Загрузка документа…
ЫРЫС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ырыс айыл кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
2022-жылдын 25 - июлу № 12/3
Жер тилкесин муниципалдык менчике алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамдарын жетекчиликке алып, Ырыс айыл өкмөтүнүн жерге укукту берүү боюнча комиссиясынын 18.07.2022-жылдагы №8 протоколун жана сунушун депутаттар талкуулап, Ырыс айыл кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Жар-Кыштак айылындагы С.Алимов көчөсүндө жайгашкан “Жаштык” спорт клубунун түндүк тарабындагы 0,01 гажер аянты муниципалдык менчикке алынсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер меселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Мирзаевке милдеттендирилсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Ш.Кадиркулов. |