Редакцияот 11.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 36 сессиясы

2024-жылдын 11-апрели  № 36/143

 

Көчөлөрдүн атын өзгөртүү жөнүндө

 

 

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 мыйзамынын 34-беренесине негиз, шаардык кеңештин Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия(диний) жана улуттар аралык маселелери  боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 15-мартындагы №33 жана 2024-жылдын 1-апрелиндеги №34 протоколдорун эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ  кылат:

 

  1. Кызыл-Кыя шаарынын Караван аймактык башкармалыгына караштуу “Пост ГАИ” участкасынын батыштан чыгышты карай 2-көчөсүнүн аты өзгөртүлүп,  Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, маркум Алимкулов Жаликулдун ысымы ыйгарылсын. 

 

  1. Кызыл-Кыя шаарынын Караван аймактык башкармалыгына караштуу “Пост ГАИ” участкасынын батыштан чыгышты карай 3-көчөсүнүн аты өзгөртүлүп, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, маркум Кадыров Калыктын ысымы ыйгарылсын. 

 

  1. Кызыл-Кыя шаарынын Караван аймактык башкармалыгына караштуу Новая көчөсүнүн түштүктөн түндүктү карай 1-көчөсүнүн аты өзгөртүлүп, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, маркум Абдуллаев Бабанын ысымы ыйгарылсын.

 

  1. Жогорудагы көчөлөрдү жашылдандырууга, жарыктандырууга, инфраструктурасын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү жагы көчөлөргө ысымы ыйгарылган ардагерлердин туугандарына, неберелерине сунушталсын.

 

  1. Токтомго ылайык тийиштүү иш-кагаздарын даярдоо, кабыл алынган токтомду  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы “КАДАСТР” мамлекеттик мекемесинин Кызыл-Кыя шаарындагы филиалына, Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин Кызыл-Кыя шаардык “03-03” аймактар аралык бөлүмүнө каттоого жана аткарууга жөнөтүү, тургундарга маалыматты жеткирүү менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы Кызыл–Кыя шаарынын мэриясына тапшырылсын.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия(диний) жана улуттар аралык маселелери  боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                                                                                  Ж. Калматов