Редакцияот 11.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 36 сессиясы

2024-жылдын 11-апрели  № 36/144

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 токтомун аткаруу жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын аймагында жүргүзүлүп жаткан аймактык территориалдык реформанын алкагында (АТР), Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 27-октябрындагы      №125 “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын 30-беренесин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын            7-февралындагы №52 токтомун жетекчиликке алып, шаардык кенештин Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын         2024-жылдын 8-апрелиндеги №69 протоколун эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1.    Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин төрагасынын 2024-жылдын 8-апрелиндеги          №01-17/17 буйругу бекитилсин.

2.    Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин төрагасы Ж.Калматовго Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 токтомунун негизинде иш алып баруу милдеттендирилсин.

3.    Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 токтомунун негизинде Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин 4 административдик муниципалдык штаты кыскаргандыгына байланыштуу, алардын кызматтык милдеттери шаардык кенештин техникалык тейлөө персоналына жүктөлөрүн жана техникалык тейлөө персоналынын эмгек маянасы аз экендигин эске алып, Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 1-августундагы №433 токтомунун 4-пунктун жетекчиликке алып, шаардык кенештин ишинин эффективдүүлүгүн жогорулатуу максатында, шаардык кенештин SMM-адис кызматынын эмгек акысын 70% га,  иш кагаздарын жүргүзүүчү катчысынын эмгек акысын 30% га  жогорулатууга уруксат берилсин.

4.    Кызыл-Кыя шаардык кеңешине тазалоочу 1 штат бирдиги (техничка) бекитилип берилсин.

 

5.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                                                                                  Ж. Калматов