ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXVIII чакырылышы
2023-жылдын 22-февралындагы № 14
Теплоключенка айыл аймагынын №1158 контурундагы 0,10 га айыл чарба багытындагы жайыт жер тилкесинин багытын “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлерине жана башка жерлер” категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө
Айылдык кеңештин муниципалдык менчик (жер, мүлк), айыл чарбасы (ЖКБФ, СПА), жаратылыш ресурстары, архитектура, курулуш жана экология маселелери боюнча туруктуу комиссиянын протоколунун негизинде айылдык кеңеш токтом кылат:
1. Теплоключенка айыл аймагынын №1158 контурундагы 0,10 га айыл чарба багытындагы жайыт жер тилкесинин багытын “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлерине жана башка жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге жүктөлсүн.
Төрага |
| А.И. Алмабеков |