КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык кеңешинин (7-чакырылышы) кезексиз жыйырма экинчи сессиясы
2023-жылдын 30-октябры № 22-6
Шаңкол орто мектебинин отканасын капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөрүү үчүн долбоорго өздүк салым үчүн акча каражатын бөлүп берүү тууралуу
Үлүштү (дем берүүчү) гранттардын эсебинен каржылоо долбооруна жөнөтүлгөн Шаңкол орто мектебинин отканасын капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөрүү үчүн долбоордун өздүк салымы үчүн акча каражаты ажыратып берүү тууралуу долбоордун жетекчисинин сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123- мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 1чи, 2-пунктчасына ылайык Кеңеш айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Шаңкол орто мектебинин отканасын капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөрүү боюнча долбоордун өздүк салымы үчүн 144407(бир жүз кырк төрт миң төрт жүз жети) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Өздүк салым үчүн керектелүүчү акча каражатын таап берүү жагы ФЭБнүн башчысы А.Мадраимовко милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Кубанычбек уулу Мурасбекке тапшырылсын.
Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасы |
О.С.Абдырахманов |