Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 533 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 27-февралы № 83
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 95 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 59, 85, 127, 130, 131, 329, 414 жана 415-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 127-131-беренелерин ишке ашыруу, рейддик салык контролун уюштуруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана салык постун орнотуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 95 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 59, 85, 127, 130, 131, 329, 414 жана 415-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген 1-3-тиркемелер ушул токтомдун 1-3-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
|
|
|
|
|
Рейддик салык контролун жүргүзүү жана материалдарын тариздөө ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Рейддик салык контролун жүргүзүү жана материалдарын тариздөө тартиби (мындан ары - Тартип) Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 51, 59, 60, 127-130, 132-136-беренелерине ылайык иштелип чыккан.
2. Ушул Тартиптин максатында төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
1) жазма буйрук - Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарын сактоо боюнча ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасы аркылуу таризделген рейддик салык контролун жүргүзүүгө укук берүүчү документ;
2) кызматкер - белгиленген тартипте берилген жазма буйруктун негизинде рейддик салык контролун жүргүзүүчү салык кызматынын органынын кызмат адамы;
3) субъект - уюштуруу-укуктук формасына, иштин түрүнө, баш ийүүсүнө жана менчигинин түрүнө карабастан экономикалык иш жүргүзгөн жана/же салык салуу объекттери бар жеке жак, жеке ишкер, уюм, обочолонгон бөлүм;
4) субъекттин жооптуу адамы - субъект менен эмгек мамилелеринде болгон же субъекттин кызыкчылыгында белгилүү иш-аракеттерди аткарган (анын ичинде келишим боюнча) жеке жак;
5) калыс-күбө - жашы жеткен, кызматкер тарабынан тигил же бул фактыны тастыктоо үчүн тартылган жана болгон жагдайдын жыйынтыгына кызыкдар эмес адам. Салык органынын кызматкери тарабынан тиешелүү актыларды толтурууда өзүнүн колун коюу менен катышкандыгын тастыктайт. Фактыны тастыктоо үчүн экиден кем эмес калыс-күбө тартылат;
6) Х-отчет - отчетту түзүү учурунда нөөмөттүк эсептешүү операцияларынын жыйынтыгынын орто аралык отчету (контролдук кассалык машинанын (мындан ары - ККМ) өчүрүлбөгөн контролдук чеги);
7) орто аралык отчет - товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү эсепке алуунун программалык каражаттары аркылуу түзүлүүчү, белгилүү бир убакыт мезгилине акы төлөөгө көрсөтүлгөн документтердин суммалары боюнча маалыматты камтыган отчет;
8) Z-отчет - нөөмөттү жабуу операциясын жүргүзүүдө түзүлүүчү нөөмөттүк эсептешүү операцияларынын жыйынтыгынын отчету (өчүрүлгөн ККМдин контролдук чеги);
9) рейддик салык контролунун актысы (мындан ары - РСК актысы) - ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча рейддик салык контролунун жыйынтыктары таризделүүчү документ;
10) мүлктү убактылуу алып коюу актысы (мындан ары - мүлктү алып коюу актысы) - ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча таризделген, алып коюлган мүлк жөнүндө маалыматтар көрсөтүлүүчү документ;
11) тоскоолдук көрсөтүү актысы - ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча таризделген кызматкердин жана/же салык кызматынын органынын мыйзамдуу талаптарын аткарбоо фактысы көрсөтүлгөн документ;
12) контролдук сатып алуу - ККМди колдонуунун талаптарын жана тартибин сактоону, анын ичинде калкка контролдук-кассалык чектерди берүүнү контролдоо үчүн салык органынын кызмат адамы же тартылган жеке жак тарабынан аз сандагы товарларды сатып алуу же субъекттер менен бүтүмдөрдү түзүү жолу менен мезгил аралыгы чектелбестен жүзөгө ашырылуучу текшерүү методу;
13) уруксат берүүчү документтер - салык кызматынын органдары тарабынан алардын компетенциясынын чегинде берилүүчү экономикалык ишти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон документтер (жеке ишкер катары мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүк, патент, камсыздандыруу полиси), ошондой эле уюмдардын жана обочолонгон бөлүмдөрдүн мамлекеттик каттоодон өткөндүгүн тастыктаган документтер;
14) укук бузуулар жөнүндө ишти кароо боюнча комиссия - түзүү жана иштөө тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген укук бузуулар жөнүндө ишти кароого ыйгарым укук берилген кызмат адамдарынан турган комиссия.
2-глава. Рейддик салык контролуна талаптар
3. Рейддик салык контролу Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын төмөнкү талаптарынын сакталышын текшерүү үчүн ишке ашырылат:
1) салык төлөөчүнүн салыктык жана эсептик каттоосуз экономикалык ишти жүзөгө ашыруу;
2) ККМди колдонуу боюнча Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын аткаруу;
3) патенттин негизинде салык төлөө жана анын жүргүзүлүп жаткан иштин түрүнө шайкештиги;
4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте товарлардын кыймылын эсепке алууда жана контролдоодо контролдук пломбаларды жана коштоочу документтерди колдонуу;
5) жалданма кызматкерлерди эсепке алуунун толуктугу, киреше салыгын жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде белгиленген салык төлөөчүнүн кызыкчылыгында милдеттерди аткаруу боюнча ыйгарым укуктарды ырастоочу документтердин болушу;
6) жергиликтүү салыктарга карата салык базасынын жана салык салуу объекттеринин физикалык көрсөткүчтөрүнүн тууралыгы;
7) Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарына ылайык эсепке алууну жүргүзгөн жактардан тышкары, ККМ бузук болгондо, жеке ишкер тарабынан сатып алуу жана сатууларды квитанциялардын бланктарын эсепке алуу китебине каттоосу;
8) акциздик товарларды идентификациялоо каражаттары же акциздик маркалар менен белгилөө жана алардын аныктыгы;
9) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте акциздик жана маркалануучу товарларды эсепке алуунун автоматташтырылган системаларын колдонуу;
10) товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүгө жана/же сатып алууга баштапкы эсепке алуу документтеринин болушу;
11) Евразия экономикалык бирлигине (мындан ары - ЕАЭБ) мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизилген товарлар боюнча импортко салыктын төлөнүшү жана документтердин болушу.
4. Рейддик салык контролу өзүнчө салык төлөөчүгө, салык төлөөчүлөрдүн тобуна, ошондой эле белгилүү бир участокко (аймакка) карата жүргүзүлүшү мүмкүн.
5. Рейддик салык контролу контролдук сатып алууну кошпогондо, кайсы бир салык төлөөчүгө же анын обочолонгон бөлүмүнө карата жылына 12 жолудан көп эмес жүргүзүлөт.
6. Рейддик салык контролу субъекттин иш режиминде жүргүзүлөт.
3-глава. Жазма буйрук
7. Рейддик салык контролу ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча салык кызматынын органы тарабынан берилген жазма буйруктун негизинде жүргүзүлөт.
8. Рейддик салык контролун жүргүзүү укугуна жазма буйрук ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасы аркылуу кагаз же электрондук формада таризделет. Электрондук формадагы жазма буйрукка ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасында салык кызматынын органынын жетекчисинин же салык кызматынын органынын жетекчиси тарабынан ыйгарым укук берилген адамдын электрондук колу коюлушу (тастыкталышы) керек. Аны кагаз түрүндө басып чыгарууда жетекчинин колу коюлат жана гербдүү мөөр менен күбөлөндүрүлөт.
9. Жазма буйрук өзүнчө салык төлөөчүгө, салык төлөөчүлөрдүн тобуна, ошондой эле белгилүү бир участокко (аймакка) да берилиши мүмкүн.
10. Жазма буйрукта төмөнкү маалымдаректер көрсөтүлөт:
1) жазма буйрукту каттоо датасы жана номери;
2) жазма буйрукту берген салык кызматынын органынын аталышы;
3) кызматкердин аты-жөнү жана кызматтык күбөлүгүнүн номери;
4) рейддик салык контролуна алынууга тийиш болгон аймактын жана/же участоктун, субъекттин аталышы жана анын идентификациялык салык номери (мындан ары - ИСН);
5) салык мыйзамдарына, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана спирт камтыган продукцияны жүгүртүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык рейддик салык контролуна алынууга тийиш болгон маселелердин тизмеги;
6) рейддик салык контролун жүргүзүүгө негиз;
7) рейддик салык контролун жүргүзүү мөөнөтү;
8) жазма буйруктун колдонуу мөөнөтүн узартууда, узартуунун мөөнөтү көрсөтүлөт, жетекчинин колу коюлат жана гербдүү мөөр менен күбөлөндүрүлөт. Электрондук түрдөгү жазма буйруктун мөөнөтү узартылган учурда, жазма буйрукка ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасында жетекчинин электрондук колу коюлат (тастыкталат).
11. Жазма буйруктун колдонуу мөөнөтүн узартуу өзүнчө салык төлөөчүгө жазылган жазма буйруктар боюнча гана төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлөт:
1) жазма буйруктун колдонуу мөөнөтүнүн мезгилинде субъект жана субъекттин жооптуу адамы жок болгон учурда рейддик салык контролун жүргүзүү мөөнөтүнүн жетишсиздиги.
Субъекттин жана субъекттин жооптуу адамынын жоктугунун фактысы текшерүү актысы менен ырасталат жана текшерилип жаткан объектте иш жүзүндө болгон субъекттин өкүлү жана кызматкери тарабынан кол коюлат;
2) товардык-материалдык баалуулуктардын калдыктарын алуу боюнча иш-аракеттер же жол-жоболор аякталбагандыгына байланыштуу мөөнөттүн жетишсиздиги.
12. Жайгашкан жерге келгенден кийин субъектке төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) жазма буйрукта көрсөтүлгөн кызматкердин кызматтык күбөлүгү;
2) таанышуу жана арткы бетине кол коюу үчүн кагаз жүзүндөгү жазма буйруктун түп нускасы же болбосо аны таанышуу жана графикалык кол коюу үчүн тийиштүү алып жүрүүчүдө электрондук түрдө берүү. Өз ара макулдашуу боюнча кызматкер электрондук түрдөгү жазма буйрукту таанышуу үчүн субъекттин электрондук дарегине же мессенджерине жөнөтө алат.
Жазма буйрук менен таанышуудан баш тарткан учурда баш тартуу жөнүндө маалымат тийиштүү алып жүрүүчүдө же кагаз жүзүндөгү жазма буйрукта көрсөтүлөт. Жазма буйрук менен таанышуудан баш тартуу рейддик салык контролун жүргүзүү үчүн тоскоолдук болуп саналбайт.
13. Жазма буйрук ар бир РСК актысынын жыйынтыгын толтуруу менен жабылат. Ар бир субъект жөнүндө жазма буйрукту жабууда рейддик салык контролунун жыйынтыгына жараша маалымат көрсөтүлөт.
Бузуулар аныкталган учурда ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасында рейддик салык контролунун натыйжалары боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө маалымат көрсөтүлөт.
Бузуулар жок болгон учурда ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасында "бузуулар аныкталган жок" деген маалымат көрсөтүлөт.
14. Ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасына киргизилген маалыматтардын негизинде ыйгарым укуктуу салык органынын кызмат адамдары рейддик салык контролунун жыйынтыгы боюнча "бузуулар аныкталган жок" деген маалымат көрсөтүлгөн субъекттерге карата кошумча рейддик салык контролун жүргүзүүгө укуктуу.
15. Субъект ыйгарым укуктуу салык органынын сайтынын жазма буйруктар бөлүгүндө жазма буйруктун номерин көрсөтүү же электрондук түрдөгү жазма буйрукта жайгаштырылган QR-кодду колдонуу менен жазма буйруктун аныктыгын текшерүүгө укуктуу.
4-глава. Рейддик салык контролун уюштуруу
16. Рейддик салык контролуна алынууга тийиш болгон субъекттин жайгашкан жерине келгенден кийин кызматкер төмөнкүлөрдү аныктоо үчүн субъекттин ишине жана мүлк объектисине визуалдык байкоо жүргүзөт:
1) субъекттин же субъекттин жооптуу адамы тарабынан калк менен акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө, соода операцияларын жүзөгө ашырууда же жумуштарды аткарууда жана кызматтарды көрсөтүүдө ККМдин болушуна жана анын колдонуу фактысына;
2) субъекттин жалданма кызматкерлерди тартуу фактысын жана алардын санын, ошондой эле алар менен эмгек мамилелеринин иш жүзүндө бар экендигин;
3) идентификациялоо каражаттары же акциздик маркалар менен белгиленүүгө тийиш болгон товарлардын болушуна.
17. Зарыл болгон учурда рейддик салык контролунун алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте жүргүзүлүүчү контролдук сатып алуулар да жүргүзүлүшү мүмкүн.
18. Субъект же субъекттин жооптуу адамы кызматкердин субъекттин аймагына жана/же жайына кирүүсүнө негизсиз уруксат бербеген жана/же тоскоолдук көрсөткөн учурда Тоскоолдук көрсөтүү актысы түзүлөт. Негиздер болгондо жана салык кызматынын органдарынын кызмат адамы тарабынан рейддик салык контролун жүргүзүү үчүн бардык талаптар сакталганда аймакка кирүүгө салык төлөөчүнүн тоскоолдук көрсөтүүсү негизсиз тоскоолдук көрсөтүү деп эсептелет.
Тоскоолдук көрсөтүү актысына кызматкер жана субъект же субъекттин жооптуу адамы ошол адамдын маалыматтарын көрсөтүү менен кол коёт. Субъект же субъекттин жооптуу адамы Тоскоолдук көрсөтүү актысына кол коюудан баш тарткан учурда тартылган калыс-күбөлөр актыга кол коёт. Калыс-күбөлөрдү тартуу мүмкүн болбогон учурда фото-видео тартуу жүргүзүлөт жана Тоскоолдук көрсөтүү актысына "Тоскоолдук көрсөтүү актысына кол коюудан баш тартты, бул актынын экинчи нускасы тапшырылды" деген жазуу датасын көрсөтүү менен жазылат.
19. Ушул актынын негизинде кызматкер Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык салык кызматынын органынын кызматкеринин жазма буйругун же талабын аткарбоо же талаптагыдай аткарбоо фактысы боюнча протокол түзөт.
Протоколго кол коюудан баш тартканда же рейддик салык контролу жүргүзүлгөн жерде катталган салык төлөөчү же салык өкүлү жок болгон учурда протокол ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасында көрсөтүлгөн субъекттин маалыматтарын чагылдыруу менен "укук бузуу фактысы менен макул эмес" деген белги менен түзүлөт жана укук бузуу жөнүндө ишти кароонун убактысы жана орду дайындалгандыгы жөнүндө кабарлоо менен бирге тапшырылат же почта аркылуу жөнөтүлөт. Бул учурда иштин материалдары укук бузуулар жөнүндө ишти кароо боюнча комиссияга өткөрүлүп берилет.
20. Протокол түзүлгөндөн кийин кызматкер Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен ыйгарым укуктуу салык органынын ортосундагы макулдашууда каралган тартипте объектке кирүүгө көмөк көрсөтүү үчүн ички иштер органдарына кайрылууга укуктуу.
5-глава. ККМди колдонууну контролдоо
21. Жазма буйрукту жана кызматтык күбөлүктү көрсөткөндөн кийин кызматкер рейддик салык контролу учурунда Х-отчетту басып чыгарууну талап кылат. ККМ жок болгон учурда бул факт РСК актысында белгиленет жана рейддик салык контролунун натыйжалары боюнча Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык чаралар көрүлөт.
Кызматкер Х-отчетту жана/же орто аралык отчетун алып, субъект же субъекттин жооптуу адамы менен бирге ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген форма боюнча кассадагы накталай акча каражаттарынын калдыктарын алуу актысын толтуруу менен субъекттин кассасындагы накталай акча каражаттарынын иш жүзүндөгү калдыгын алат, мында накталай акча купюра боюнча көрсөтүлөт жана контролдоо учурунда түшкөн акчанын жалпы суммасы цифра жана жазуу жүзүндө чыгарылат (мындан ары - Накталай акча каражаттарын алуу акты), ал РСК актысына тиркелет. Накталай акча каражаттарынын калдыктарын кассадан алууда субъект же субъекттин жооптуу адамы накталай акча каражаттарын эсептейт, ал эми кызматкер Накталай акча каражаттарын алуу актысын толтурат.
