Редакцияот 23.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫРЫС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ырыс айыл кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы

2023-жылдын 23 – августу  № 17/4

Ырыс айыл аймагында жайгашкан жерлерди “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан " Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер " категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 20.10.2021-жылдагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамын жетекчиликке алып, Жер Кодексинин 11, 13-беренелерине, Кыргыз Республикасынын 15.07.2013-жылдагы №145 «Жерлерди которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү» Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.03.2014-жылдагы №169 токтому менен бекитилген Жобонун 11, 13, 15, 17-беренелерине негизденип, Ырыс айыл өкмөтүнүн жер комиссиясынын 16.08.2023-жылдагы №9 протоколун депутаттар талкуулап, Ырыс айыл кеңеши

Т О К Т О М  К Ы Л А Т:

1. Жерлерди которуу (трансформациялоо) боюнча айыл өкмөтү тарабынан даярдалган иш кагаздарын негизинде Кыргыз Республикасынын УКМКнын Жалал-Абад областынын Башкы башкармалыгынын өздук курамына ок атууга ылайыктуу окуу-машыгуу талаасы үчүн Ырыс айыл аймагынын Сасык-Булак айылындагы №117 (29,91 га), №144 (8,6 га), №223 (0,29 га), №236 (2,5 га), №240 (2,4 га), №249 (2,7 га), №250 (1,7 га) контурларда жайгашкан 48,1 га жайыт жер аянттары «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясына жана №237 (0,10 га), №239 (1,8 га) контурларда жайгашкан 1,9 га чопо жерлер «Айыл чарбасына пайдаланууга жараксыз жерлер» категориясынан «Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясына которууга макулдук берилсин.

2. Айыл аймагындагы айыл чарба багытындагы жана айыл чарбасына пайдаланууга жараксыз жерлерди жерлердин башка категорияларына которуу боюнча даярдалган иш кагаздарын толуктап, жерлердин категорияларына өзгөртүүлөр киргизилип жана бул маселени мыйзам ченемдуу чечип берүү жагы жогорку бийлик органдарынан суралсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер меселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Мирзаевке милдеттендирилсин.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Төрага

Ш.Кадиркулов.