Редакцияот 05.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кеңеш айылдык кеңешинин (7-чакырылышы) кезексиз жыйырма биринчи сессиясы

2023-жылдын 5-октябры № 21-2

Алима-эне мектепке чейинки билим берүү мекемесинин курулуш иштерине өздүк салым үчүн акча каражатын бөлүп берүү тууралуу

   Өнүктүрүү фондунун долбооруна жөнөтүлгөн Алима-эне мектепке чейинки билим берүү мекемесинин айланасын тосуу жана отканасын куруу боюнча долбоордун өздүк салымы үчүн акча каражаты ажыратып берүү тууралуу долбоордун жетекчиси Абдыкаар кызы Гүлшайырдын сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123- мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 1чи, 2-пунктчасына ылайык Кеңеш айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1.  Өнүктүрүү фондунун долбооруна жөнөтүлгөн Алима-эне мектепке чейинки билим берүү мекемесинин айланасын тосуу жана отканасын куруу боюнча долбоордун өздүк салымы үчүн 271189(эки жүз жетимиш бир миң бир жүз сексен тогуз) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.

 

2.  Өздүк салым үчүн керектелүүчү акча каражатын таап берүү жагы ФЭБнүн башчысы А.Мадраимовко милдеттендирилсин.

 

3.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Кубанычбек уулу Мурасбекке тапшырылсын.

 

Кеңеш айылдык

кеңешинин төрагасы

 

О.С.Абдырахманов