Накталай акча каражаттарынын калдыктарын алуу актысына кызматкер жана субъект же субъекттин жооптуу адамы тарабынан ошол адамдын маалыматтарын көрсөтүү менен кол коюлат. Субъект же субъекттин жооптуу адамы Накталай акча каражаттарынын калдыктарын алуу актысына кол коюудан баш тарткан учурда тартылган калыс-күбөлөр актыга кол коёт. Калыс-күбөлөрдү тартуу мүмкүн болбогон учурда фото-видео тартуу жүргүзүлөт жана Накталай акча каражаттарынын калдыктарын алуу актысына "Накталай акча каражаттарынын калдыктарын алуу актысына кол коюудан баш тартты, бул актынын экинчи нускасы тапшырылды" деген жазуу тапшырылган датасын көрсөтүү менен жазылат.
22. Эгерде бир объектте субъект тарабынан бир нече ККМ колдонулса, анда кассалык тартипти контролдоо ар бир ККМ боюнча жүзөгө ашырылат.
23. Кассадагы накталай акча каражаттарынын калдыктарын алууда кызматкер экономикалык ишти жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланылган субъекттин аймагын, жайларын, мүлк объекттерин ККМ аркылуу басып чыгарылбаган акча каражаттарынын суммасынын жашырылышына текшерүү жүргүзүүгө укуктуу.
24. Рейддик салык контролу учурунда кассадагы накталай акча каражаттарынын иш жүзүндөгү калдыгы Х-отчетто жана/же орто аралык отчетто көрсөтүлгөн суммалар менен салыштырылат.
25. Эгерде кассада накталай акча каражаттары Х-отчетто жана орто аралык отчетто көрсөтүлгөн суммадан бир эсептик көрсөткүчтүн чоңдугунан көп болсо, анда ашыкча сумма сатып алуучуга (кардарга) контролдук-кассалык чектин басып чыгарылбаган фактысын ырастоо болуп саналат жана РСКнын актысына сумманы цифра жана жазуу түрүндө көрсөтүү менен "ашыкча" деген жазуу жазылат, мында субъекттен РСК актысына тиркелүүчү түшүнүк кат милдеттүү түрдө талап кылынат.
26. Эгерде кассада накталай акча каражаттары Х-отчетто жана/же орто аралык отчетто көрсөтүлгөн суммадан аз болсо, анда кем чыгуу факт боюнча субъект же субъекттин жооптуу адамы кем чыккан суммага чыгымдарды ырастоочу документтерди берүүгө тийиш жана РСК актысында сумманы цифра жана жазуу түрүндө көрсөтүү менен "кем чыгуу" деген жазуу жазылат.
27. Эгерде орто аралык отчетто көрсөтүлгөн сумма Х-отчетто көрсөтүлгөн суммадан көп болсо, анда айырманын суммасы контролдук-кассалык чектин басып чыгарылбагандыгын тастыктайт жана РСК актысына сумманы цифра жана жазуу жүзүндө көрсөтүү менен "ашыкча" деген жазуу жазылат, мында субъекттен же субъекттин жооптуу адамынан дал келбөөнүн аныкталган фактысы жөнүндө түшүнүк кат милдеттүү түрдө талап кылынат, ал РСК актысына тиркелет.
28. Субъект тарабынан түшүнүк кат берүүдөн баш тартылган учурда РСК актысында түшүнүк кат берүүдөн баш тартуу жөнүндө маалымат көрсөтүлөт.
29. Эгерде орто аралык отчетто көрсөтүлгөн сумма Х-отчетто көрсөтүлгөн суммадан аз болсо, анда айырманын суммасы кем чыккан болуп саналат жана РСК актысында сумманы цифра жана жазуу жүзүндө көрсөтүү менен "кем чыгуу" деген белги коюлат.
30. POS-терминал жана/же мобилдик банкинг болгон учурда банктык төлөм карточкалары аркылуу төлөнгөн суммалар же мобилдик банкинг аркылуу которуулар боюнча чекте же көчүрмөдө көрсөтүлгөн накталай эмес акча каражаттарынын суммасы Х-отчетто көрсөтүлгөн накталай эмес акча каражаттарына карата салыштырылат.
31. Эгерде чекте же көчүрмөдө накталай эмес акча каражаттарынын суммасы Х-отчетто жана/же орто аралык отчетто көрсөтүлгөн суммадан бир эсептик көрсөткүчтүн чоңдугунан көп болсо, анда ашыкча сумма контролдук-кассалык чектин сатып алуучуга (кардарга) басып чыгарбагандыгы фактысын тастыктайт жана РСК актысында сумманы цифра жана жазуу жүзүндө көрсөтүү менен "ашыкча" деген жазуу жазылат, мында субъекттен милдеттүү түрдө түшүнүк кат талап кылынат, ал РСК актысына тиркелет.
32. Эгерде чекте же көчүрмөдө накталай эмес акча каражаттары Х-отчетто жана/же орто аралык отчетто көрсөтүлгөн суммадан аз болсо, анда кем чыгуу фактысы боюнча субъект жетпеген суммага чыгашаны тастыктаган документтерди берүүгө тийиш жана РСК актысында сумманы цифра жана жазуу жүзүндө көрсөтүү менен "кем чыгуу" деген жазуу жазылат.
33. Х-отчетто көрсөтүлгөн суммага карата накталай жана/же накталай эмес акча каражаттарынын ашыкча фактысы тастыкталган учурда субъект же субъекттин жооптуу адамы белгиленген ашыкча суммага ККМ аркылуу контролдук-кассалык чекти басып чыгарууга милдеттүү.
ККМди колдонуу тартибин жана талаптарын бузуунун белгиленген түрүнө жараша РСК актысына: "ККМди колдонбоо", "чек басып чыгарбоо", "ККМ оң эмес" деген жазуу жана Накталай акча каражаттарын алуу актысы жөнүндө маалыматты тиркөө, түшүнүк кат же субъекттин түшүнүк кат берүүдөн баш тартуусу тууралуу маалымат киргизилет.
34. Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарына ылайык эсепке алууну жүргүзгөн жактарды кошпогондо, ККМ оң эмес учурда, акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө субъекттер квитанциялардын бланктарын колдонууга жана квитанциялардын бланктарын эсепке алуу китебине тиешелүү жазууларды киргизүүгө милдеттүү.
35. Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү эсепке алуучу программалык каражаттарын пайдаланган учурда кызматкер субъекттен рейддик салык контролу учурунда Х-отчеттон тышкары орто аралык отчетту басып чыгарууну талап кылат.
36. Субъект кызматкерге Х-отчетту жана/же орто аралык отчетту берүүдөн баш тарткан учурда, РСК актысында Х-отчетту жана/же орто аралык отчетту берүүдөн баш тартуу жөнүндө маалымат көрсөтүлөт. Ошондой эле Тоскоолдук көрсөтүү актысы түзүлөт, анда Х-отчетту жана/же орто аралык отчетту бербөө менен коштолгон, кызматкердин мыйзамдуу талаптарын аткарбоо фактысы көрсөтүлөт.
Тоскоолдук көрсөтүү актысына кызматкер жана субъект же субъекттин жооптуу адамы ошол адамдын маалыматтарын көрсөтүү менен кол коёт. Субъект же субъекттин жооптуу адамы Тоскоолдук көрсөтүү актысына кол коюудан баш тарткан учурда тартылган калыс-күбөлөр актыга кол коёт. Калыс-күбөлөрдү тартуу мүмкүн болбогон учурда фото-видео тартуу жүргүзүлөт жана Тоскоолдук көрсөтүү актысына "Тоскоолдук көрсөтүү актысына кол коюудан баш тартты, бул актынын экинчи нускасы тапшырылды" деген жазуу тапшырылган датасын көрсөтүү менен жазылат.
37. Белгиленген тартип бузуулардын негизинде Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык бузуунун конкреттүү түрүн көрсөтүү менен протокол түзүлөт.
Протоколго кол коюудан баш тартканда же рейддик салык контролу жүргүзүлгөн жерде катталган салык төлөөчү же салык өкүлү жок болгон учурда протокол ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасында көрсөтүлгөн субъекттин маалыматтарын чагылдыруу менен "укук бузуу фактысы менен макул эмес" деген белги менен түзүлөт жана укук бузуу жөнүндө ишти кароонун убактысы жана орду дайындалгандыгы жөнүндө кабарлоо менен бирге тапшырылат же почта аркылуу жөнөтүлөт. Бул учурда иштин материалдары укук бузуулар жөнүндө ишти кароо боюнча комиссияга өткөрүлүп берилет.
38. Рейддик салык контролун жүргүзүүдө төмөнкүлөрдүн да бар экендигине көңүл буруу зарыл:
- сатылуучу товарларга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын. Баалардын жоктугу Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 129-беренесинин талаптарын бузуу болуп саналат. Баалардын (прейскуранттардын, менюнун ж.б.) болушу же жоктугу жана алардын кoнтpoлдyк-кaccaлык чектерге жана/же товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү эсепке алуучу программалык каражаттардан алынган документтерге туура келиши РСК актысында көрсөтүлөт;
- контролдук-кассалык чекти талап кылуу зарылчылыгы жөнүндө маалымат жана анын сатып алуучуга же кардарга көрүнүктүү жерге жайгаштырылышы. Маалыматтын жоктугу Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 129-беренесинин талаптарын бузуу болуп саналат. Контролдук-кассалык чекти талап кылуу зарылчылыгы жөнүндө маалыматтын болушу же жоктугу жана анын сатып алуучуга же кардарга көрүнүктүү жерге жайгаштырылышы РСК актысында чагылдырылат.
6-глава. Уруксат берүүчү документтерди контролдоо
39. Салык органынын кызматкеринин биринчи талабы боюнча субъект күбөлүктө көрсөтүлгөн иштин түрүнүн иш жүзүндө жүргүзүлүп жаткан түрүнө дал келүүсүн текшерүү үчүн экономикалык ишти жүргүзүү укугуна уруксат берүүчү документтерди берүүгө милдеттүү.
40. Эгерде субъект патенттик негизде иш жүргүзсө, рейддик салык контролун жүргүзүүдө патенттин болушу, патентте көрсөтүлгөн иштин түрүнүн субъект иш жүзүндө жүргүзүп жаткан иштин түрүнө дал келүүсү, анын колдонуу мөөнөтү, ошондой эле патенттин колдонуу аймагы текшерилет.
Рейддик салык контролу учурунда салыктык каттоосуз жана/же патенттин негизинде салык төлөбөстөн экономикалык ишти жүргүзгөн учурда бул тууралуу РСК актысында маалымат көрсөтүлөт жана бузуунун конкреттүү түрүн көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык протокол түзүлөт.
Протоколго кол коюудан баш тарткан учурда протокол "укук бузуу фактысы менен макул эмес" деген белги менен түзүлөт жана укук бузуу жөнүндө ишти кароонун убактысы жана орду дайындалгандыгы жөнүндө кабарлоо менен бирге тапшырылат же почта аркылуу жөнөтүлөт. Бул учурда иштин материалдары укук бузуулар жөнүндө ишти кароо боюнча комиссияга өткөрүлүп берилет.
41. Ошондой эле жогоруда көрсөтүлгөн бузуулардын түрлөрүнүн бири белгиленген учурда кызматкер субъекттин ишкердик ишине байланыштуу мүлк объекттерине мөөр басууга коюуга укуктуу.
Мында кызматкер ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген форма боюнча Мөөр басуу актысын түзөт, анда мөөр басылган датасы жана орду, качан, ким тарабынан, кимдин катышуусунда, мүлк объектисине, жайларга же башка буюмдарга кайсы убакка чейин мөөр басылганы көрсөтүлөт. Мөөр басуу субъекттин же субъекттин жооптуу адамынын катышуусунда жүргүзүлөт, Мөөр басуу актысына кызматкер, субъект же субъекттин жооптуу адамы тарабынан кол коюлат. Субъект кол коюудан баш тарткан учурда, мөөр басуу калыс-күбөлөрдүн катышуусу менен жүргүзүлөт жана Мөөр басуу актысына алар кол коёт. Калыс-күбөлөрдү тартуу мүмкүн болбогон учурда фото-видео тартуу жүргүзүлөт жана Мөөр басуу актысына "Мөөр басуу актысына кол коюудан баш тартты, бул актынын экинчи нускасы тапшырылды" деген жазуу датасын көрсөтүү менен жазылат.
Мөөр басууга каршылык көрсөтүлгөн учурда кызматкер Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен ыйгарым укуктуу салык органынын ортосундагы макулдашууда каралган тартипте объектти мөөр басууга көмөк көрсөтүү үчүн ички иштер органдарына кайрылууга укуктуу.
7-глава. Жергиликтүү салыктарга карата салыктык базаны жана салык салынуучу объекттердин физикалык көрсөткүчтөрүн контролдоо
42. Жергиликтүү салыктарга карата салыктык базаны эсептөө жана мүлк салыгы боюнча отчеттордун тууралыгын текшерүү үчүн колдонуудагы ижара келишими, эгерде менчик ээси текшерилүүчү субъект болсо - кыймылсыз мүлктүн техникалык паспорту талап кылынат.
43. Жогоруда көрсөтүлгөн документтердин негизинде кызматкер кыймылсыз мүлккө салык төлөнгөн фактысын текшерет. Кыймылсыз мүлк салыгын төлөбөгөндүк фактысы аныкталган учурда кызматкер салыктык текшерүү жүргүзөт, текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча тиешелүү чечим кабыл алынат. Мындан тышкары бул чечимдин негизинде Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык чаралар көрүлөт.
8-глава. Жалданма кызматкерлерди эсепке алуунун толуктугун контролдоо
44. Рейддик салык контролдун жүрүшүндө кызматкер субъекттен жалданма кызматкерлердин тизмесин, рейддик контролдоо учурунда иш жүзүндө иштеген жумушчулардын тизмесин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде белгиленген салык төлөөчүнүн кызыкчылыгында милдеттерди аткаруу боюнча ыйгарым укуктарды белгилеген тиешелүү документтерди талап кылат. Андан кийин жалданма кызматкерлердин иш жүзүндөгү саны субъект тарабынан берилген документтер менен салыштырылат, киреше салыгы жана/же камсыздандыруу төгүмдөрү, жалданма кызматкерлерге патенти төлөнбөгөн факты аныкталган учурда же киреше салыгы жана/же камсыздандыруу төгүмдөрү, жалданма кызматкерлерге патентке акы төлөнгөн факты жөнүндө маалымат берилбеген учурда РСК актысына "салыктарды төлөбөө" деген жазуу киргизилет.
Белгиленген бузуулардын негизинде Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык бузуунун конкреттүү түрүн көрсөтүү менен протокол түзүлөт.
Протоколго кол коюудан баш тартканда же рейддик салык контролу жүргүзүлгөн жерде катталган салык төлөөчү же салык өкүлү жок болгон учурда протокол ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасында көрсөтүлгөн субъекттин маалыматтарын чагылдыруу менен "укук бузуу фактысы менен макул эмес" деген белги менен түзүлөт жана укук бузуу жөнүндө ишти кароонун убактысы жана орду дайындалгандыгы жөнүндө кабарлоо менен бирге тапшырылат же почта аркылуу жөнөтүлөт. Бул учурда иштин материалдары укук бузуулар жөнүндө ишти кароо боюнча комиссияга өткөрүлүп берилет.
45. Мындан тышкары рейддик салык контролунан кийин жалданма кызматкерлердин тизмеси салык кызматынын органдарынын базасындагы субъекттин отчету менен салыштырылат.
Жогоруда көрсөтүлгөн маалыматтардын негизинде кызматкер салыктык текшерүү жүргүзөт, текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча тиешелүү чечим кабыл алынат. Мындан тышкары бул текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык чаралар көрүлөт.
9-глава. Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүгө жана/же сатып алууга баштапкы эсепке алуу документтеринин болушун контролдоо
46. Рейддик салык контролунун жүрүшүндө кызматкер субъекттен товарларды сатуу, кызматтарды көрсөтүү жана жумуштарды аткаруу менен байланышкан баштапкы эсепке алуу документтерин (эсеп-фактура, товардык-транспорттук коштомо кагаз, ЕАЭБ коштомо кагаз ж.б.) талап кылат, эсеп-фактура жок болгон учурда бул тууралуу маалымат РСК актысында көрсөтүлөт жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык протокол түзүлөт.
