Загрузка документа…
ЫРЫС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ырыс айыл кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
2022-жылдын 29- октябры № 14/3
Ырыс айыл өкмөтүнүн иш пландарына, бюджеттин чыгымдарына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодекси, «Жергиликтүү мамлекеттик адмиңистрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү», Мыйзамын жетекчиликке алып, Ырыс айыл өкмөтүнүн иш пландарына, жергиликтүү бюджетинин бөлүмдөр жана статьяларга өзгөртүүлөр киргизүү боюнча ФЭБ башчысы В.Алимжановдун билдирүүсүн бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун 21.10.2022-жылдагы протоколун талкуулап, Ырыс айыл кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесин негизинде бюджетти аткаруунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык чыгашалардын үнөмдөлгөн каражаттарды төмөнкүдөй тартипте кайра бөлүштүрүлсүн:
- Коммуналдык чарба бөлүмүнүн (70629) “Транспорттук кызмат көрсөтүүлөр” беренесинен (ст.2214) 120,0 миң сомго;
-Китепкана бөлүмүнүн (70821) «мүлктүучурдагы оңдоого кеткен чыгымдар” беренесинен (ст.2221) 40,0 миң сомго;
-Мектепке чейинки билим берүү бөлүмүнүн (70911) «башка тейлөө кызматтарын алуу” беренесинен (ст.2215) 50,0 миң сомго;
-Башталгыч мектеп бөлүмүнүн (70923) «башка тейлөө кызматтарын алуу” беренесинен (ст.2215) 20,0 миң сомго,“имараттар жана курулуштар” беренесинен (ст.3111) 200,0 миң сомго;
-Мектептен тышкары билим берүү бөлүмү (70961) «башка тейлөө кызматтарын алуу” беренесинен (ст.2215) 50,0 миң сомго, мүлктүучурдагы оңдоого кеткен чыгымдар беренесинен (ст.2221) 20,0 миң сом, жалпысы болуп 500,0 миң сомго кыскартылысын.
2. Жогорудагы кыскартылган 500,0 миң сом каражатты
- башкаруу бөлүмүнүн (70111) “транспорттук кызмат көрсөтүүлөр” беренеси (ст.2214) 32,0 миң сомго;
- Коммуналдык чарба бөлүмүнүн (70629) «Мүлктү учурдагы оңдоого кеткен чыгымдар” беренеси (ст.2221) 253,0 миң сомго;
- Маданият бөлүмү (70823) «имараттар жана курулуштар” беренеси (ст.3111) 80,0 миң сомго;
- Мектепке чейинки билим берүү бөлүмүнүн (70911) “тамак ашы сатып алуу” беренеси (2218) 35,0 миң сомго,“мүлктү учурдагы оңдоого чыгашалар” беренеси (ст.2221) 50,0 миң сомго, «көмүрдү сатып алуу жана отундун башка түрлөрүн алуу” беренеси (ст.2224) 50,0 миң сомго көбөйтүлсүн.
3. 2022-жылга бекитилген чыгымдарга ушул чечим менен киргизилген өзгөрүүлөрдүн негизинде бюджеттик классификацияларга ылайык келтирүү айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Халиловко жана ФЭБ башчысы В.Алимжановго жүктөлсүн.
4. Бюджеттик чыгымдарга өзгөртүү киргизүү Финансы Миңистрлигинин Сузак башкармалыгынан суралсын.
5. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Халиловко жана ФЭБ башчысы В. Алимжановго милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Жусупбаевке тапшырылсын.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Ш.М. Кадиркулов. |