ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXVIII чакырылышы
2023-жылдын 22-февралындагы № 15
Теплоключенка айыл аймагынын №574 контурунда жайгашкан айыл чарба категориясындагы 5471,5 чарчы метр жайыт жер тилкесинин түрүн өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
Айылдык кеңештин муниципалдык менчик (жер, мүлк), айыл чарбасы (ЖКБФ, СПА), жаратылыш ресурстары, архитектура, курулуш жана экология маселелери боюнча туруктуу комиссиянын протоколунун негизинде айылдык кеңеш токтом кылат:
1. Теплоключенка айыл аймагынын №574 контурунда жайгашкан айыл чарба категориясындагы 5471,5 чарчы метр жайыт жер тилкесинин багытын ошол эле категориядагы көп жылдык плантация жана башка жерлер түрүнө которууга макулдук берилсин.
2. Токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге жүктөлсүн.
Төрага |
| А.И. Алмабеков |