Протоколго кол коюудан баш тартканда же рейддик салык контролу жүргүзүлгөн жерде катталган салык төлөөчү же салык өкүлү жок болгон учурда протокол ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасында көрсөтүлгөн субъекттин маалыматтарын чагылдыруу менен "укук бузуу фактысы менен макул эмес" деген белги менен түзүлөт жана укук бузуу жөнүндө ишти кароонун убактысы жана орду дайындалгандыгы жөнүндө кабарлоо менен бирге тапшырылат же почта аркылуу жөнөтүлөт. Бул учурда иштин материалдары укук бузуулар жөнүндө ишти кароо боюнча комиссияга өткөрүлүп берилет.
47. Кызматкер салыштыруу максатында ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасы аркылуу жогоруда көрсөтүлгөн товарларга карата электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды (мындан ары - ЭТТК) товарларды сатууда, кызматтарды көрсөтүүдө жана жумуштарды аткарууда эсеп-фактураны тариздебеген жеткирүүчүнү аныктоо максатында текшерет. ЭТТК жок болгон учурда кызматкер субъекттен түшүнүк катты талап кылат. Жеткирүүчүнү аныктагандан кийин кызматкер РСК актысында жеткирүүчү тарабынан эсеп-фактуранын берилбегендигинин фактысы жөнүндө маалыматты көрсөтөт жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык чараларды көрөт. Эгерде жогоруда көрсөтүлгөн жеткирүүчү башка салык органында башкарылса, кызматкер Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодекси боюнча жоопкерчиликке тартуу үчүн тиешелүү салык органына РСК актысынын көчүрмөсүн жөнөтөт.
48. Кызматкер рейддик салык контролунун алкагында товардын кайсы болбосун түрү үчүн ЭТТК талап кылууга укуктуу. Товарларга ЭТТК жок болгон учурда Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык чаралар көрүлөт.
49. Андан кийин кызматкер жеткирүүчүнү аныктоо максатында субъекттен түшүнүк кат талап кылат. Жеткирүүчү аныкталган учурда кызматкер РСК актысында жеткирүүчү тарабынан ЭТТК берилбегендигинин фактысы жөнүндө маалыматты көрсөтөт жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык чараларды көрөт. Эгерде жогоруда көрсөтүлгөн жеткирүүчү башка салык органында башкарылса, кызматкер Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодекси боюнча жоопкерчиликке тартуу үчүн тиешелүү салык органына РСК актысынын көчүрмөсүн жөнөтөт.
10-глава. Товарларды идентификациялоо каражаттары же акциздик маркалар менен белгилөөнү контролдоо
50. Субъект тарабынан алкоголдук жана тамеки буюмдарын, ошондой эле маркаланууга тийиш болгон башка товарларды жана акциздик товарларды өндүрүүдө, импорттоодо, ташып келүүдө, сактоодо жана сатууда акциздик маркалардын, идентификациялоо каражаттарынын же контролдук идентификациялык белгилердин бар же жок экендиги милдеттүү түрдө текшерилет.
51. Сатылуучу акциздик товарларга карата акциздик маркалар, милдеттүү түрдө маркаланууга тийиш болгон товарлардын идентификациялоо каражаттары жана контролдук идентификациялык белгилери болсо, ылайык келсе жана анык болсо РСК актысына "бар" деген тийиштүү жазуу жазылат.
52. Идентификациялоо каражаттары жана/же контролдук идентификациялык белгилер жок болгон учурда РСК актысына "жок" деген тийиштүү жазуу жазылат.
53. Ошону менен бирге аныкталган бузуулар боюнча ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча Акциздик маркаларды толугу менен алып салуу жөнүндө акт кошумча түзүлөт, анда чектен ашып кеткендигин текшерүү үчүн милдеттүү акциздик салык салынууга тийиш болгон продукциянын өлчөмүн (наркын) аныктоо максатында алынып коюлууга тийиш болгон товарлардын аталышы, өлчөө бирдиги, саны, баасы жана суммасы көрсөтүлөт, ал боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде белгиленген кылмыш-жаза жоопкерчилиги пайда болот.
Продукциянын баасы товардын баалыгы боюнча, ал эми баалыктар жок болгон учурда Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 139-беренесине ылайык же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте аныкталат.
Акциздик маркаларды толугу менен алып салуу жөнүндө актыга кызматкер, субъект же субъекттин жооптуу адамы ошол адамдын маалыматтарын көрсөтүү менен кол коёт, ошондой эле субъекттен түшүнүк кат талап кылынат, ал ушул актыга тиркелет. Субъект же субъекттин жооптуу адамы Акциздик маркаларды толугу менен алып салуу жөнүндө актыга кол коюудан жана/же түшүнүк кат берүүдөн баш тарткан учурда актыга тартылган калыс-күбөлөр кол коёт. Калыс-күбөлөрдү тартуу мүмкүн болбогон учурда фото-видео тартуу жүргүзүлөт жана Акциздик маркаларды толугу менен алып салуу жөнүндө актыга тапшырылган датасын көрсөтүү менен "Акциздик маркаларды толугу менен алып салуу жөнүндө актыга кол коюудан баш тартты, бул актынын экинчи нускасы тапшырылды" деген жазуу жазылат.
54. Эгерде милдеттүү акциздик салык салынууга тийиш болгон продукциянын өлчөмү (наркы) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде белгиленген кылмыз-жаза жоопкерчилиги пайда болуучу чектен ашып кетсе, укук коргоо органдарына өткөрүп берүү үчүн Мүлктү алып коюу актысын түзүү менен мүлк алынып коюлат. Алынып коюлган товар РСК актысынын көчүрмөсү менен укук коргоо органдарына берилет, ага Мүлктү алып коюу актысы жана Акциздик маркаларды толугу менен алып салуу актысы тиркелет.
55. Эгерде милдеттүү акциздик салык салынууга тийиш болгон продукциянын өлчөмү (наркы) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде белгиленген кылмыш-жаза жоопкерчилиги пайда болуучу чектен ашпаса, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык протокол түзүлөт, ошондой эле Мүлктү алып коюу актысын түзүү менен мүлктү алып коюу түрүндөгү кошумча укуктук иш-аракет колдонулат. Маркалануучу товарларды убактылуу алып коюуда РСК актысына Мүлктү алып коюу актысы жана Акциздик маркаларды толугу менен алып салуу актысы тиркелет.
Протоколго кол коюудан баш тартканда же рейддик салык контролу жүргүзүлгөн жерде катталган салык төлөөчү же салык өкүлү жок болгон учурда ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасында көрсөтүлгөн субъекттин маалыматтарын чагылдыруу менен "бузуу фактысы менен макул эмес" деген белги менен протокол түзүлөт жана укук бузуу жөнүндө ишти кароонун убактысы жана орду дайындалгандыгы жөнүндө кабарлоо менен бирге тапшырылат же почта аркылуу жөнөтүлөт. Бул учурда иштин материалдары укук бузуулар жөнүндө ишти кароо боюнча комиссияга берилет.
56. Мындан тышкары жеткирүүчүнү аныктоо максатында субъекттен түшүнүк кат талап кылынат. Жеткирүүчү аныкталган учурда кызматкер РСК актысында жеткирүүчү тарабынан жол берилген бузуулардын мүнөзүн көрсөтөт жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык чараларды көрөт. Эгерде жогоруда көрсөтүлгөн жеткирүүчү башка салык органында башкарылса, кызматкер Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодекси боюнча жоопкерчиликке тартуу үчүн тиешелүү салык органына РСК актысынын көчүрмөсүн жөнөтөт.
57. Даттануу мөөнөтү аяктагандан кийин үч күндүн ичинде иш боюнча материалдар убактылуу тартып алынып коюлган мүлктү менчик ээсине кайтарып берүү, жок кылуу же мамлекеттин кирешесине конфискациялоо жөнүндө маселени чечүү үчүн сотко жөнөтүлөт.
Мүлктү конфискациялоо, менчик ээсине кайтарып берүү же жок кылуу маселеси сот тарабынан чечилет.
11-глава. Товарлардын анык идентификациялоо каражаттары же акциздик маркалар менен белгиленишин контролдоо
58. Акциздик маркалар, идентификациялоо каражаттары жана/же контролдук идентификациялык белгилер күмөн жараткан учурда, анын ичинде эгерде электрондук-маалыматтык элемент жана/же идентификациялоо каражаттары идентификацияланбаса, РСК актысына "аныктыгы күмөн жаратат" деген тийиштүү жазуу жазылат жана/же бузуунун мүнөзү көрсөтүлөт.
59. Ошону менен бирге аныкталган бузуулар боюнча Акциздик маркаларды толугу менен алып салуу жөнүндө акт кошумча түзүлөт, анда чектен ашып кеткендигин текшерүү үчүн акциздик маркалардын же идентификациялоо каражаттарынын санын аныктоо максатында алынып коюлууга тийиш болгон товарлардын аталышы, өлчөө бирдиги, саны, баасы жана суммасы көрсөтүлөт, ал боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинде белгиленген кылмыш-жаза жоопкерчилиги пайда болот.
Акциздик маркаларды толугу менен алып салуу жөнүндө актыга кызматкер, субъект же субъекттин жооптуу адамы ошол адамдын маалыматтарын көрсөтүү менен кол коёт, ошондой эле субъекттен түшүнүк кат талап кылынат, ал ушул актыга тиркелет. Субъект же субъекттин жооптуу адамы Акциздик маркаларды толугу менен алып салуу жөнүндө актыга кол коюудан жана/же түшүндүк кат берүүдөн баш тарткан учурда актыга тартылган калыс-күбөлөр кол коёт. Калыс-күбөлөрдү тартуу мүмкүн болбогон учурда фото-видео тартуу жүргүзүлөт жана Акциздик маркаларды толугу менен алып салуу жөнүндө актыга тапшырылган датасын көрсөтүү менен "Акциздик маркаларды толугу менен алып салуу жөнүндө актыга кол коюудан баш тартты, бул актынын экинчи нускасы тапшырылды" деген жазуу жазылат.
60. Эгерде акциздик маркалардын же идентификациялоо каражаттарынын саны Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде белгиленген кылмыш-жаза жоопкерчилиги пайда болуучу чектен ашып кетсе, укук коргоо органдарына берүү үчүн Мүлктү алып коюу актысын түзүү менен мүлк алынып коюлат.
Алып салынган товар РСК актысынын көчүрмөсү менен укук коргоо органдарына берилет, ага Мүлктү алып коюу актысы жана Акциздик маркаларды толугу менен алып салуу актысы тиркелет.
61. Эгерде акциздик маркалардын же идентификациялоо каражаттарынын саны Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде белгиленген кылмыш-жаза жоопкерчилиги пайда болуучу чектен ашпаса, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык протокол түзүлөт, ошондой эле Мүлктү алып коюу актысын түзүү менен мүлктү алып коюу түрүндөгү кошумча укуктук иш-аракет колдонулат. Маркалануучу товарларды убактылуу алып коюуда РСК актысына Мүлктү алып коюу актысы жана Акциздик маркаларды толугу менен алып салуу актысы тиркелет.
Мындай учурларда ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасында көрсөтүлгөн субъекттин маалыматтарын чагылдыруу менен "бузуу фактысы менен макул эмес" деген белги менен протокол түзүлөт жана укук бузуу жөнүндө ишти кароонун убактысы жана орду дайындалгандыгы жөнүндө кабарлоо менен бирге тапшырылат же почта аркылуу жөнөтүлөт. Бул учурда иштин материалдары укук бузуулар жөнүндө ишти кароо боюнча комиссияга берилет.
Мындан тышкары субъекттен күмөн жараткан акциздик маркалары менен товарларды жеткирүүчүнү аныктоо максатында түшүнүк кат талап кылынат.
62. Протокол түзүлгөндөн кийин күмөн жараткан акциздик маркалар, идентификациялоо каражаттары жана/же контролдук идентификациялык белгилер 10 күндүн ичинде экспертизага жиберилет жана иш боюнча өндүрүш токтотулат. Экспертизанын жыйынтыгын алгандан кийин укук бузуу жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссия иш боюнча өндүрүштү кайра баштайт.
63. Эгерде экспертизанын жыйынтыгы боюнча акциздик маркалардын, идентификациялоо каражаттарынын жана/же контролдук идентификациялык белгилердин аныктыгы ырасталса, анда укук бузуулардын курамы жоктугуна байланыштуу иш боюнча өндүрүш токтотулат, Акциздик маркаларды толугу менен алып салуу жөнүндө актынын негизинде Кабыл алуу-өткөрүп берүү актысын түзүү менен мүлк субъектке кайтарылып берилет.
64. Акциздик маркалардын, идентификациялоо каражаттарынын жана/же контролдук идентификациялык белгилердин шайкеш эместиги белгиленген учурда Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык чаралар көрүлөт.
65. Жеткирүүчү аныкталган жана жеткирүү фактысы документтер менен ырасталган учурда субъектке карата иш боюнча өндүрүш токтотулат, ал эми Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык чаралар жеткирүүчүгө карата колдонулат. Эгерде жогоруда көрсөтүлгөн жеткирүүчү башка салык органында башкарылса, кызматкер Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодекси боюнча жоопкерчиликке тартуу үчүн тиешелүү салык органына РСК актысынын көчүрмөсүн жөнөтөт.
66. Андан ары даттануу мөөнөтү аяктагандан кийин үч күндүн ичинде иш боюнча материалдар убактылуу алынып коюлган мүлктү менчик ээсине кайтарып берүү, жок кылуу же мамлекеттин кирешесине конфискациялоо жөнүндө маселени чечүү үчүн сотко жиберилет.
Мүлктү конфискациялоо, менчик ээсине кайтарып берүү же жок кылуу маселеси сот тарабынан чечилет.
12-глава. Идентификациялоо каражаттары же акциздик маркалар менен белгиленүүгө тийиш болгон ээси жок товарларды контролдоо
67. Идентификациялоо каражаттары же акциздик маркалар менен белгиленүүгө тийиш болгон, акциздик маркалары, идентификациялоо каражаттары жана/же контролдук идентификациялык белгилери жок, ошондой эле күмөндүү акциздик маркаларга, идентификациялоо каражаттарына жана/же контролдук идентификациялык белгилерге ээ ээси жок товарлар аныкталган учурда, РСКнын актысына "жок" же "аныктыгы күмөн жаратат" деген тийиштүү жазуу жазылат жана/же бузуунун мүнөзү көрсөтүлөт.
Ошону менен бирге калыс-күбөлөрдү тартуу менен ушул Тартиптин 53-пунктунда көрсөтүлгөн Акциздик маркаларды толугу менен алып салуу жөнүндө акт түзүлөт.
68. Эгерде милдеттүү акциздик салык салынууга тийиш болгон продукциянын өлчөмү (наркы), ошондой эле акциздик маркалардын же идентификациялоо каражаттарынын саны Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде белгиленген кылмыш-жаза жоопкерчилиги пайда болуучу чектен ашып кетсе, укук коргоо органдарына берүү үчүн Мүлктү алып коюу актысын түзүү менен мүлк алынып коюлат. Мүлктү алып коюу актысы калыс-күбөлөрдү тартуу менен түзүлөт.
Алынып коюлган товар РСК актысынын көчүрмөсү менен укук коргоо органдарына берилет, ага Мүлктү алып коюу актысы жана Акциздик маркаларды толугу менен алып салуу актысы тиркелет.
69. Эгерде милдеттүү акциздик салык салынууга тийиш болгон продукциянын өлчөмү (наркы), ошондой эле акциздик маркалардын же идентификациялоо каражаттарынын саны Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде белгиленген кылмыш-жаза жоопкерчилиги пайда болуучу чектен ашпаса, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык протокол түзүлөт, ошондой эле Мүлктү алып коюу актысын түзүү менен мүлктү алып коюу түрүндөгү кошумча укуктук иш-аракет колдонулат. Мүлктү алып коюу актысы калыс-күбөлөрдү тартуу менен түзүлөт. Калыс-күбөлөрдү тартуу мүмкүн болбогон учурда фото-видео тартуу жүргүзүлөт жана Мүлктү алып коюу актысына кызматкер кол коёт.
