Редакцияот 11.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 36 сессиясы

2024-жылдын 11-апрели  № 36/138

Кызыл-Кыя шаардык оорулардын алдын алуу, мамлекеттик санэпидкөзөмөл борборунун жана ветеринардык кызматынын аткарган иштери жөнүндө

 

 

Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2021-жылды 20-октябрындагы №123 мыйзамынын 34-беренесине негиз, маселе шаардык кенештин Социалдык өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар саясаты, маданият, миграция, жумушсуздук, спорт жана туризм маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 26-мартындагы №19 жана 2024-жылдын 1-апрелиндеги №20 протоколдору менен каралгандыгын эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кенешинин сессиясы

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1.     Кадамжай район аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун Кызыл-Кыя шаардык бөлүмүнүн (СЭС) жана  Кадамжай райондук ветеринардык башкармалыгынын Кызыл-Кыя шаардык ветеринардык участкасынын 2023-жылы жана 2024-жылдын январь-февраль айларында   аткарган иштери жөнүндө маалыматтары эске алынсын.

 

2.     Кадамжай район аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун Кызыл-Кыя шаардык бөлүмүнүн башчысы А.Сатыбалдыевге милдеттендирилсин:

 

-       инфекциялык ооруулардын алдын алуу максатында, калк арасында профилактикалык жана түшүндүрүү иштерин туруктуу жүргүзүүнү активдештирүү;

-       калктын ден соолугуна кам көрүү максатында көчөлөрдө, базарда сатылып жаткан тамак-аш-эт продуктыларынын сакталуусу жана сатылуусу (айрыкча жаз-жай айларында тез бузулуучу тамак-аштар), коомдук тамак-аш жайларынын санитардык-гигиеналык абалын көзөмөлгө алуусун күчөтүү;

-       навайканалардын санитардык абалын жана бышырылып жаткан нандардын сапатын текшерүү жана чара көрүү;

-       жугуштуу ооруулардын алдын алуу максатында, менчигинин түрүнө карабай медициналык кызматкерлердин, билим берүү мекемелеринин  кызматкерлеринин жана тамак-аш сатуучу жайлардын кызматкерлеринин санитардык кароодон өтүп, санитардык китепчелеринин толтурулуусуна көзөмөлдү күчөтүү;

-       эмканада колдонуучу медициналык аппараттардын дезинфекциялоодон өтүүсүнө, медициналык кызматкерлердин санитардык-эпидемиологиялык нормаларды сактоосуна өзгөчө көзөмөл жүргүзүү ;

 

 

 

 

 

-       мектепке чейинки балдардын, окуучулардын жана студенттердин ден соолугуна кам көрүү максатында, бала бакчаларда, мектептердин класстарындагы жана окуу жайлардын окуу корпустарындагы температуралык режимдердин сакталышына жана балдарга даярдалуучу тамак-аштын сапатына көзөмөлдөө жүргүзүү;

-       Кызыл-Кыя шаарындагы жана Караван айылындагы коомдук ажатканалардын абалын текшерүү жана чара көрүү;

-       өлгөн мал жандыктарын жана жолбун иттерди таштоочу “ Беккарь” чункурун, шаардын таштанды таштоочу жайларын, таштанды таштоочу полигонду  ар жума сайын дезинфекциялоону жүргүзүү жана аткарылган иштер боюнча шаардык кеңешке маалымат берүү.

 

 

3.     Кызыл-Кыя шаарынын борбордук “Таштемир ажы” базарын таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана ашканалардын канализацияга уланышын текшерүү үчүн комиссия курамын түзүү жана аткарылган иштер боюнча шаардык кенешке маалымат берүү Кызыл-Кыя шаарынын мэри А.Маткалыковго жүктөлсүн.

 

4.     Кызыл-Кыя шаарынын борбордук “Таштемир ажы” базарындагы коомдук тамактануучу жайларды 3 айлык мөөнөттө таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана аларды борбордук канализацияга туташтыруу базардын жетекчиси  Эшмурзаев Таалайга жүктөлсүн жана аткарылган иштер боюнча шаардык кеңешке маалымат берилсин. 

 

5.     Кадамжай райондук ветеринардык башкармалыгынын башчысы С.Калыковго жана Кызыл-Кыя шаардык ветеринардык участкасынын инспектору Э.Алиевге милдеттендирилсин:

-       мал жандыктарынан жугуучу инфекциялык (кутурма, бруцеллез, сибирь жарасы ж.б.у.с.) ооруулардын алдын алуу максатында, калк арасында профилактикалык жана түшүндүрүү иштерин туруктуу жүргүзүү;

-       Кызыл-Кыя шаарынын аймагына кирүүчү мал жандыктарынын жана базарларда, дүкөндөрдө сатылуучу эттердин ветеринардык-лабораториялык текшерүүдөн өтүүсүн камсыздоо;

-       шаардын аймагында мал жандыктарынын жана иттердин санын тактоо, учетко алуу жана алардын өз убагында эмдөөдөн өтүүсү үчүн вакциналар менен камсыздоо;

-       2024-жылдын 15-майына чейин мал жандыктарынын эмдөөсүн аяктоо.

 

6.     Шаардын “Тазалык” муниципалдык ишканасынын башчысы К.Шератовго милдеттендирилсин:

-       шаар тургундарынын коопсуздугу үчүн жолбун иттерди атууну жүргүзүү жана аларды убагында алып чыгып “Беккарь” чуңкуруна көмүүнү уюштуруу.

 

7.     Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Кыя шаардык    кеңешинин Социалдык өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар саясаты, маданият, миграция, жумушсуздук, спорт жана туризм маселелери боюнча  туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                                                                                  Ж. Калматов