ШАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шайдан айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз ХХIII сессиясы
2024-жыл 17- февраль №9
“Тоскоол айылынын тургуну Баитова Айнурдун 14.02.2024-жылдагы арызын кароо жөнүндө”
Тоскоол айылынын тургуну Баитова Айнурдун 14.02.2024-жылдагы арызын карап Шайдан айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз ХХIII сессиясында талкуулап токтом кылат:
1. Шайдан айылдык кеңешинин бюджет, каржы муниципалдык менчик жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын протоколу эске алынсын.
2. Тоскоол айылынын тургуну Баитова Айнурдун 14.02.2024-жылдагы арызынын негизинде кызы Бектурсун кызы Гулдана 21 жылдан бери “эпилепсия” оорусу менен ооругандыгына байланыштуу Шайдан айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 10000 (он миң) сом Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акча каражатын ажыратып берүү жагы Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысы К.Еркуловго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Шайдан айылдык кеңешинин бюджет, каржы муниципалдык менчик жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы У.Чолпоновго милдеттендирилсин.
.
Шайдан айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Тешебаев |