Маркалануучу товарларды убактылуу алып коюуда РСК актысына Мүлктү алып коюу актысы жана Акциздик маркаларды толугу менен алып салуу актысы тиркелет.
Бул учурда протокол Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодекси боюнча "укук бузуучу жөнүндө маалыматтар" пунктунда "жаксыз" деген белги менен түзүлөт.
Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык иш боюнча өндүрүш токтотулат, ошондой эле кызматкер укук бузган адамды табууга жана аныктоого бардык чараларды көрүүгө милдеттүү.
70. Эгерде доонун эскирүү мөөнөтү өткөндөн кийин укук бузуучунун ким экендиги аныкталбаса, кызматкер укук бузуу жөнүндө иш боюнча протоколду, ошондой эле башка материалдарды убактылуу алынып коюлган мүлктү жок кылуу же мамлекеттин кирешесине конфискациялоо жөнүндө маселени чечүү үчүн сотко жиберет.
Мүлктү конфискациялоо же жок кылуу маселеси сот тарабынан чечилет.
13-глава. ЕАЭБдин алкагында товарлардын импортун жана экспортун контролдоо
71. ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасына товарларды ташып келүүнү (импорттоону), ошондой эле Кыргыз Республикасынан ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге ташып чыгууну (экспорттоону) жүзөгө ашыруучу субъекттерге салык контролун жүргүзүүдө салык кызматынын органы менчигинин түрүнө (мамлекеттик менчик, юридикалык же жеке жактын менчиги) карабастан жактарга таандык болгон жана субъект тарабынан товарды сактоо (анын ичинде убактылуу) жана/же ташуу жана/же сатуу үчүн пайдаланылуучу предметтерди, мүлк объекттерин (автотранспорт каражаты, темир жол вагону, кампалар, терминалдар, ангарлар, контейнерлер, соода түйүндөрү ж.б.) болгон товарга баштапкы эсепке алуу документтеринин болушу жана андагы көрсөтүлгөн көрсөткүчтөрдүн товардын иш жүзүндөгү көрсөткүчтөрүнө (коштомо кагаз, эсеп-фактура, товардык-транспорттук коштомо кагазы, CMR ж.б.) ылайык келиши боюнча текшерүү жана кароо укугуна ээ.
72. Ылайык келбөө фактылары аныкталган жана/же уруксат берүүчү документтер, анын ичинде баштапкы эсепке алуу документтери жок болгон учурда кызматкер тиешелүү мобилдик топко маалымдайт.
14-глава. Эсепке алынбаган товарларды контролдоо
73. Мобилдик топ тийиштүү аймакка жана/же товарларды эсепке алуу пунктуна бекитилип берилет (мындан ары - мобилдик топ).
Мобилдик топ товарларды эсепке алуу пунктунун кызмат адамынан же Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамынан же импорттоочу (ташуучу) тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин бузгандыгы жөнүндө күбөлөндүргөн башка булактардан маалымат алгандан кийин 30 мүнөттүн ичинде товарларды эсепке алуу пунктуна же контролдук-өткөрүү пунктуна келип, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен форма боюнча маалыматты кабыл алууну эсепке алуу журналына жазуу жолу менен маалымат алгандыгын ырастайт.
Жайгашкан жерге келгенден кийин мобилдик топтун курамындагы тиешелүү кызматкер импорттоочудан же экспорттоочудан Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарына жана салык мыйзамдарына ылайык таризделген баштапкы эсепке алуу документтерин (эсеп-фактура, товардык-транспорттук коштомо кагаз, товардык чек, сатып алуу актысы, бажы документтери ж.б.) берүүнү талап кылат.
74. Эгерде сатылуучу товарга, анын ичинде ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге ташып чыгууда (экспорттоодо) баштапкы эсепке алуу документтери жок болсо же Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарды бузуу менен таризделсе, анда андан ары РСК актысында Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык протокол түзүү менен алардын жоктугу же бул бузуулардын мүнөзү (жалган, туура эмес таризделген эсеп-фактуралар, коштомо кагаздар ж.б.) чагылдырылат.
75. Жогоруда аталган иш-чаралар жүргүзүлгөндөн кийин мобилдик топ жагдайлар аныкталганга жана Кыргыз Республикасына ташып келүүдө (импорттоодо) ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алууну камсыз кылуу тартибинин талаптары аткарылганга чейин транспорт каражатын, товарды (жүктү) кармоону жана кармалган транспорт каражатын, товарды (жүктү) салык кызматынын органынын айыптык токтотуу жайына же убактылуу сактоо кампаларына (МБК УСК) жайгаштырууну жүзөгө ашырат.
76. Импорттоочу же экспорттоочу документтерди берген учурда мобилдик топтун курамындагы тиешелүү кызматкер иш жүзүндөгү жүктү жана товардын аталышын жүктү коштоочу документтерде көрсөтүлгөн маалыматтар менен салыштырып текшерет, товардын иш жүзүндөгү көлөмүн белгилейт. Документтер ылайык келген учурда укук бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүш токтотулат, ал эми товар (жүк) менен транспорт каражаты Кабыл алуу-өткөрүп берүү актысын түзүү менен бошотулат.
77. Документтер ылайык келбеген же жок болгон учурда Мүлктү алып коюу актысын түзүү менен мүлктү алып коюу түрүндөгү кошумча укуктук натыйжа колдонулат. Мүлктү убактылуу алып коюуда РСК актысына Мүлктү алып коюу актысы тиркелет. Андан ары Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жаза берүү жөнүндө токтом чыгарылат.
78. Даттануу мөөнөтү аяктагандан кийин үч күндүн ичинде иш боюнча материалдар убактылуу алынып коюлган мүлктү менчик ээсине кайтарып берүү, жок кылуу же мамлекеттин кирешесине конфискациялоо жөнүндө маселени чечүү үчүн сотко жиберилет.
Мүлктү конфискациялоо, менчик ээсине кайтарып берүү же жок кылуу маселеси сот тарабынан чечилет.
79. Документтер берилбеген же ылайык келбеген учурларда эсепке алынбаган товардын бар экендигин аныктоо максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген товардык-материалдык баалуулуктардын калдыктарын алуу тартибине ылайык товардык-материалдык баалуулуктардын калдыктарын тандап жана/же толугу менен алуу жүргүзүлөт.
Товардык-материалдык баалуулуктардын калдыктарын алууну жүргүзүү үчүн товардык-материалдык баалуулуктардын калдыктарын алууну аяктоо үчүн жетишсиз болгон белгилүү бир мезгил талап кылынган убакыт учурда РСК актысы бардык зарыл пункттарды толтуруу менен контролдоону жүргүзүүнүн учурдагы датасы менен таризделет, ошол эле учурда контролдоо аяктаган дата жана товардык-материалдык баалуулуктардын калдыктарын алуунун натыйжалары калдыктарды алуу жол-жобосу аяктагандан кийин көрсөтүлөт.
Товардык-материалдык баалуулуктардын калдыктарын алуунун натыйжалары салыктык текшерүү жүргүзүү үчүн укук бузуучу башкарылган аймакта катталган тиешелүү салык органына берилет.
80. Эгерде товарлар тиешелүү документтери жок Кыргыз Республикасынын аймагындагы кампа жайларында сакталса, кызматкер жеткирүүчүнү аныктоо максатында субъекттен түшүнүк кат талап кылат. Жеткирүүчү аныкталбаган учурда кызматкер товардык-материалдык баалуулуктардын калдыктарын алат жана бул материалдар салыктык текшерүү жүргүзүү үчүн тиешелүү салык органына берилет. Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык чаралар көрүлөт. Салык кызматынын органдарында субъекттин каттоосу жок болгон учурда кызматкер мүлк объектине мөөр басып коюуга, ошондой эле салыктык каттоосуз экономикалык ишти жүргүзүү фактысы боюнча чараларды көрүүгө тийиш.
81. Эгерде товарлар Кыргыз Республикасынын аймагында тиешелүү документтери жок өткөрүлгөн учурда кызматкер жагдайлар аныкталганга жана Кыргыз Республикасына ташып келүүдө (импорттоодо) ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алууну камсыз кылуу тартибинин талаптары аткарылганга чейин транспорт каражатын, товарды (жүктү) кармоону жана кармалган транспорт каражатын, товарды (жүктү) салык кызматынын органынын айыптык токтотуучу жайына же убактылуу сактоо кампаларына (МБК УСК) жайгаштырууну жүзөгө ашырат.
82. Импорттоочу же экспорттоочу документтерди берген учурда мобилдик топтун курамындагы тиешелүү кызматкер иш жүзүндөгү жүктү жана товардын аталышын жүктү коштоочу документтерде көрсөтүлгөн маалыматтар менен салыштырып текшерет, товардын иш жүзүндөгү көлөмүн белгилейт. Документтер ылайык келген учурда укук бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүш токтотулат, ал эми товар (жүк) менен транспорт каражаты Кабыл алуу-өткөрүп берүү актысын түзүү менен бошотулат.
83. Документтер ылайык келбеген же жок болгон учурда Мүлктү алып коюу актысын түзүү менен мүлктү алып коюу түрүндөгү кошумча укуктук натыйжа колдонулат. Мүлктү убактылуу алып коюуда РСК актысына Мүлктү алып коюу актысы тиркелет.
84. Даттануу мөөнөтү аяктагандан кийин үч күндүн ичинде иш боюнча материалдар убактылуу алынып коюлган мүлктү менчик ээсине кайтарып берүү, жок кылуу же мамлекеттин кирешесине конфискациялоо жөнүндө маселени чечүү үчүн сотко жиберилет.
Мүлктү конфискациялоо, менчик ээсине кайтарып берүү же жок кылуу маселеси сот тарабынан чечилет.
15-глава. Күйүүчү-майлоочу материалдарды сатуу менен алектенген субъекттерди контролдоо
85. Автомай куюучу станцияларда (мындан ары - АМС) күйүүчү-майлоочу материалдарды сатуу менен алектенген субъекттерди контролдоодо автомай куюучу станцияны башкаруунун автоматташтырылган системасын (мындан ары - БАС) колдонуу текшерилет, БАС колдонбоо фактысы аныкталганда Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык протокол түзүлөт.
Субъект кол коюудан баш тарткан же жок болгон учурда ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасында көрсөтүлгөн субъекттин маалыматтарын пайдалануу менен "укук бузуу фактысы менен макул эмес" деген белги менен протокол түзүлөт жана укук бузуу жөнүндө ишти кароонун убактысы жана орду дайындалгандыгы жөнүндө кабарлоо менен бирге тапшырылат же почта аркылуу жөнөтүлөт.
Бул учурда иштин материалдары укук бузуулар жөнүндө ишти кароо боюнча комиссияга берилет.
86. Ошону менен бирге ККМдин бар экендиги текшерилет. ККМ жок болгон учурда бул факт РСК актысында белгиленет жана рейддик салык контролунун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык чаралар көрүлөт.
Андан ары рейддик салык контролунун жүрүшүндө кассадагы акча каражаттарынын калдыктары алынат, аны менен бирге май бөлүштүрүүчү колонкалардын (мындан ары - МБК) суммардык эсептегичтеринин көрсөткүчтөрүнүн калдыктары жана резервуардагы (сыйымдуулуктардагы) КММдин калдыктары да алынат. Текшерүү учурундагы МБК суммардык эсептегичтеринин нөөмөттүн башталышына карата көрсөткүчтөрү кемитилет жана контролдоо учурундагы сатылган КММдин саны (марка боюнча) аныкталат. Контролдоо учурунда сатылган КММдин санынан ырастоочу документтерди (талондор, ички ташууга коштомо кагаздар, сордуруп куюу актылары ж.б.) милдеттүү түрдө берүү менен накталай эмес эсептешүү жолу менен кое берилген КММдин саны кемитилет, КММдин алынган айырмасы КММдин сатуу баасына (маркалар боюнча) көбөйтүлөт жана түшкөн акчанын суммасы аныкталат. Сатылган КММдин көлөмүнөн эсептелген түшкөн акчанын суммасы Х-отчеттун суммасы менен дал келүүгө тийиш.
Эгерде сатылган КММдин көлөмүнөн эсептелген түшкөн акчанын суммасы рейддик салык контролу жана/же Х-отчет учуруна карата кассадагы накталай акча каражаттарынын иш жүзүндөгү калдыгынын суммасынан көп болсо, анда айырманын суммасы (ашыкчасы) контролдук-кассалык чек басып чыгарылбагандыгын ырастоо болуп саналат жана РСК актысына сумма цифра жана жазуу түрүндө көрсөтүлүп, "ашыкча" деген жазуу жазылат.
Көрсөтүлгөн факт боюнча Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык протокол түзүлөт.
Ошол эле учурда субъекттен милдеттүү түрдө РНК актысына тиркелген ылайык келбөө фактысы аныкталгандыгы жөнүндө түшүнүк кат талап кылынат. Эгерде түшүнүк кат берүүдөн баш тартса, РНК актысында белгиленген бузуунун мүнөзүнөн тышкары түшүнүк кат берүүдөн баш тартуу жөнүндө маалымат дагы көрсөтүлөт.
Протоколго кол коюудан баш тартканда же рейддик салык контролу жүргүзүлгөн жерде катталган салык төлөөчү же салык өкүлү жок болгон учурда ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасында көрсөтүлгөн субъекттин маалыматтарын чагылдыруу менен "укук бузуу фактысы менен макул эмес" деген белги менен протокол түзүлөт жана укук бузуу жөнүндө ишти кароонун убактысы жана орду дайындалгандыгы жөнүндө кабарлоо менен бирге тапшырылат же почта аркылуу жөнөтүлөт. Бул учурда иштин материалдары укук бузуулар жөнүндө ишти кароо боюнча комиссияга берилет.
87. Мунай продукттарын ташып келүүнү, сактоону, өндүрүүнү жана сатууну жүзөгө ашыруучу субъекттерди контролдоодо рейддик салык контролунун жүрүшүндө салык кызматынын органынын контролдук пломбаларынын болушу жана ылайык келүүсү милдеттүү түрдө текшерилет. Текшерүүнүн натыйжалары РСК актысында чагылдырылат.
Пломбаны бузуу фактысы аныкталган учурда бул тууралуу РСК актысында "пломбаны бузуу" деген жазуу жазылат, ошондой эле бул факт калыс-күбөлөрдүн катышуусунда белгиленет жана алар РСК актысына кол коёт. Калыс-күбөлөр жок болгон учурда фото-видео тартуу жүргүзүлөт.
Бул материалдар Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык жоопкерчиликке тартуу үчүн укук коргоо органдарына берилет.
88. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган мунай продуктуларды чекене жана/же дүң ташып келүүгө, сактоого, өндүрүүгө жана сатууга карата талаптарды бузуу фактысы аныкталган учурда Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодекси боюнча протокол түзүлөт.
Протоколго кол коюудан баш тартканда же рейддик салык контролу жүргүзүлгөн жерде катталган салык төлөөчү же салык өкүлү жок болгон учурда ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасында көрсөтүлгөн субъекттин маалыматтарын чагылдыруу менен "укук бузуу фактысы менен макул эмес" деген белги менен протокол түзүлөт жана укук бузуу жөнүндө ишти кароонун убактысы жана орду дайындалгандыгы жөнүндө кабарлоо менен бирге тапшырылат же почта аркылуу жөнөтүлөт. Бул учурда иштин материалдары укук бузуулар жөнүндө ишти кароо боюнча комиссияга берилет.
89. Рейддик салык контролунун алкагында кызматкер мунай продукттарынын же резервуарлардын базасына ээлик кылуу документтерин, ошондой эле даярдоочу же сатуучу (сатууга даяр продукцияны сактаган ишканаларда) берген продукциянын паспортун текшерет. Мындан тышкары мунай продукттарын сактоо шарттарын, ЭТТК колдонуу фактысын, ошондой эле контролдук пломбалардын бар экендигин текшерет. Жогоруда көрсөтүлгөн бузуулардын кеминде бири аныкталган учурда РСК актысында бузуунун тиешелүү түрү (алардын түрлөрү) көрсөтүлөт жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык протокол түзүлөт.
