Загрузка документа…
ЫРЫС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ырыс айыл кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
2022-жылдын 29- октябры № 14/2
Ырыс айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша пландарына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик Кодекси», «Жергиликтүү мамлекеттик адмиңистрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү», Мыйзамын жетекчиликке алып, Ырыс айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша пландарына өзгөртүүлөр киргизүү боюнча ФЭБ башчысы В.Алимжановдун билдирүүсүн бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун 21.10.2022-жылдагы протоколун талкуулап, Ырыс айыл кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 115-беренесин жетекчиликке алып жана айыл өкмөтүнун адистерин сунушун колдоого алуу максатында, 2022-жылга «салык агенти төлөөчү киреше салыгы» (11111100) 17388,5 миң сомго бекитилген планын 21388,5 миң сомго, «чакан ишкердик субьекттери үчүн бирдиктүү салык» (11121100) 450,0 миң сом бекитилген планын 4450,0 миң сомго, ал эми бюджеттик баланстуулукту сактоо максатында чыгаша болугунун (70111) аппарат бөлүмүнүн “дагы башка кызмат көрсөтүүнү алуу” беренесин (ст.2215) 500,0 миң сомго, (70629) коммуналдык чарба бөлүмүн “маяна” беренесин (ст.2111) 42,6 миң сом,“социалдык фондко чегерүүлөр” беренесин (ст.2121) 7,4 миң сомго, “дагы башка кызмат көрсөтүүнү алуу” беренесин (ст.2215) 355,0 миң сомго, “учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды алуу” беренесин (ст.2222) 85,0 миң сомго, “имараттар жана курулуштар” беренесин (ст.3111) 5730,0 миң сомго, “машиналар жана жабдуулар” беренесин (ст.3112) 780,0 миң сомго, (70823) маданият бөлүмү “машиналар жана жабдуулар” беренесин (ст.3112) 500,0 миң сомго көбөйтүлсүн.
2. Сузак райондук билим берүү бөлөмү тарабынан 18.07.2022-жылдагы №758 катын негизинде Кыр-Жол айылында “Мария” атындагы жаны ачылган балдар бакчасынан тарбыяланучуларына 50 балага ай сайын төлөнүчү төлөмдөрү атыйын каражат эсебинен «Мектепке чейинки жана мектеп мекемелерине кошумча кызмат көрсөтүү акысы» (ст. 14232400) 4512,0 миң сомго бекитилген планын 4662 миң сомго кобойтулсун жана Бюджеттик Кодекснин 130-беренесине негизденип бюджеттик баланстуулукту сактоо максатында чыгаша болугунун «Балдар бакчасы бөлүмү» (70911) «Тамак ашы азыктарын алуу” беренесин (ст.2811) 4662,0 миң сомго көбөйтүлсүн.
3. Бюджеттик кирешелерге жана чыгымдарга өзгөртүү киргизүү Финансы Министрлигинин Сузак башкармалыгынан суралсын.
4. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Халиловко жана ФЭБ башчысы В.Алимжановго милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Жусупбаевке тапшырылсын.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Ш.М. Кадиркулов. |