Загрузка документа…
ЫРЫС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ырыс айыл кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
2022-жылдын 15 - сентябры № 13/2
Жер тилкелерин муниципалдык менчике алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамын жетекчиликке алып, Ырыс айыл өкмөтүнүн жерге укукту берүү боюнча комиссиясынын 29.04.2022-жылдагы №4 негизинде, айыл өкмөтүнүн жерге укукту берүү боюнча комиссиясынын сунушун депутаттар талкуулап, Ырыс айыл кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Жаран А.Таштемированын Бишкек-Ош автожолунун боюндагы менчик жеринин түштүк тарабындагы 396 м2жер аянты муниципалдык менчикке алынсын.
2. Чымчык-Жар айылындагы жаран К.Бобошевдин турак жайынын түштүк тарабындагы 560 м2жер аянты муниципалдык менчикке алынсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер меселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Мирзаевке милдеттендирилсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Ш.Кадиркулов. |