ШАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шайдан айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз ХХIII сессиясы
2024-жыл 17- февраль №3
“Архив кызматынын Жалал-Абад региондук башкармалыгы
жана мукабачы З.Калбаевага келишимдин негизинде
кызмат акысын төлөп берүү жөнүндө”
Шайдан айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз ХXIII сессиясында Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 29-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын денгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” ПЖ № 370 Жарлыгына ылайык Шайдан айыл өкмөтүнүн жана Шайдан айылдык Кенешинин 2016-жылдан 2022-жылга чейинки иш кагаздарын сактоо үчүн мамлекеттик архивге өткөрүп берүүгө жана иш кагаздарын китеп кылып тигүү үчүн китеп мукабачыга келишимдин негизинде акча каражаттын төлөп берүү жөнүндөгү Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысы К.Еркуловдун 16.02.2024-жылдагы №01-35/49 сандуу кайрылуусун угуп жана талкуулап токтом кылат:
1) Шайдан айыл өкмөтүнүн жана Шайдан айылдык Кенешинин 2016-жылдан 2022-жылга чейинки иш кагаздарын сактоо үчүн мамлекеттик архивге өткөрүп берүүгө жана иш кагаздарын китеп кылып тигүү үчүн китеп мукабачыга келишимдин негизинде акча каражаттын төлөп берүү жөнүндөгү Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысы К.Еркуловдун 16.02.2024-жылдагы №01-35/49 сандуу кайрылуусу эске алынсын.
2) Архив кызматынын Жалал-Абад региондук башкармалыгына жана китеп мукабачы З.Калбаевага келишимдин негизинде жергиликтүү бюджеттен акча каражаты бөлүнсүн.
3) Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысы К.Еркуловго милдеттендирилсин.
4) Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Шайдан айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Тешебаев |