Редакцияот 17.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ШАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Шайдан айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз ХХIII сессиясы

 

2024-жыл 17- февраль №6

 

“Жаны-Арык айылынын тургуну Мойдинов Анаркулдун 25.01.2024-жылдагы арызын кароо жөнүндө.”

 

         Жаны-Арык айылынын тургуну Мойдинов Анаркулдун 25.01.2024-жылдагы арызын карап Шайдан айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз ХХIII сессиясында талкуулап токтом кылат:

  1. Шайдан айылдык кеңешинин бюджет, каржы муниципалдык менчик жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын протоколу эске алынсын.
  2. Жаны-Арык айылынын тургуну Мойдинов Анаркулдун 25.01.2024-жылдагы арызынын негизинде анын небереси Асанова Айсанаттын клеткасын алмаштыруу үчүн Индияда өтүүчү операциясына Шайдан айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 20000 (жыйырма миң) сом Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акча каражатын ажыратып берүү жагы Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысы К.Еркуловго милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Шайдан айылдык кеңешинин бюджет, каржы муниципалдык менчик жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы У.Чолпоновго милдеттендирилсин.

.

 

Шайдан айылдык кеңешинин төрагасы:

 

А.Тешебаев