ШАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шайдан айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз ХХIII сессиясы
2024-жыл 17- февраль №4
“Кыргыз Республикаснынын II Элдик Курултайынын делегаты
М.Маразаевдин арызын кароо жөнүндө”
Шайдан айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз ХХIII сессиясында Кыргыз Республикаснынын II Элдик Курултайынын делегаты Максутали Маразаевдин 16.02.2024-жылдагы Шайдан-Сай дарыясына суу кампа куруу боюнча демилгени артыкчылыктуу деп таабуу жана аталган демилге боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине Республикалык бюджеттен каржылоого сунуштоо жөнүндөгү арызын угуп жана талкуулап токтом кылат:
- Кыргыз Республикаснынын II Элдик Курултайынын делегаты Максутали Маразаевдин 16.02.2024-жылдагы арызы эске алынсын.
- Шайдан-Сай дарыясына суу кампа куруу демилгеси артыкчылыктуу деп табылсын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине Республикалык бюджетке каржылоого сунушталсын.
- Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысы К.Еркуловго милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
.
Шайдан айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Тешебаев |