Протоколго кол коюудан баш тартканда же рейддик салык контролу жүргүзүлгөн жерде катталган салык төлөөчү же салык өкүлү жок болгон учурда ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасында көрсөтүлгөн субъекттин маалыматтарын чагылдыруу менен "укук бузуу фактысы менен макул эмес" деген белги менен протокол түзүлөт жана укук бузуу жөнүндө ишти кароонун убактысы жана орду дайындалгандыгы жөнүндө кабарлоо менен бирге тапшырылат же почта аркылуу жөнөтүлөт. Бул учурда иштин материалдары укук бузуулар жөнүндө ишти кароо боюнча комиссияга берилет.
90. Рейддик салык контролунун жүрүшүндө АМСтен тышкаркы КММ соода жайлары текшерилет. Мындай тартип бузуу аныкталган учурда РСК актысында тиешелүү маалымат көрсөтүлөт жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык протокол түзүлөт, ошондой эле Мүлктү алып коюу актысын түзүү менен мүлктү алып коюу түрүндөгү кошумча укуктук натыйжа колдонулат. Мүлктү убактылуу алып коюуда РСК актысына Мүлктү алып коюу актысы тиркелет.
Протоколго кол коюудан баш тартканда же рейддик салык контролу жүргүзүлгөн жерде катталган салык төлөөчү же салык өкүлү жок болгон учурда ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасында көрсөтүлгөн субъекттин маалыматтарын чагылдыруу менен "укук бузуу фактысы менен макул эмес" деген белги менен протокол түзүлөт жана укук бузуу жөнүндө ишти кароонун убактысы жана орду дайындалгандыгы жөнүндө кабарлоо менен бирге тапшырылат же почта аркылуу жөнөтүлөт. Бул учурда иштин материалдары укук бузуулар жөнүндө ишти кароо боюнча комиссияга берилет.
91. Даттануу мөөнөтү аяктагандан кийин үч күндүн ичинде иш боюнча материалдар убактылуу алынып коюлган мүлктү жок кылуу же мамлекеттин кирешесине конфискациялоо жөнүндө маселени чечүү үчүн сотко жиберилет.
Мүлктү конфискациялоо же жок кылуу маселеси сот тарабынан чечилет.
92. Эгерде рейддик салык контролунун жүрүшүндө укук бузуу объекти укук бузуу жасалган жерде кароосуз калтырылса, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодекси боюнча протокол "укук бузуучу жөнүндө маалыматтар" пунктунда "жаксыз" деген белгиси менен түзүлөт.
Мындан тышкары иш боюнча өндүрүш Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык токтотулуп турат, ошондой эле кызматкер укук бузган адамды табууга жана аныктоого бардык чараларды көрүүгө милдеттүү.
93. Эгерде доонун эскирүү мөөнөтү өткөндөн кийин укук бузуучунун ким экендиги аныкталбаса, кызматкер сотко укук бузуулар жөнүндө иш боюнча протоколду, ошондой эле убактылуу алынган мүлктү жок кылуу же мамлекеттин кирешесине конфискациялоо жөнүндө маселени чечүү үчүн башка материалдарды жиберет.
Мүлктү конфискациялоо же жок кылуу маселеси сот тарабынан чечилет.
16-глава. РСК актысын тариздөө
94. Салык кызматынын органдары тарабынан берилген жазма буйруктун негизинде ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасында уникалдуу номерлери менен РСК актылары түзүлөт.
95. РСК актысы жана анын тиркемелери тийиштүү алып жүрүүчүдө кагаз да, электрондук түрдө да таризделиши мүмкүн. Кагаз түрүндө таризделген актыга кызматкер жана субъект же жооптуу адамы кол коёт, актыны электрондук формада тариздөөдө кызматкер жана субъект же субъекттин жооптуу адамы графикалык кол тамганы колдонот.
96. Кагаз жүзүндө тариздөөдө РСК актысынын экинчи нускасы тиркемелердин тиркемелери менен субъектке же субъекттин жооптуу адамына кол койдуруу менен тапшырылат. Кызматкер кол коё турган РСК актысына кол коюудан баш тарткан учурда тапшырылган датасын көрсөтүү менен "РСК актысына кол коюудан баш тартты, РСК актысынын экинчи нускасы тапшырылды" деп жазылат.
97. Электрондук түрдө таризделген учурда электрондук РСК актысы бардык тиркемелери менен салык төлөөчүнүн жеке кабинетине же өз ара макулдашуу боюнча анын электрондук дарегине же субъекттин мессенджерине жөнөтүлөт.
98. РСК актысында сөзсүз түрдө төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) РСК актысынын номери;
2) рейддик салык контролун жүргүзүү датасы, орду, башталган убактысы;
3) кызматкердин аты-жөнү жана кызмат орду;
4) жазма буйруктун номери жана датасы;
5) жазма буйрукту берген салык кызматы органынын аталышы;
6) контролдоо учурунда катышкан субъекттин аты-жөнү, ээлеген кызмат орду, байланыш телефон номери жана анын жашаган жеринин дареги;
7) ишкердик объектинин аталышы жана дареги;
8) субъекттин аталышы, анын ИСН жана субъект катталган салык органынын аталышы;
9) экономикалык иш жүргүзүү укугуна уруксат берүүчү документтердин (мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн жана/же патенттин, камсыздандыруу полисинин сериясы жана номери, берилген датасы жана алардын колдонуу мөөнөтү) болушу;
10) жалданма кызматкерлердин саны;
11) инспектордук текшерүүлөр китебинин болушу;
12) иштин түрү;
13) ККМдин болушу;
14) кассада Накталай акча каражаттарын алуу актысына ылайык накталай түшкөн акчанын суммасы;
15) Х-отчетто көрсөтүлгөн сумма, Х-отчеттун өзү РСК актысына тиркелет;
16) товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү эсепке алуунун программалык каражаттары аркылуу орто аралык отчетто көрсөтүлгөн сумма, орто аралык отчеттун өзү РСК актысына тиркелет;
17) POS-терминал же мобилдик банкингден көчүрмө аркылуу түзүлгөн Х-отчетко ылайык накталай эмес түшкөн акчанын суммасы;
18) кызматкердин жана субъекттин же субъекттин жооптуу адамынын колу.
99. Субъект же субъекттин жооптуу адамы кол коюудан баш тарткан учурда РСК актысына тартылган күбөлөр кол коёт.
Күбөлөр тартуу мүмкүн болбогон учурда фотовидео тартуу жүргүзүлөт жана кызматкер тарабынан кол коюлуучу РСК актысына датасын көрсөтүү менен "РСК актысына кол коюудан баш тартты, ушул актынын экинчи нускасы тапшырылды" деп жазылат.
100. Эгерде РСК актысы салык органы тарабынан субъекттин иш жүргүзгөн жери боюнча түзүлсө, ал эми өзү башка салык органында салыктык каттоодо турса, анда РСК актысында көрсөтүлгөн салык мыйзамын бузуулар иш жүргүзгөн жери боюнча каралат.
101. Рейддик салык контролунун жыйынтыгы салык постун орнотууга тийиш болгон тобокелдикке багытталган субъекттерди түзүүдө тобокелдик факторлорун аныктоо үчүн негиздердин бири катары кызмат кылат.".
|
| 2-тиркеме |
|
|
|
|
|
Контролдук сатып алууну жүргүзүү ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Контролдук сатып алууну материалдарын жүргүзүүнүн жана тариздөөнүн ушул тартиби Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 127, 129, 130-беренелерине ылайык иштелип чыккан жана контролдук сатып алууну жүргүзүү жана материалдарын тариздөө тартибин аныктайт.
2. Контролдук сатып алуу - контролдук-кассалык машиналардын (мындан ары - ККМ) бар экендигин жана оң экендигин, ошондой эле контролдук кассалык чекти берүүнү текшерүү үчүн товарлардын белгилүү санын сатып алуу же субъекттер менен бүтүмдөрдү түзүү жолу менен ишке ашырылуучу текшерүү методу.
3. Контролдук сатып алуу салык кызматынын органдары тарабынан соода операцияларында же жумуштарды аткарууда жана кызматтарды көрсөтүүдө акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө ККМди колдонуу боюнча салык мыйзамдарынын талаптарын жана тартибин сактоону контролдоо үчүн гана жүргүзүлөт. Контролдук сатып алуу мезгил аралыгы чектелбестен ишке ашырылат жана өзүнчө же рейддик салык контролунун алкагында жүргүзүлүшү мүмкүн.
4. Контролдук сатып алууну дайындоо үчүн негиздер болуп төмөнкүлөр саналат:
1) ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасынын маалыматы боюнча ККМде активдүүлүктүн жоктугу;
2) контролдук-кассалык чектерди чыгарып берүү мезгилинин үзгүлтүктүүлүгү;
3) чоң суммада түшкөн акчага контролдук-кассалык чектерди бир чек менен чыгарып берүү;
4) субъекттин иштөө режиминин аныкталган мезгилинде контролдук-кассалык чектерди минималдык санда чыгарып берүү;
5) ККМди калк үчүн жеткиликсиз жерде колдонуу;
6) жеке жактардын даттануулары.
5. Контролдук сатып алуу салык кызматынын органынын кызмат адамы (мындан ары - кызматкер) же кызматкер тарабынан ыктыярдуу негизде тартылуучу жеке жактар тарабынан жүргүзүлөт.
6. Контролдук сатып алууга тартылган жеке жактын маалыматтары жазма буйруктун жүгүртүлүшүндө көрсөтүлөт.
7. Контролдук сатып алуунун жүрүшүндө сатып алынган товар сатуучуга же даярдоочуга кайтарылып берилген учурда кызматкер товардын түрүн сактоо шартында товар үчүн төлөнгөн сумманы толук кайтарып берүүнү талап кылууга укуктуу.
2-глава. Контролдук сатып алууну жүргүзүү тартиби
8. Контролдук сатып алууну жүргүзүү үчүн салык кызматынын органынын жетекчиси же салык кызматынын органынын жетекчиси ыйгарым укук берген адам төмөнкү маалымдаректерди камтыган тиешелүү алып жүрүүчүдө ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча жазма буйрукка кол коёт (ырастайт):
1) жазма буйрукту каттоо датасы жана номери;
2) салык кызматынын органынын аталышы;
3) контролдук сатып алууну жүргүзүүгө тартылган салык кызматкеринин фамилиясы, аты, атасынын аты;
4) салык төлөөчүнүн толук аталышы;
5) идентификациялык салык номери (мындан ары - ИСН);
6) контролдук сатып алуунун негизи;
7) контролдук сатып алууну жүргүзүүнүн мөөнөтү.
Контролдук сатып алууну жүргүзүү укугуна жазма буйрук ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасы аркылуу кагаз же электрондук формада таризделет. Электрондук формадагы жазма буйрукка ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасында салык кызматынын органынын жетекчиси же салык кызматынын органынын жетекчиси ыйгарым укук берген адам тарабынан электрондук кол коюлушу (ырасталышы) керек. Аны кагазга басып чыгарууда жетекчинин колу коюлат жана гербдүү мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
9. Жайгашкан жерине келгенден кийин кызматкер же жеке адам жазма буйрукта көрсөтүлгөн субъекттен контролдук сатып алууну жүргүзөт жана субъектке кызматтык күбөлүгүн жана жазма буйруктун түп нускасын таанышуу жана арткы бетине кол коюу үчүн кагаз жүзүндө же таанышуу жана графикалык кол коюу үчүн тийиштүү алып жүрүүчүлөрдө электрондук формадагы жазма буйрукту берет.
10. Субъект жазма буйруктун номерин көрсөтүү же электрондук түрдөгү жазма буйрукта жайгаштырылган QR-кодду колдонуу менен ыйгарым укуктуу салык органынын сайтынын жазма буйруктар бөлүмүндө жазма буйруктун аныктыгын текшерүүгө укуктуу.
11. Жазма буйрук менен таанышуудан баш тарткан учурда жазма буйрукта баш тартуу жөнүндө маалымат бланкта же тийиштүү алып жүрүүчүдө көрсөтүлөт. Жазма буйрук менен таанышуудан баш тартуу контролдук сатып алууну жүргүзүү үчүн тоскоолдук болуп саналбайт.
12. Жазма буйрукту жана кызматтык күбөлүктү көрсөткөндөн кийин кызматкер контролдук сатып алуу учурунда Х-отчетту чыгарууну талап кылат. ККМ жок болгон учурда бул факт Контролдук сатып алуу актысында белгиленет жана контролдук сатып алуунун натыйжалары боюнча Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык чаралар көрүлөт.
Кызматкер X-отчетту жана/же аралык отчетту алып, субъект менен эмгек мамиледе болгон субъекттин кызыкчылыгында белгилүү аракеттерди жасаган субъект же жеке адам менен бирге (мындан ары - субъекттин жооптуу адамы) ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча кассадагы Накталай акча каражаттарынын калдыктарын алуу актысын (мындан ары - Накталай акча каражаттарын алуу актысы) толтуруу менен субъекттин кассасындагы накталай акча каражаттарынын иш жүзүндөгү калдыгын алат, мында накталай түшкөн акча купюра менен көрсөтүлөт жана контролдоо учурунда түшкөн акчанын жалпы суммасы цифра жана жазуу менен чыгарылат. Кассада накталай акча каражаттарынын калдыктарын алууда субъект же субъекттин жооптуу адамы накталай акча каражаттарын эсептейт, ал эми кызматкер Накталай акча каражаттарынын калдыктарын алуу актысын толтурат.
Накталай акча каражаттарынын калдыктарын алуу актысына кызматкер жана субъект же субъекттин жооптуу адамы тарабынан ошол адамдын маалыматтарын көрсөтүү менен кол коюлат. Субъект же субъекттин жооптуу адамы Накталай акча каражаттарынын калдыктарын алуу актысына кол коюудан баш тарткан учурда актыга тартылган калыс-күбөлөр кол коёт. Калыс-күбөлөрдү тартуу мүмкүн болбогон учурда фото-видеого тартуу жүргүзүлөт жана Накталай акча каражаттарынын калдыктарын алуу актысына тапшырылган датасын көрсөтүү менен "Накталай акча каражаттарынын калдыктарын алуу актысына кол коюудан баш тартты, ушул актынын экинчи нускасы тапшырылды" деп жазылат.
13. Эгерде субъект бир объектте бир нече ККМ колдонсо, анда кассалык тартипти контролдоо ар бир ККМ боюнча жүргүзүлөт.
14. Кассадагы накталай акча каражаттарынын калдыктарын алууда кызматкер субъекттин экономикалык иш жүргүзүү үчүн пайдаланган аймагын, жайларын, мүлк объекттерин ККМ аркылуу өткөрүлбөгөн акча каражаттарынын суммасын жашыруу предметинде текшерүүгө укуктуу.
15. Рейддик салык контролу учурунда кассадагы накталай акча каражаттарынын иш жүзүндөгү калдыгы Х-отчетто жана/же орто аралык отчетто көрсөтүлгөн суммалар менен салыштырылат.
16. Эгерде кассадагы накталай акча каражаттары Х-отчетто жана/же орто аралык отчетто көрсөтүлгөн суммадан бир эсептик көрсөткүчтөн чоң болсо, анда ашыкча сумма контролдук-кассалык чектин сатып алуучуга (кардарга) чыгарбоо фактысын ырастоо болуп саналат жана Контролдук сатып алуу актысында сумманы цифра жана жазуу жүзүндө көрсөтүү менен "ашыкча" деген жазуу жазылат, мында субъекттен милдеттүү түрдө түшүнүк кат алынат, ал Контролдук сатып алуу актысына тиркелет.
Кассадагы акча каражаттарынын ашыкча экендиги ырасталган учурда субъект белгиленген ашыкча суммага ККМ аркылуу контролдук-кассалык чекти чыгарууга милдеттүү.
17. Эгерде кассадагы накталай акча каражаттары Х-отчетто жана/же орто аралык отчетто көрсөтүлгөн суммадан аз болсо, анда кем чыгуу фактысы боюнча субъект жетпеген суммага чыгымдарды ырастаган документтерди берүүгө тийиш жана Контролдук сатып алуу актысына сумманы цифра жана жазуу түрүндө көрсөтүү менен "кем чыгуу" деген жазуу жазылат.
