Редакцияот 11.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 36 сессиясы

 

2024-жылдын 11-апрели  № 36/140

 

 КР “Газпром Кыргызстан” ЖЧК ишканасынын Кызыл–Кыя шаардык бөлүмүнүн шаар калкын жаратылыш газы менен камсыз кылууну жакшыртуу боюнча 2023-жылда жүргүзгөн иштери жана 2024-жылга иш пландары жөнүндө

 

 

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 мыйзамынын 34-беренесине негиз, шаардык кеңештин Ишкерлер, өнөр–жай, транспорт, коммуникация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 26-мартындагы №32 протоколун жана Кызыл-Кыя газ участкасынын жетекчиси Б.А.Темирбаевдин 2024-жылдын 13-мартындагы катын эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ  кылат:

 

  1. “Газпром Кыргызстан” ЖЧК “Ошгаз” филиалынын Баткен газ тейлөө кызматынын Кызыл-Кыя газ участкасынын жетекчиси Б.А.Темирбаевдин маалыматы эске алынсын.

 

  1. Кызыл-Кыя газ участкасынын жетекчиси Б.А.Темирбаевге сунушталсын:

 

-       Кызыл-Кыя шаарынын калкынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында табийгый газ тартылган көчөлөрдөгү, көп кабаттуу жана жеке менчик үйлөрдөгү газ түтүкчөлөрүнүн (задвижка, крандарды)  абалын үзгүлтүксүз  техникалык кароодон жана ремонттон өткөрүп туруу жагы;

 

-       Кызыл-Кыя шаарынын табийгый газ тартылбаган аймагына газ тартуу боюнча иштерди жүргүзүү үчүн КР “Газпром Кыргызстан” ЖЧК ишканасынынжетекчилиги менен активдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп чечүү жагы;

 

  1. Аткарылган иш-чаралар жөнүндө шаардык кеңешке маалымат берүү жагы        Кызыл-Кыя газ участкасынын жетекчиси Б.А.Темирбаевге жүктөлсүн.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ишкерлер, өнөр–жай, транспорт, коммуникация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                                                                                  Ж. Калматов