүндө алынган маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине жиберет.";
3) төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын;
"11. Мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүү жөнүндө кабарлоонун тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.";
4) 3-пунктта:
- "окутуу, сертификациялоо жана кабарлоо" деген сөздөр "окутуу жана сертификациялоо" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- "пилоттук режимде" деген сөздөр алып салынсын;
5) 5-пунктта:
- экинчи абзацта "жеке " деген сөз алып салынсын;
- үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- кабарлоо тартибинин негизинде юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө Кыргыз Республикасынын жарандарына маалымдасын;";
- төртүнчү абзацта "жеке ишкерлерди" деген сөздөр "юридикалык жактарды жана жеке ишкерлерди" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 6-пунктта "жеке ишкерлерге" деген сөздөр "юридикалык жактарга жана жеке ишкерлерге" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7) 7, 8-пункттарда "жеке ишкерлерди" деген сөздөр "юридикалык жактарды жана жеке ишкерлерди" деген сөздөргө алмаштырылсын;
8) ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакциядагы тиркеме менен толукталсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |
|
| Тиркеме |
|
|
Мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүү жөнүндө кабарлоонун ТАРТИБИ
1. Ушул тартип мектепке чейинки билим берүү программаларын ишке ашыруу боюнча билим берүү ишин жүзөгө ашырган юридикалык жактардын жана жеке жактардын (жеке ишкерлердин) кабарлоо берүү жол-жобосун аныктайт.
2. Юридикалык жактар жана жеке жактар (жеке ишкерлер) мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүү жөнүндө билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасындагы салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу кабарлайт. Кабарлоо тиркемеге ылайык мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүү башталган учурдан тартып 30 күндөн кечиктирбеген мөөнөттө электрондук форматта жөнөтүлөт.
3. Ыйгарым укуктуу салык органы күнүнө бир жолудан кем эмес билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүчү юридикалык жактардан жана жеке жактардан (жеке ишкерлерден) кабарлоонун келип түшүүсүнө жараша маалыматтарды электрондук форматта (документтердин реестри) жөнөтөт.
4. Билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган саламаттык сактоо жана өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдарга бирдиктүү идентификациялоо системасы аркылуу мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүчү адамдарды эсепке алуу маалыматтык системасындагы жеке кабинетке кирүүнү камсыз кылат. Мамлекеттик органдардын ортосунда электрондук форматта ведомстволор аралык маалымат алмашуу "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасынын негизинде жүзөгө ашырылат.
5. Саламаттык сактоонун жана өзгөчө кырдаалдардын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын маалыматтык системасындагы өзүнүн жеке кабинети аркылуу мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөткөн адамдар жөнүндө маалыматты болуунун жана окуунун санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиктин жана өрт коопсуздугунун талаптарына ылайык коопсуз шарттарын ырастаган маалыматтар менен толуктайт.
6. Билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалыматтык системасынын негизинде мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөткөн жактарды эсепке алуу үчүн жалпыга жеткиликтүү Юридикалык жана жеке жактардын (жеке ишкерлердин) реестри түзүлөт, анда төмөнкүдөй маалыматтар камтылат: юридикалык жакты (менчигинин түрүн көрсөтүү менен) жана жеке жакты (жеке ишкер) мамлекеттик каттоо, мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүү жөнүндө кабарлоонун жана өрт жана санитардык коопсуздук жөнүндө коштоочу корутундулардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн иш жүзүндөгү дарегинин болушу. Мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүчү жактардын реестриндеги маалыматтар жеке маалыматтарды коргоо жана ишкердик иш жүргүзүү жөнүндө мыйзамдарга ылайык жайгаштырылат.
МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ КЫЗМАТТАРЫН КӨРСӨТКӨН ЖАКТАР ҮЧҮН КАБАРЛОО ФОРМАСЫ
Сүрөт.".