18. Эгерде орто аралык отчетто көрсөтүлгөн сумма Х-отчетто көрсөтүлгөн суммадан көп болсо, анда айырманын (ашыкчанын) суммасы контролдук-кассалык чекти чыгарбоо фактысын ырастоо болуп саналат жана Контролдук сатып алуу актысында сумманы цифра жана жазуу жүзүндө көрсөтүү менен "ашыкча" деген жазуу жазылат, мында субъекттен аныкталган ылайык келбөө фактысы жөнүндө түшүнүк кат милдеттүү түрдө талап кылынат, ал Контролдук сатып алуу актысына тиркелет.
Субъект түшүнүк кат берүүдөн баш тарткан учурда Контролдук сатып алуу актысында түшүнүк кат берүүдөн баш тарткандыгы жөнүндө маалымат көрсөтүлөт. Эгерде орто аралык отчетто көрсөтүлгөн сумма Х-отчетто көрсөтүлгөн суммадан аз болсо, анда айырманын суммасы кем чыгууга кирет жана Контролдук сатып алуу актысында сумманы цифра жана жазуу түрүндө көрсөтүү менен "кем чыкты" деп жазылат.
19. POS-терминал жана/же мобилдик банкинг бар болсо, банктык төлөм карточкалары аркылуу төлөнгөн суммалар же мобилдик банкинг аркылуу которуулар боюнча чекте же көчүрмөдө көрсөтүлгөн накталай эмес акча каражаттарынын суммасы Х-отчетто көрсөтүлгөн накталай эмес түшкөн акчага карата салыштырылат.
Эгерде чекте же көчүрмөдө накталай эмес акча каражаттары Х-отчетто жана/же орто аралык отчетто көрсөтүлгөн суммадан бир эсептик көрсөткүчтөн чоң болсо, анда ашыкча сумма сатып алуучуга (кардарга) контролдук-кассалык чекти чыгарбоо фактысын ырастоо болуп саналат жана Контролдук сатып алуу актысында сумманы цифра жана жазуу түрүндө көрсөтүү менен "ашыкча" деген жазуу жазылат, мында субъекттен милдеттүү түрдө түшүнүк кат талап кылынат, ал Контролдук сатып алуу актысына тиркелет.
Акча каражаттары ашыкча болгон факты ырасталган учурда субъект белгиленген ашыкча суммага ККМ аркылуу контролдук-кассалык чек чыгарууга милдеттүү.
Эгерде чекте же көчүрмөдө накталай эмес акча каражаттары Х-отчетто жана/же орто аралык отчетто көрсөтүлгөн суммадан аз болсо, анда кем чыгуу фактысы боюнча субъект жетпеген суммага чыгымдарды ырастаган документтерди берүүгө тийиш жана Контролдук сатып алуу актысында сумманы цифра жана жазуу түрүндө көрсөтүү менен "ашыкча" деген жазуу жазылат.
20. ККМди колдонуу талаптарын жана тартибин бузуунун белгиленген түрүнө жараша Контролдук сатып алуу актысына: "ККМди колдонбоо", "чек чыгарбоо", "ККМ оң эмес" деген жазуулар жана кассада Накталай акча каражаттарын алуу актысы тиркемеси жөнүндө маалыматты же субъекттин түшүнүк кат берүүдөн баш тартуусу тууралуу маалымат киргизилет.
21. Белгиленген бузуулардын негизинде Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык бузуунун конкреттүү түрүн көрсөтүү менен протокол түзүлөт.
Протоколго кол коюудан баш тарткан же рейддик салык контролу өткөрүлгөн жерде катталган салык төлөөчү же салык өкүлү жок болгон учурда протокол ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасында көрсөтүлгөн субъекттин маалыматтарын чагылдыруу менен "укук бузуу фактысы менен макул эмес" деген белги коюу менен түзүлөт жана укук бузуу жөнүндө ишти кароонун убактысы жана орду дайындалгандыгы жөнүндө билдирүү менен бирге тапшырылат же почта аркылуу жөнөтүлөт. Бул учурда иштин материалдары укук бузуулар жөнүндө ишти кароо боюнча комиссияга берилет.
22. ККМ бузук болгон учурда Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарына ылайык эсеп жүргүзүүчү адамдарды кошпогондо, жеке ишкерлердин сатып алууларын жана сатууларын эсепке алуу квитанциялардын бланктарын эсепке алуу китебинде жүргүзүлөт.
ККМ бузулган учурга карата квитанциялардын бланктары жана квитанциялардын бланктарын эсепке алуу китеби колдонулбай калган учурда Контролдук сатып алуу актысында тиешелүү жазуу көрсөтүлөт жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык протокол түзүлөт.
23. Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү эсепке алуунун программалык каражаттарын пайдаланууда, ошондой эле Х-отчеттон тышкары, накталай эмес эсептешүүлөрдө кызматкер субъекттен товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү эсепке алуунун программалык каражаттары аркылуу түзүлүүчү орто аралык отчетту, РОS-терминалда түзүлүүчү орто аралык чекти жана/же банктык төлөм карталары же мобилдик банкинг аркылуу которуу аркылуу төлөнгөн суммалар боюнча мобилдик банкингден көчүрмөнү Х-отчетко карата накталай эмес акча каражаттарын салыштыруу үчүн чыгарууну талап кылат.
24. Субъект кызматкерге Х-отчетту жана/же орто аралык отчетту жана/же РОS-терминалдын чегин берүүдөн баш тарткан учурда Х-отчетту жана/же орто аралык отчетту берүүдөн баш тартуу жөнүндө маалымат Контролдук сатып алуу актысында көрсөтүлөт. Ошондой эле ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча Тоскоолдук көрсөтүү актысы түзүлөт, анда X-отчетту жана/же орто аралык отчетту бербөө менен чагылдырылган кызматкердин мыйзамдуу талаптарын аткарбоо фактысы көрсөтүлөт.
Тоскоолдук көрсөтүү актысына кызматкер жана субъект же субъекттин жооптуу адамы ошол адамдын маалыматтарын көрсөтүү менен кол коёт. Субъект же жооптуу адам Тоскоолдук көрсөтүү актысына кол коюудан баш тарткан учурда актыга тартылган калыс-күбөлөр кол коёт. Калыс-күбөлөрдү тартуу мүмкүн болбогон учурда фотовидео тартуу жүргүзүлөт жана Тоскоолдук көрсөтүү актысына тапшыруу датасын көрсөтүү менен "Тоскоолдук көрсөтүү актысына кол коюудан баш тартты, ушул актынын экинчи нускасы тапшырылды" деп жазылат.
Бул актынын негизинде салык кызматынын органдарынын кызматкерлеринин ККМге жана товарларды эсепке алуунун программалык каражаттарына жеткиликтүүлүгүнө тоскоолдук көрсөтүү фактысы боюнча Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык протокол түзүлөт.
Протоколго кол коюудан баш тарткан же рейддик салык контролу өткөрүлгөн жерде катталган салык төлөөчү же салык өкүлү жок болгон учурда протокол ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасында көрсөтүлгөн субъекттин маалыматтарын чагылдыруу менен "укук бузуу фактысы менен макул эмесмин" деген белги коюу менен түзүлөт жана укук бузуулар жөнүндө ишти кароонун убактысы жана орду дайындалгандыгы жөнүндө билдирүү менен бирге тапшырылат же почта аркылуу жөнөтүлөт. Бул учурда иштин материалдары укук бузуулар жөнүндө ишти кароо боюнча комиссияга өткөрүп берилет.
3-глава. Контролдук сатып алуунун жыйынтыгын тариздөө жана карап чыгуу
25. Накталай акча каражаттарынын калдыктарын алгандан кийин кызматкер ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча таризделген Контролдук сатып алуу актысын тариздейт, анда милдеттүү түрдө төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) контролдук сатып алууну жүргүзгөн датасы, орду, убактысы;
2) кызматкердин аты-жөнү жана кызмат орду;
3) жазма буйруктун номери жана датасы;
4) жазма буйрукту берген салык кызматынын органынын аталышы;
5) контролдоо учурунда катышкан субъекттин аты-жөнү, ээлеген кызмат орду, байланыш телефон номери жана анын жашаган жеринин дареги;
6) ишкердик объектинин аталышы жана дареги;
7) ишинин түрү;
8) субъекттин аталышы жана ИСН;
9) субъект катталган салык органынын аталышы;
10) сатуучунун (кассирдин) аты-жөнү, ИСН жана ээлеген кызмат ордун көрсөтүү менен иштеген фактысын ырастоочу документтин болушу;
11) инспектордук текшерүү китебинин болушу;
12) баалардын (прейскуранттар, меню) болушу;
13) ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген форма боюнча контролдук-кассалык чекти талап кылуунун зарылдыгы жөнүндө маалыматтын болушу;
14) сатып алынган товардын (кызмат көрсөтүүнүн) аталышы, баасы, саны жана суммасы;
15) ККМдин каттоо маалыматтары;
16) контролдук сатып алуунун натыйжалары тууралуу маалымат;
17) кассадан Накталай акча каражаттарын алуу актысына ылайык накталай түшкөн акчанын суммасы;
18) Х-отчетто көрсөтүлгөн сумма, Х-отчеттун өзү Контролдук сатып алуу актысына тиркелет;
19) товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү эсепке алуунун программалык каражаттары аркылуу орто аралык отчетто көрсөтүлгөн сумма, орто аралык отчеттун өзү Контролдук сатып алуу актысына тиркелет.
26. Контролдук сатып алуу актысы жана анын тиркемелери кагаз жүзүндө да, тийиштүү алып жүрүүчүдө электрондук формада да таризделиши мүмкүн. Кагаз жүзүндө таризделген Контролдук сатып алуу актысына кызматкер жана субъект же субъекттин жооптуу адамы тарабынан кол коюлат, актыны электрондук формада тариздөөдө кызматкердин жана субъекттин графикалык колу колдонулат.
27. Кагаз түрүндө таризделген учурда Контролдук сатып алуу актысынын экинчи нускасы бардык тиркемелери менен бирге субъектке кол койдуруу менен тапшырылат. Эгерде субъект Контролдук сатып алуу актысына кол коюудан жана алуудан баш тартса, анда кызматкер тарабынан кол коюлуучу Контролдук сатып алуу актысына тапшырылган датасын көрсөтүү менен "Контролдук сатып алуу актысына кол коюудан баш тартты, бул актынын экинчи нускасы тапшырылды" деп жазылат.
28. Электрондук формада тариздөөдө Контролдук сатып алуу актысын бардык тиркемелери менен салык төлөөчүнүн жеке кабинетине же анын электрондук дарегине же субъекттин мессенджерине жөнөтүлөт. Эгерде субъект кол коюудан жана графикалык кол коюу менен Контролдук сатып алуу актысын алуудан баш тартса, анда Контролдук сатып алуунун электрондук актысына "Контролдук сатып алуу актысына кол коюудан баш тартты, ушул актынын экинчи нускасы тапшырылды" деп жазылат, фотовидео тартуу жүргүзүлөт жана материалдар салык төлөөчүнүн жеке кабинетине же анын электрондук дарегине же субъекттин мессенджерине жөнөтүлөт.
29. Контролдук сатып алуунун натыйжалары рейддик салыктык контролдоого жана салык постун орнотууга тийиш болгон тобокелдикке багытталган субъекттерди түзүүдө тобокелдик факторлорун аныктоо үчүн негиздердин бири катары колдонулат.
30. Башка бузуулар аныкталган учурда кызматкер субъект же субъекттин жооптуу адамынын катышуусунда бул фактыны фотовидео тартуу жүргүзөт жана субъекттин салыктык (эсептик) катталган жери боюнча салык органына өткөрүп берет. Тиешелүү салык органы маалыматты алгандан кийин Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык чара көрүү үчүн ошол субъектке карата энчилүү жазма буйрук түзөт.".
|
| 3-тиркеме |
|
|
|
|
|
Салык постун орнотуу ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 51, 59, 60, 85, 109, 131, 132 жана 138-беренелерине ылайык иштелип чыккан жана салык төлөөчүнүн (мындан ары - субъект) товарларын жана акча каражаттарын толук эсепке алуу жана салык карыздарын төлөө максатында салык постун орнотуу жана анын ишин уюштуруу тартибин аныктайт.
2. Салык посту төмөнкүдөй субъекттин экономикалык ишти жүзөгө ашырган аймактарына орнотулат:
1) акциздик товарды өндүрүүчү;
2) салык карызы бар - салык карызын толук төлөгөнгө чейин;
3) салык постун орнотуу менен коомдук тамактануу, соода, кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө жана курорттук-ден соолукту чыңдоо чөйрөсүндө иш жүргүзгөн - катары менен келген жети календардык күндөн кем эмес мөөнөткө;
4) өндүрүш чөйрөсүндө иш жүргүзгөн - салык мыйзамдарынын талаптарын сактабоо боюнча тобокелдик факторлору болгон учурда;
5) салык отчетун системалуу түрдө нөлдүк көрсөткүчтөр менен берген - товарлардын жана акча каражаттарынын жүгүртүлүшүн эсепке алуу толук аныкталганга чейин;
6) субъекттин экономикалык иш жүргүзүүсүнүн сезондук мүнөзүнө жараша пайдалуу кендерди казып алууну жүзөгө ашырган - товарлардын жана акча каражаттарынын жүгүртүлүшүн эсепке алуу толук аныкталганга чейин.
3. Салык посту субъекттин иш режиминде орнотулат.
4. Салык постунун жыйынтыктары салык контролун жүргүзүү үчүн колдонулушу мүмкүн.
2-глава. Салык постун тариздөө тартиби
5. Салык посту орнотулуучу субъекттердин тизмеги күйүүчү-майлоочу материалдарды кошпогондо, акциздик продукцияны өндүрүүчү субъекттерден тышкары, субъекттин салыктык (эсептик) катталган жери боюнча салык кызматынын органынын буйругу менен бекитилет.
Салык посту орнотулуучу, күйүүчү-майлоочу материалдарды кошпогондо, акциздик продукцияны өндүрүүчү субъекттердин тизмеги ыйгарым укуктуу салык органынын буйругу менен бекитилет.
6. Салык посту ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча салык кызматынын органы тарабынан берилген жазма буйруктун негизинде орнотулат.
Салык постун орнотуу укугуна жазма буйрук ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасы аркылуу кагаз же электрондук формада таризделет. Электрондук формадагы жазма буйрукка салык кызматынын органынын жетекчисинин же ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасында салык кызматынын органынын жетекчиси ыйгарым укук берген адамдын электрондук колу коюлушу (ырасталышы) керек. Аны кагаз түрүндө чыгарууда жетекчи кол коёт жана гербдүү мөөр менен күбөлөндүрүлөт.
7. Жазма буйрукта төмөнкүдөй маалыматтар камтылат:
1) салык кызматынын органында жазма буйрукту каттоо номери;
2) жазма буйрукту берген салык кызматынын органынын аталышы;
3) салык постун орнотуу тапшырылган салык кызматынын органынын кызмат адамынын (мындан ары - кызматкер) аты-жөнү, кызматтык күбөлүгүнүн номери;
4) салык посту орнотулуп жаткан субъекттин толук аталышы;
5) субъекттин идентификациялык салык номери (мындан ары - ИСН);
6) салык постун орнотуу үчүн негиздер;
7) салык постун орнотуу мөөнөтү;
8) ушул жазма буйрукту ырастаган салык кызматынын органынын жетекчисинин аты-жөнү;
9) жазма буйрук берилген дата.
8. Жазма буйруктун колдонуу мөөнөтүн узартууда узартуунун колдонуу мөөнөтү көрсөтүлөт, жетекчи кол коёт жана гербдүү мөөр менен күбөлөндүрүлөт. Электрондук формадагы жазма буйруктун колдонуу мөөнөтүн узартуу учурунда жазма буйрукка ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасында жетекчинин электрондук колу коюлат (ырасталат).
9. Салык постун орнотууда кызматкер тарабынан субъекттин жайгашкан жерине келгенде таанышуу үчүн субъектке төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) жазма буйрукта көрсөтүлгөн кызматкердин кызматтык күбөлүгү;
2) таанышуу жана арткы бетине кол коюу үчүн кагаз түрүндөгү жазма буйруктун түп нускасы же таанышуу жана графикалык кол коюу үчүн тиешелүү алып жүрүүчүдөгү электрондук формадагы жазма буйрук. Өз ара макулдашуу боюнча кызматкер субъекттин электрондук дарегине же мессенджерлерине таанышуу үчүн электрондук формадагы жазма буйрукту жөнөтө алат.
