КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык кеңешинин (7-чакырылышы) кезексиз жыйырма экинчи сессиясы
2023-жылдын 30-октябры № 22-3
Шаңкол айылындагы мектептин жанындагы мончонун жерине мамлекеттик акт алууга макулдук берүү жөнүндө
Кеңеш айыл аймагынын Шаңкол айылындагы мектептин жанында жайгашкан муниципалдык менчиктеги мончонун 0,09 га жер аянты мектептин жерине кирип калгандыктан, аны мектептин жеринен чыгарып алууга макулдук берүү тууралуу жазган сураныч катын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123- мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 1-пунктчасына ылайык , Кеңеш айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кеңеш айыл аймагынын Шаңкол айылындагы мектептин жанында жайгашкан муниципалдык менчиктеги мончонун 0,09 га жер аянты мектептин жерине кирип калгандыктан, мамлекеттик акт алуу үчүн мектептин жеринен чыгарып алууга макулдук берилсин.
2. Мыйзамдуулугун карап чечип берүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер, суу чарба, жана жаратылышты коргоо, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, таранспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Нурматов Орозмаматка жүктөлсүн.
Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасы |
О.С.Абдырахманов |