Редакцияот 11.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 36 сессиясы

2024-жылдын 11-апрели  № 36/138

Кызыл-Кыя шаардык ички иштер бөлүмү (ШИИБ) боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу бөлүмчөсүнүн (ЖКККБ) шаарда жол-транспорт кырсыктарынын алдын алуу, жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө

 

 

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 мыйзамынын 34-беренесине негиз, шаардык кеңештин Ишкерлер, өнөр–жай, транспорт, коммуникация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 26-мартындагы №32 протоколун жана Кызыл-Кыя ШИИБ боюнча ЖККБ башчысы Ш.Айдаровдун 2024-жылдын 13-мартындагы № 34-/579 катын эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ  кылат:

 

1.     Кызыл-Кыя шаардык ички иштер бөлүмү боюнча ЖКККБнүн жол–транспорт кырсыктарынын алдын алуу, жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча аткарган иштери жөнүндөмаалыматы  эске алынсын.

 

2.     Кызыл-Кыя шаардык ички иштер бөлүмү боюнча ЖКККБнүн башчысына (Ш.Айдаров) милдеттендирилсин:

 

–      шаарда жол коопсуздугун камсыз кылууга зарыл болуп жетишпеген жол чырактары (светофорлору), жол белгилери, жол сызыктары жана жолдордун абалын көзөмөлдөө жана алардын абалы боюнча маалыматтарды шаардык кеңешке берип туруу;

 

–      шаардын Асаналиев көчөсүнүн “Таштемир ажы базарынын” жанындагы жана башка көчөлөрдө болуп жаткан автотыгындарды азайтуу боюнча максаттуу иштерди алып баруу;

 

–      жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенген транспорт каражаттары катышкан жол транспорт кырсыктарын болтурбоо максатында транспорттордун техникалык абалын текшерүү жана профилактикалык иштерди жүргүзүү;

 

–      жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жазгы жана күзгү текшерүүдөн өткөрүү.

 

3.     Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментине

  (И.Салиев) милдеттендирилсин:

 

-       шаарда жол коопсуздугун камсыз кылууга зарыл болуп жетишпеген жол чырактарды (светофорлорду), жол белгилерин орнотуу, өчүп кеткен жол сызыктарын, жөө жүрүүчүлөр өткөөлдөрү  (зебраларды) жаңылоо иштерин жүргүзүү жана алардын дайыма оң абалда болуусун камсыз кылуу;

 

–      жыл сайын шаардын ички жолдорунун бузулуп кеткен чуңкурларын ондоп жамоо иштерин сапаттуу белгиленген көлөмдө жүргүзүү;

 

 

 

 

–      ар түрдүү себептер менен жолдордун казылган жерлерин бүтөп,  калыбына келтирүүнү камсыз кылуу;

 

–      жыл сайын шаардын ички жолдорунун бузулуп кеткен чункурларын ондоп жамоо иштерин сапаттуу, белгиленген көлөмдө жүргүзүү жагы.  

 

4.     Кулатов көчөсүнө светофор, лотокторду орнотуу үчүн тийиштүү мекеме-ишканалар менен иш жүргүзүү жагы шаар мэри А.Маткалыковго жүктөлсүн.

 

5.     Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ишкерлер, өнөр–жай, транспорт, коммуникация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

 

 

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                                                                                  Ж. Калматов