10. Жазма буйрук менен таанышуудан баш тарткан учурда бул жөнүндө маалымат жазма буйрукта же тиешелүү алып жүрүүчүдө көрсөтүлөт.
Буйрук менен таанышуудан баш тартуу салык постун орнотуу үчүн тоскоолдук болуп саналбайт.
11. Субъект ыйгарым укуктуу салык органынын сайтындагы жазма буйрук бөлүмүнөн жазма буйруктун номерин көрсөтүү же жазма буйрукта электрондук түрдө жайгаштырылган QR-кодду колдонуу менен жазма буйруктун аныктыгын текшерүүгө укуктуу.
12. Жазма буйрук менен таанышкандан кийин субъект жазма буйрукта көрсөтүлгөн маселелер боюнча кызматкердин мыйзамдуу талаптарын аткарууга милдеттүү.
Кызматкердин аймакка же административдик, өндүрүштүк, кампа жана башка жайларга кирүүсүнө жана/же аларды мөөр басып чаптоодо (мөөр басып бекитүүдө), товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү эсепке алуучу программалык каражаттарга жетүүгө, жайларды фотовидео тартуу жүргүзүүгө мыйзамсыз тоскоолдук көрсөткөн жана/же тиешелүү документтерди, товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү эсепке алуучу программалык каражаттардын отчетун берүүдөн баш тартылган учурда, ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча Тоскоолдук көрсөтүү актысы түзүлөт, анда кызматкердин мыйзамдуу талаптарын аткарбоо фактысы көрсөтүлөт.
Тоскоолдук көрсөтүү актысына кызматкер жана субъект же субъект менен эмгек мамилелеринде турган, субъекттин кызыкчылыгында белгилүү иш-аракеттерди аткаруучу жеке жак (мындан ары - субъекттин жооптуу адамы) ошол адамдын маалыматтарын көрсөтүү менен кол коёт. Субъект же субъекттин жооптуу адамы Тоскоолдук көрсөтүү актысына кол коюудан баш тарткан учурда актыга калыс-күбөлөрдү тартуу менен кол коюлат. Калыс-күбөлөрдү тартуу мүмкүн болбогон учурда фотовидео тартуу жүргүзүлөт жана Тоскоолдук көрсөтүү актысына тапшырылган датасын көрсөтүү менен "Тоскоолдук көрсөтүү актысына кол коюудан баш тартты, бул актынын экинчи нускасы тапшырылды" деген жазуу жазылат.
Бул актынын негизинде Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык протокол түзүлөт.
Протоколго кол коюудан баш тарткан же рейддик салык контролу жүргүзүлүп жаткан жерде катталган салык төлөөчү же салык өкүлү жок болгон учурда протокол ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасында көрсөтүлгөн субъекттин маалыматтарын чагылдыруу менен "укук бузуу фактысы менен макул эмес" деген белги менен түзүлөт жана укук бузуу жөнүндө ишти кароонун убактысы жана жери дайындалгандыгы жөнүндө билдирүү менен бирге тапшырылат же почта аркылуу жөнөтүлөт. Бул учурда иштин материалдары укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссияга берилет.
Андан ары кызматкер Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен ыйгарым укуктуу салык органынын ортосундагы макулдашууда каралган тартипте объектке кирүүгө көмөк көрсөтүү үчүн ички иштер органдарына кайрылууга укуктуу.
13. Субъектте видео байкоо жүргүзүүгө багытталган система болсо, салык постун орнотуу процессинде кызматкерге видео жазууну башкарууда пайдалануу үчүн Интернет тармагы жана/же башка тармактар аркылуу бул системага жана/же IP-камерага жана/же IP-дарегине туташууга мүмкүнчүлүк берилет.
14. Субъектте видео байкоо жүргүзүүгө багытталган система жок болгон учурда, кызматкер салык посту орнотулган объектте салык кызматынын органына таандык болгон жана Интернет тармагы жана/же башка тармактар аркылуу видео жазууларды берүүнү жүзөгө ашыруучу жабдууну орнотууга укуктуу. Бул учурда кызматкер менен субъекттин ортосунда ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген форма боюнча материалдык баалуулуктарды жооптуу сактоого кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы таризделет.
Материалдык баалуулуктарды жооптуу сактоого кабыл алуу- өткөрүп берүү актысына кызматкер жана субъект жана/же субъекттин жооптуу адамы кол коёт.
15. Видео байкоого жетүү мүмкүнчүлүгүн берүүдөн баш тартылган учурда Тоскоолдук көрсөтүү актысы түзүлөт, анда кызматкердин мыйзамдуу талаптарын аткарбоо фактысы көрсөтүлөт.
Тоскоолдук көрсөтүү актысына кызматкер жана субъект же субъекттин жооптуу адамы ошол адамдын маалыматтарын көрсөтүү менен кол коёт. Субъект же субъекттин жооптуу адамы Тоскоолдук көрсөтүү актысына кол коюудан баш тарткан учурда актыга калыс-күбөлөрдү тартуу менен кол коюлат. Калыс-күбөлөрдү тартуу мүмкүн болбогон учурда фотовидео тартуу жүргүзүлөт жана Тоскоолдук көрсөтүү актысына тапшырылган датасын көрсөтүү менен "Тоскоолдук көрсөтүү актысына кол коюудан баш тартты, бул актынын экинчи нускасы тапшырылды" деген жазуу жазылат.
Бул актынын негизинде Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык протокол түзүлөт.
Протоколго кол коюудан баш тарткан же рейддик салык контролу жүргүзүлүп жаткан жерде катталган салык төлөөчү же салык өкүлү жок болгон учурда протокол ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасында көрсөтүлгөн субъекттин маалыматтарын чагылдыруу менен "укук бузуу фактысы менен макул эмес" деген белги менен түзүлөт жана укук бузуу жөнүндө ишти кароонун убактысы жана жери дайындалгандыгы жөнүндө билдирүү менен бирге тапшырылат же почта аркылуу жөнөтүлөт. Бул учурда иштин материалдары укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссияга берилет.
16. Орнотулган салык постунун жыйынтыгы боюнча алынган маалыматтар салык милдеттенмелерин эсептөөнүн кыйыр методдорун колдонуу үчүн негиз болот.
3-глава. Өндүрүш чөйрөсүндө иш жүргүзгөн субъекттерде салык постун орнотуу
17. Өндүрүш чөйрөсүндө иш жүргүзгөн субъекттерде салык посту салык мыйзамдарынын талаптарын сактабоо боюнча тобокелдик факторлору болгон учурда ушул Тартипке ылайык орнотулат.
18. Салык мыйзамдарынын талаптарын сактабоо боюнча тобокелдиктерге төмөнкүлөр кирет:
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 127-беренесинде белгиленген методикага ылайык аныкталган тобокелдиктер;
- электрондук эсеп-фактураларды, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды жана башка документтерди, анын ичинде мамлекеттик органдардан алынгандарды талдоонун жыйынтыгында белгиленген өндүрүлгөн продукциянын көлөмү жөнүндө маалыматтар менен сатып алынган чийки заттын көлөмү жөнүндө маалыматтардын шайкеш келбестиги.
4-глава. Салык отчетун системалуу түрдө нөлдүк көрсөткүчтөр менен берген субъекттерде салык постун орнотуу
19. Салык отчетун системалуу түрдө нөлдүк көрсөткүчтөр менен берген субъекттерде салык посту салык отчеттору нөлдүк көрсөткүчтөр менен берилген учурларда орнотулат:
- мурда салык отчетторун көрсөткүчтөр менен тапшырган субъект тарабынан катары менен эки же андан көп отчеттук мезгил;
- жаңы катталган субъект тарабынан катары менен беш жана андан ашык отчеттук мезгил.
5-глава. Коомдук тамактануу, соода, кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө жана курорттук-ден соолукту чыңдоо чөйрөсүндө иш жүргүзгөн субъекттерде салык постун орнотуу
20. Коомдук тамактануу, соода, кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө жана курорттук-ден соолукту чыңдоо чөйрөсүндө иш жүргүзгөн субъекттерде салык посту төмөнкүдөй учурларда орнотулат:
- жүргүзүлгөн рейддик салык контролунун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарын бузуулар аныкталганда;
- бюджетке төлөнүүгө тийиш болгон түшкөн акчанын көлөмү жана/же эсептелген салыктын суммасы (жергиликтүү салыктын суммасынан тышкары) өткөн айга жана/же кварталга жана/же өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10%дан ашык азайганда;
- контролдук сатып алуунун жыйынтыгы боюнча контролдук-кассалык машиналарды (мындан ары - ККМ) колдонуу тартибинин талаптарын бузуу фактысы аныкталганда;
- салык салууга байланышкан ишкердик субъекттин физикалык көрсөткүчү өзгөргөндө (отургузуучу орундардын, отургучтардын, койка-орундардын саны, кошумча кызмат көрсөтүү объектин түзүү, ишкердик иште пайдаланылуучу мүлк объектинин аянтын өзгөртүү ж.б.).
21. Ушул Тартиптин 9-пунктунда аталган иш-аракеттерди ишке ашыргандан кийин, кызматкер субъекттен же субъекттин жооптуу адамынан ККМ орто аралык чегин (жокко чыгарылбаган Х-отчету), банктык төлөм карточкалары аркылуу төлөнгөн суммалар боюнча POS-терминал чегин чыгарып берүүнү жана контролдоо учуруна карата субъекттин товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү эсепке алуучу программалык каражаттардан орто аралык отчетту талап кылат.
22. Кызматкер Х-отчетту жана/же орто аралык отчетту алып, субъект же субъекттин жооптуу адамы менен бирге ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча Салык постунун жыйынтыктары жөнүндө актыга тиркелген Кассада накталай акча каражаттарынын калдыктарын алуу актысын (мындан ары - Накталай акча каражаттарын алуу актысы) толтуруу менен субъекттин кассасындагы накталай акча каражаттарынын иш жүзүндөгү калдыгын алат, мында накталай түшкөн акча купюра менен көрсөтүлөт жана контролдоо учуруна карата түшкөн акчанын жалпы суммасы цифра жана жазуулар менен чыгарылат. Кассада накталай акча каражаттарынын калдыктарын алууда субъект же субъекттин жооптуу адамы накталай акча каражатын эсептейт, ал эми кызматкер Накталай акча каражаттарынын калдыктарын алуу актысын толтурат.
Накталай акча каражаттарынын калдыктарын алуу актысына кызматкер жана субъект же субъекттин жооптуу адамы ошол адамдын маалыматтарын көрсөтүү менен кол коёт. Субъект же субъекттин жооптуу адамы Накталай акча каражаттарынын калдыктарын алуу актысына кол коюудан баш тарткан учурда актыга тартылган калыс-күбөлөр кол коёт. Калыс-күбөлөрдү тартуу мүмкүн болбогон учурда фотовидеого тартуу жүргүзүлөт жана Накталай акча каражаттарынын калдыктарын алуу актысына тапшырылган датасын көрсөтүү менен "Накталай акча каражаттарынын калдыктарын алуу актысына кол коюудан баш тартты, бул актынын экинчи нускасы тапшырылды" деген жазуу жазылат.
23. Эгерде субъект бир объектте бир нече ККМ колдонсо, анда кассалык тартипти контролдоо ар бир ККМ боюнча жүргүзүлөт.
24. Кассада накталай акча каражаттарынын калдыктарын алууда кызматкер субъекттин экономикалык ишти жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланылган аймагын, жайларын, мүлк объекттерин ККМ аркылуу чыгарылбаган акча каражаттарынын суммасын жашыруу предметине карата текшерүү жүргүзүүгө укуктуу.
25. Салык посту орнотулган учурга карата кассадагы накталай акча каражаттарынын иш жүзүндөгү калдыгы Х-отчетто жана/же орто аралык отчетто көрсөтүлгөн суммалар менен салыштырылат.
Эгерде кассадагы накталай акча каражаттары Х-отчетто жана/же орто аралык отчетто көрсөтүлгөн суммадан бир эсептик көрсөткүчтүн чоңдугунан көп болсо, анда ашыкча сумма сатып алуучуга (кардарга) контролдук-кассалык чекти чыгарып бербөө фактысын ырастоо болуп саналат, Салык постунун жыйынтыгы жөнүндө актыга сумманы цифралар жана жазуу түрүндө көрсөтүү менен "ашыкча" деген жазуу жазылат, мында субъекттен милдеттүү түрдө түшүнүк кат алынат, ал Салык постунун жыйынтыгы жөнүндө актыга тиркелет.
26. Эгерде кассадагы накталай акча каражаттары Х-отчетто жана/же орто аралык отчетто көрсөтүлгөн суммадан аз болсо, анда кем чыгуу фактысы боюнча субъект жетпеген суммага чыгымдарды ырастоочу документтерди берүүгө тийиш жана Салык постунун жыйынтыгы жөнүндө актыда сумманы цифралар жана жазуу түрүндө көрсөтүү менен "кем чыгуу" деген жазуу жазылат.
27. Эгерде орто аралык отчетто көрсөтүлгөн сумма Х-отчетто көрсөтүлгөн суммадан көп болсо, анда айырманын суммасы контролдук-кассалык чекти чыгарып бербөөнү ырастоо болуп саналат жана Салык постунун жыйынтыгы жөнүндө актыга сумманы цифралар жана жазуу түрүндө көрсөтүү менен "ашыкча" деген жазуу жазылат, мында субъекттен милдеттүү түрдө аныкталган шайкеш келбөө фактысы жөнүндө түшүнүк кат алынат, ал Салык постунун жыйынтыгы жөнүндө актыга тиркелет.
28. Субъект түшүнүк кат берүүдөн баш тарткан учурда, Салык постунун жыйынтыгы жөнүндө актыда түшүнүк катты берүүдөн баш тартуу жөнүндө маалымат көрсөтүлөт.
Эгерде орто аралык отчетто көрсөтүлгөн сумма Х-отчетто көрсөтүлгөн суммадан аз болсо, анда айырманын суммасы кем чыгууга кирет жана Салык постунун жыйынтыгы жөнүндө актыга сумманы цифралар жана жазуу түрүндө көрсөтүү менен "кем чыгуу" деген жазуу жазылат.
29. POS-терминал жана/же мобилдик банкинг болсо банктык төлөм карточкалары аркылуу төлөнгөн суммалар же мобилдик банкинг аркылуу которуулар боюнча чекте же көчүрмөдө көрсөтүлгөн накталай эмес акча каражаттарынын суммасы Х-отчетто көрсөтүлгөн накталай эмес түшкөн акчага карата салыштырылат.
30. Эгерде чекте же көчүрмөдө накталай эмес акча каражаттары Х-отчетто жана/же орто аралык отчетто көрсөтүлгөн суммадан бир эсептик көрсөткүчтүн чоңдугунан көп болсо, анда ашыкча сумма сатып алуучуга (кардарга) контролдук-кассалык чекти чыгарып бербөө фактысын ырастайт жана Салык постунун жыйынтыгы жөнүндө актыда сумманы цифралар жана жазуу түрүндө көрсөтүү менен "ашыкча" деген жазуу жазылат, мында субъекттен милдеттүү түрдө түшүнүк кат алынат, ал Салык постунун жыйынтыгы жөнүндө актыга тиркелет.
31. Эгерде чекте же көчүрмөдө накталай эмес акча каражаттары Х-отчетто жана/же орто аралык отчетто көрсөтүлгөн суммадан аз болсо, анда кем чыгуу фактысы боюнча субъект жетпеген суммага чыгымдарды ырастаган документтерди берүүгө тийиш жана Салык постунун жыйынтыгы жөнүндө актыда сумманы цифралар жана жазуу түрүндө көрсөтүү менен "кем чыгуу" деген жазуу жазылат.
32. Х-отчетто көрсөтүлгөн суммага карата накталай жана/же накталай эмес акча каражаттарынын ашыкча фактысы ырасталган учурда субъект же субъекттин жооптуу адамы белгиленген ашыкча суммага ККМ аркылуу контролдук-кассалык чекти чыгарууга милдеттүү.
