Редакцияот 05.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Александровка айылдык кеңешинин XXIX-чакырылышынын 32-сессиясы

 

2024-жылдын 5-февралы № 125

Административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынындеңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактыкреформа жүргүзүү жөнүндө” №370 Жарлыгына ылайык

Александровка айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Садовое, Сретенка, Александровка аймактарын бириктирүүгө макулдук берилсин.

2.Садовое, Сретенка, Александровка аймактарын бириктирүүдө депутаттардын сунушунун негизинде “Миң-Булак айыл аймагы” деген жаңы аталыш берилсин.

3.Александровка, Крупское жана Беш-Көрүк айылдарынын аталыштары ошол бойдон калсын.

4.Садовое, Сретенка, Александровка аймактарын бириккенден кийин административдик борбору катары Садовое айылы эсептелинсин.

5. Буга чейин кабыл алынган Александровка айылдык кеңешинин 2023-жылдын 9-ноябрындагы №106-токтому жокко чыгарылсын.

6. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Султаналивке жүктөлсүн.

 

 

Төрайымдын орун басары

Т.Т. Асанов