Редакцияот 9.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

Майлуу-Суу шаардык кеңештин IX чакырылышынын кезексиз

XXV сессиясынын № 25-9-2 токтомуна 1 тиркеме

Төрага________Н.Бостонов

 

 

“Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын убактылуу жобосу”

 

1. Жалпы жоболор

1. Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын (Мындан ары мэрия) ушул Убактылуу жобосу юридикалык жакты юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каттоодо колдонуу үчүн иштелип чыккан жана шаардын мэриясынын иш-аракетин жөнгө салат.

2. Мэрия жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу органы болуп саналат жана өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырат.

3. Мэрия юридикалык жак болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, өзүнүн фирмалык аталышы жазылган штамптары жана бланктары жана башка тиешелүү атрибуттары болот.

Мэриянын фирмалык аталышы:

- мамлекеттик тилде – “Майлуу-Суу шаарынын мэриясы” мекемеси;

- расмий тилде – учреждение «Мэрия города Майлуу-Суу».

Кыскартылган фирмалык аталышы:

- мамлекеттик тилде – “Майлуу-Суу шаарынын мэриясы” мекемеси М-я;

- расмий тилде – у-е «Мэрия города Майлуу-Суу».

Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад облусу, Майлуу-Суу шаары, Ленин көчөсү, № 135 а.

4. Мэрия өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, ошондой эле “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.

5. Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексине жана “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мэрия өзүнүн атынан мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды сатып алууга жана ишке ашырууга, өз мүлкүнө ээлик кылууга, пайдаланууга жана тескөөгө, ошондой эле келишим түзүүгө, мүлктү сатып алууга, ижарага алууга жана ээликтен ажыратууга, сотто доогер жана жоопкер болууга укуктуу. Мэриянын мүлктүк укуктары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык корголууга тийиш.

6. Мэрия Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте муниципалитеттер аралык жана эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашырат.

 

2. Шаардык мэриянын ишинин уюштуруучулук-укуктук негиздери

7. Шаардын мэриясынын компетенциясы, шаардын мэрин кызматка дайындоонун жана кызматтан бошотуунун тартиби, мэриянын ишинин финансылык-экономикалык негиздери “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелери жөнүндө кодекси жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.

8. Мэриянын түзүмү жана штаттык расписаниеси (ырааттамасы) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен типтүү түзүмдүн жана штаттык расписаниенин негизинде мэр тарабынан бекитилет.

9. Мэрия шаардык кеңештин депутаттарына өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда, шайлоочулардын алдында отчетторду даярдоодо жана өткөрүүдө көмөк көрсөтөт.

10. Мэрия өз ишинде шаардык кеңешке, ал эми берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга отчетуу болот.

11. Шаар мэриясынын аппаратында документтер менен иштөөнү уюштуруу жана иш кагаздарын жүргүзүү боюнча эрежелер архив мыйзамдарынын жана документтик иш кагаздарын жүргүзүү боюнча мыйзамдардын негизинде шаардын мэриясынын регламенти менен белгиленет.

           

3. Мэриянын актыларынын милдеттүүлүгү

12. Мэриянын атынан актыларды (чечимдерди) мэр токтом жана тескеме формасында чыгарат, эгерде актылардын өзүндө башкача каралбаса, аларга кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

13. Токтомдор Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын негизинде жана аларды аткаруу максатында чыгарылат. Тескемелер оперативдүү, уюштуруу жана кадр маселелери боюнча чыгарылат.

14. Чыгарылган актылар өзгөртүлүшү, толукталышы, жокко чыгарылышы же күчүн жоготту деп табылышы мүмкүн.

15. Мэриянын чечимдери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына каршы келбөөгө тийиш.

16. Мэриянын чечимдери шаардын аймагында милдеттүү юридикалык күчкө ээ.

4. Мэрияга келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик

17. Мэриянын мүлкүнө келтирген зыян үчүн ишканалар (бирикмелер), уюмдар жана мекемелер, жарандар мэриянын алдында мүлктүк жоопкерчилик тартышат.

18. Мэриянын мыйзамдуу кызыкчылыктары сот тартибинде корголот.

5. Корутунду жоболор

19. Убактылуу жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор шаардын мэринин чечими менен киргизилет.

 

 

Майлуу-Суу шаарынын мэри:

Н.Умаров