33. ККМ колдонуу талаптарын жана тартибин бузуунун аныкталган түрүнө жараша Салык постунун жыйынтыгы жөнүндө актыга: "ККМди колдонбоо", "чек чыгарып бербөө", "бузук ККМ" деген жазуулар жана Накталай акча каражаттарын алуу актысы, түшүнүк кат же субъекттин түшүнүк кат берүүдөн баш тартуусу жөнүндө маалымат киргизилет.
34. Белгиленген бузуулардын негизинде Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык бузуунун конкреттүү түрүн көрсөтүү менен протокол түзүлөт.
35. Протоколго кол коюудан баш тарткан же рейддик салык контролу жүргүзүлүп жаткан жерде катталган салык төлөөчү же салык өкүлү жок учурда протокол ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасында көрсөтүлгөн субъекттин маалыматтарын чагылдыруу менен "бузуу фактысы менен макул эмес" деген белги коюу менен түзүлөт жана бузуу жөнүндө ишти кароо убактысы жана жери дайындалгандыгы жөнүндө билдирүү менен бирге тапшырылат же почта аркылуу жөнөтүлөт. Бул учурда иштин материалдары бузуулар жөнүндө ишти кароо боюнча комиссияга берилет.
36. Салык постун орнотуу процессинде кызматкер тарабынан төмөнкүлөр ишке ашырылат:
1) субъекттин товарларын жана акча каражаттарын эсепке алуунун толуктугун текшерүү;
2) ККМди колдонуу жөнүндө тартиптин сакталышын контролдоо;
3) жалданма кызматкерлердин иш жүзүндөгү санынын салык органына берилген отчеттордун маалыматтарына ылайык келишин жана жалданма кызматкерлер менен эмгек келишимдеринин (буйруктардын) болушун текшерүү;
4) коомдук тамактануу, соода жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө - отургузуучу орундардын, отургучтардын, кызмат көрсөтүү объекттеринин санын, ишкердик иште колдонулуучу (жабык жана ачык жайларда) мүлк объектинин аянттарын тактоо;
5) курорттук-ден соолукту чыңдоо тармагынын чөйрөсүндө - койка-орундардын санын тактоо, текшерүү учурунда жашагандардын иш жүзүндөгү санын эс алуучуларды каттоо журналынын маалыматтары менен салыштыруу;
6) товардык материалдык баалуулуктардын (мындан ары - ТМБ) иш жүзүндөгү калдыгын алуу жана аларды отчеттук маалыматтар менен салыштыруу.
37. Субъекттин жумуш сменасынын аягында кызматкер Салык постун орнотуунун жыйынтыгы жөнүндө актыны толтурат, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) актыны түзүү датасы, орду;
2) салык постун орнотуу тапшырылган кызматкердин аты-жөнү жана ээлеген кызматы;
3) жазма буйруктун номери жана датасы;
4) жазма буйрук берген салык кызматынын органынын аталышы;
5) субъекттин аталышы, объекттин дареги, ишкердик ишти жүргүзүү укугуна уруксат документтеринин болушу, салыктык катталган жери;
6) салык постун орнотуу мөөнөттөрү;
7) субъекттин иштөө режими;
8) текшерүү убагы;
9) иштин түрү;
10) жалданма кызматкерлердин саны жана эмгек келишимдеринин болушу;
11) баалары жөнүндө маалыматтар (прейскуранттар, меню ж.б.);
12) ККМ жөнүндө маалыматтар (ККМди колдонуу, накталай түшкөн акча, контролдук чек боюнча көрсөткүч (Х-отчет), кассадагы ашыкча (жетпеген) суммаларды аныктоо;
13) акциздик маркалардын жана/же идентификациялоо каражаттарынын, мунай продукттарына контролдук пломбалардын болушу же жок болушу;
14) салык постун орнотуунун жыйынтыгы боюнча бир нөөмөттө түшкөн акчанын суммасы;
15) акыркы айда соода түйүнүнөн жалпы түшкөн акча, бир күндүк орточо түшкөн акча;
16) Коомдук тамактануу, соода жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн субъекттерде Салык постунун жыйынтыгы жөнүндө актынын эскертүүсүндө отургузуучу орундардын, отургучтардын, кызмат көрсөтүү объекттеринин саны, ишкердик иште колдонулуучу (жабык жана ачык жайларда) мүлк объектинин аянты көрсөтүлөт; курорттук-ден соолукту чыңдоо чөйрөсүндө - койка-орундардын саны көрсөтүлөт, текшерүү учурунда жашагандардын иш жүзүндөгү санын эс алуучуларды каттоо журналынын маалыматтары менен салыштыруу жүргүзүлөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын бузуунун башка аныкталган фактылары көрсөтүлөт.
38. Субъект салык кызматынын органына салык постун орнотуу процессинде аныкталган көрсөткүчтөрдөн төмөн эмес (аз дегенде үч күн) тиешелүү салыктарды төлөө боюнча салык милдеттенмелерин аткаруу милдеттенмесин (кепилдик кат) берген учурда, салык кызматынын органынын жетекчилиги тарабынан салык постун орнотууну тескеген түзүмдүк бөлүктүн тиешелүү жетекчисинин кызматтык катынын негизинде салык постун орнотуу жол-жобосу аяктайт.
4-глава. Акциздик товарларды өндүрүүчү субъектте салык постун орнотуу
39. Салык постун орнотуу процессинде ушул Тартиптин 9-пунктунда көрсөтүлгөн иш-аракеттер ишке ашырылгандан кийин кызматкер тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте төмөнкү ТМБнын иш жүзүндөгү калдыгын алуу жана аларды отчеттун маалыматтары менен салыштыруу жүргүзүлөт:
1) алкоголдук продукцияны (этил жана коньяк спирти, шарап материалдары, буудай ж.б.), тамеки буюмдарын жана мунай продукттарын даярдоо үчүн чийки заттар;
2) кампадагы маркаланган даяр продукциялар (саны, түрү жана сыйымдуулуктары боюнча);
3) акциздик маркаларсыз жана/же идентификациялоо каражаттарысыз бөтөлкөдөгү продукциялар;
4) акциздик маркалар (саны, тиби жана сыйымдуулуктары боюнча);
5) эсептегич-чыгым ченегичтердин көрсөткүчтөрү;
6) керектөө идишине куюлбаган даяр продукциялар.
ТМБнын калдыктарын алуунун жыйынтыгы ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген форма боюнча Товардык-материалдык баалуулуктардын калдыктарын алуу актысы менен таризделет.
40. Салык постун орнотуу процессинде күн сайын кызматкер:
1) ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген форма боюнча чийки заттардын жана материалдардын түшүшүн каттоо журналына чийки заттардын келишин белгилейт;
2) ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген форма боюнча эсептегичтердин көрсөткүчтөрүн жана даяр продукцияны жүктөп жөнөтүүнү эсепке алуу журналына даяр продукциянын калдыктары жана өндүрүлүшү, эсептегич-чыгым ченегичтердин көрсөткүчтөрү тууралуу маалыматтарды белгилейт;
3) ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген форма боюнча жүктөлүп жөнөтүлгөн даяр продукцияны каттоо журналына даяр продукцияны жүктөп жөнөтүүнү белгилейт;
4) маркалануучу продукцияны өндүрүүчү субъекттин, даяр продукцияны чекене сатуучу дүкөндүн аймагында болгондо, ККМди колдонуу боюнча талаптардын аткарылышын контролдойт;
5) акциздик маркаларды жана/же идентификациялоо каражаттарын ыйгарым укуктуу салык органында акциздик маркаларды алууга субъект тарабынан мурда алынган чечимге ылайык багыты боюнча (түрү, аталышы, сыйымдуулугу) колдонуу предметине карата маркалануучу даяр продукцияга акциздик маркаларды жана/же идентификациялоо каражаттарын колдонуу процессине байкоо жүргүзөт;
6) пайдаланылган акциздик маркаларды эсептен чыгарууга байкоо жүргүзөт;
7) мунайды кайра иштетүүчү заводдордон жана мунай базаларынан мунай продукттарын жүктөп жөнөтүүдө жазылган эсеп-фактурага, электрондук транспорттук коштомо кагазга ылайык автоцистернанын сыйымдуулугунун оозу пломбалайт, электрондук транспорттук коштомо кагазга "Ташып чыгууга уруксат берилди" деген штамп коёт.
Акциздик маркалардын, даяр продукциянын калдыктары, пайдаланылган акциздик маркалар, сатылган продукциянын көлөмдөрү жөнүндө маалыматтар, ошондой эле мунайды кайра иштетүүчү заводдор жана мунай базалары аркылуу мунай продуктуларын жүктөп жөнөтүү жана калдыктары тууралуу маалыматтар ыйгарым укуктуу салык органына берилет.
41. Субъект же субъекттин жооптуу адамы берген маалыматтар менен даяр продукциянын калдыктарынын шайкеш келбөө, акциздик маркалардын жана/же идентификациялоо каражаттарынын алкоголдук продукция бар сыйымдуулуктардын иш жүзүндөгү көлөмдөрүнө шайкеш келбөө белгилери, күмөн жараткан акциздик маркалар жана/же идентификациялоо каражаттары аныкталган учурда кызматкер субъекттин же субъекттин жооптуу адамынын катышуусунда бул фактыны фотовидео тартуу менен белгилейт жана субъекттин салыктык (эсептик) катталган жери боюнча салык кызматынын органына өткөрүп берет. Тиешелүү салык органы маалыматты алгандан кийин ошол субъектке карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык чара көрүү үчүн жазма буйрук түзөт.
42. Пломбаны үзүп салуу аныкталган учурда субъекттин же субъекттин жооптуу адамынын катышуусу менен фотовидео тартуу жүргүзүлөт жана бул факт кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу үчүн укук коргоо органдарына берилет.
43. Акциздик товарларды өндүрүүчү субъектте даяр продукцияны берүүнү эсепке алуунун автоматташтырылган системасы болгон учурда, кызматкер онлайн режиминде бул системага ушул Тартиптин 37-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтарды киргизет.
5. Салык карызы бар субъектте салык постун орнотуу
44. Салык карызы бар субъектте салык посту кассасы болгондо жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган салык карызын өндүрүп алуу тартибине ылайык орнотулат.
45. Субъект жайгашкан жерге келгенден жана ушул Тартиптин 9-пунктунда аталган иш-аракеттер жүзөгө ашырылгандан кийин кызматкер кассадагы накталай акча каражаттарынын иш жүзүндөгү калдыгын алат жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген форма боюнча накталай акча каражаттарын өндүрүү жөнүндө актыны толтурат. Субъекттин жумуш нөөмөтү аяктагандан кийин кызматкер Накталай акча каражаттарын өндүрүү жөнүндө актыны түзүү менен накталай акча каражаттарынын калдыктарын алуу жол-жобосун жүргүзөт.
Салык постунун кийинки күндөрүндө накталай акча каражаттарынын калдыктары кассадан жумуш нөөмөтүнүн аягында алынат.
46. Накталай акча каражаттарын өндүрүү жөнүндө актыда накталай акча каражаттары (купюра менен) көрсөтүлөт жана акча каражаттарынын калдыгын алуу учурунда кассадагы акча накталай каражаттарынын калдыгынын жалпы жыйынтыгы (цифралар жана жазуу түрүндө) чыгарылат.
47. Накталай акча каражаттарын өндүрүү жөнүндө акты салык карызын төлөө үчүн Салык постунун жыйынтыгы жөнүндө актыга тиркелет.
48. Салык карызын төлөө үчүн накталай акча каражаттарын өндүрүү жөнүндө жана Салык постунун жыйынтыгы жөнүндө актылар кагаз түрүндө да, ошондой эле тиешелүү алып жүрүүчүдө электрондук формада таризделиши мүмкүн. Кагаз түрүндө таризделген актыга кызматкер жана субъект же субъекттин жооптуу адамы кол коёт, актыны электрондук формада тариздөөдө кызматкер жана субъект графикалык кол тамганы пайдаланат.
49. Эгерде Накталай акча каражаттарын өндүрүү жөнүндө акт кагаз түрүндө таризделсе, актынын экинчи нускасы субъектке кол койдуруу менен тапшырылат. Кызматкер кол коюучу Накталай акча каражаттарын өндүрүү жөнүндө актыга кол коюудан баш тарткан учурда, тапшырылган датасын көрсөтүү менен "Накталай акча каражаттарын өндүрүү жөнүндө актыга кол коюудан баш тартты, бул актынын экинчи нускасы тапшырылды" деген жазуу жазылат.
50. Эгерде Накталай акча каражаттарын өндүрүү жөнүндө акт электрондук формада таризделген учурда, акт субъекттин жеке кабинетине же өз ара макулдашуу боюнча субъекттин электрондук дарегине же мессенджерине жөнөтүлөт.
51. Салык постун орнотуу процессинде өндүрүлгөн накталай акча каражаттары Накталай акча каражаттарын өндүрүү жөнүндө актыда көрсөтүлгөн акча каражаттарынын жыйындысы аркылуу суммаланат жана жалпы сумма белгиленет. Накталай акча каражаттарынын жалпы суммасы белгиленгенден кийин, жалпы сумманын 20 % зарыл болгон муктаждыктарды жоюу үчүн субъектке калтырылат. Жалпы сумманын калган 80 %ын кызматкер аларды субъекттин эсебине киргизүү үчүн өндүрүп алат, андан кийин акча каражаттары алынган күндөн кийинки эки жумушчу күндөн кечиктирбестен субъекттин салык карызын жоюу үчүн бюджетке которот.
52. Субъекттин эсеби жок болгон учурда өндүрүлгөн акча каражаттары салык карызын жоюунун эсебине бюджетке чегерилет.
Өндүрүлгөн накталай акча каражаттары субъект же субъекттин жооптуу адамы жана кызматкер кол коюп, конвертке салынып чапталат.
53. 51-52-пункттарда көрсөтүлгөн жол-жоболор сакталгандан кийин кызматкер Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен ыйгарым укуктуу салык органынын ортосундагы макулдашууда каралган тартипте кызматкердин коштоосунда көмөк көрсөтүү жана коопсуздугун камсыз кылуу үчүн ички иштер органдарына кайрылууга укуктуу.
54. Эгерде орнотулган салык постунун жүрүшүндө өндүрүлгөн накталай акча каражаттары кошуп эсептелген учурда акча каражаттарын өндүрүү учурунда мүмкүн болбосо, анда бул акча каражаттары финансылык мекемелер ачылганга чейин салык органына сактоо үчүн жиберилет.
55. Субъект тарабынан таанылган салык карызын аткарууну камсыз кылуу жөнүндө билдирүүдө көрсөтүлгөн салык карызынын суммасы толук төлөнгөндө салык постун орнотуу жол-жобосу аяктайт.
6-глава. Пайдалуу кендерди казып алуучу субъектте салык постун орнотуу
56. Пайдалуу кендерди казып алуучу субъектте салык посту транспорт каражаттарынын чыгуусун каттоочу шлагбаумда да, салмак контролунда да орнотулат.
57. Пайдалуу кендерди казууну жүргүзгөн субъектте салык постун орнотууда кызматкер тарабынан казып алынган пайдалуу кендердин жүктөмүн эсепке алууну каттоо ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген форма боюнча жүктөлгөн продукцияны каттоо журналына жүргүзүлөт.
58. Салык постун жүргүзүүнүн жүрүшүндө кызматкер тарабынан чийки затты ташуу үчүн техниканын саны жана түрү жана субъекттин жалданма кызматкерлеринин иш жүзүндөгү саны андан ары отчеттук маалыматтар менен салыштыруу үчүн белгиленет. Иш жүзүндөгү бар болушу менен отчеттук маалыматтар дал келбегендиги аныкталган учурда, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык салык контролу жүргүзүлөт.
Субъекттин жумуш нөөмөтүнүн аягында өндүрүлгөн чийки заттын көлөмү белгиленет, кызматкер тарабынан орнотулган салык постунун жыйынтыгында аныкталган маалыматтарды көрсөтүү менен орнотулган Салык постунун жыйынтыгы жөнүндө акт түзөт.
59. Касса болгон учурда ушул Тартиптин 21-37-пункттарында көрсөтүлгөн жол-жоболор жүргүзүлөт.