Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 22-апрели № 78
Банк мыйзамдарына ылайык келтирүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР 2025-жылдын 12-августундагы № 198 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 87-статьянын 5-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Коммерциялык эмес уюмдардын, финансы-кредиттик уюмдардын жана мекемелердин уюштуруу документтерине киргизилген өзгөртүүлөр көрсөтүлгөн юридикалык жактар мамлекеттик кайра каттоодон өткөн күндөн тартып күчүнө кирет.";
2) 96-статьянын 2-пунктунда:
а) төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензиялануучу банкты, финансы-кредиттик уюмду же мекемени жоюу банктар же башка финансы-кредиттик уюмдар же мекемелер үчүн белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен жүргүзүлөт.";
б) бешинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
в) алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Банктык лицензияны кайра чакыртып алган учурда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы банктын активдеринин сакталышын камсыз кылуу жана сот тарабынан жоюучу дайындалганга чейин аманатчылардын кызыкчылыктарын коргоо максатында убактылуу администраторду дайындоого тийиш. Убактылуу администратор "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган ыйгарым укуктарга ээ.";
3) 349-статьянын 1-пунктунда "кредиттик мекеме же" деген сөздөр "финансы-кредиттик уюм же мекеме," деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин II бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 6, 226-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 724-статьянын 4-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"- жеке жак тарабынан жеке жакка процентсиз заем берүү;";
2) 7364-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Заем алуучу кредиттин түрүнө, пайдалануу мөөнөтүнө жана суммасына карабастан, эч кандай комиссияларсыз, айыптык санкцияларсыз жана башка төлөмдөрсүз кайсы убакта болбосун кредитти мөөнөтүнөн мурда тындырууга укуктуу.";
3) 755-статьянын 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Банк өзүнүн алган салымдарын кайтарууну камсыз кылуу үчүн пайдаланууга милдеттүү каражаттар жана ыкмалар "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана келишим менен аныкталат.".
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 5, 398-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 72-берененин 1-пунктунда:
а) "ж" пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"ж) Улуттук банктын "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына ылайык келишине;";
б) "з" пунктчасында "насыялык-каржы мекемелерди" деген сөздөр "каржы-насыялык уюмдарды" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 73-берененин 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Министрлер Кабинетинин эсептерин тейлөө боюнча банктык операцияларды жүзөгө ашырат;".
4-берене.
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 300-берененин биринчи абзацында "мекемелердин" деген сөз "уюмдардын" деген сөзгө алмаштырылсын;
2) 302-берененин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.".
5-берене.
"Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 11, 537-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статьянын 3-пунктунун 4-пунктчасында "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында жана "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 54-статьянын 1-пунктунда "башка кредит мекемесиндеги", "башка кредит мекемелериндеги" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "башка финансы-кредиттик уюмдагы", "башка финансы-кредиттик уюмдардагы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 98-статьянын 5-пунктунун экинчи сүйлөмү "банк ссудасы," деген сөздөрдөн кийин "кредит," деген сөз менен толукталсын.
6-берене.
"Кредиттик союздар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 2, 108-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) расмий тилдеги 4-статьянын 4-пунктунун 3-пунктчасында "иным уполномоченным финансово-кредитным учреждением" деген сөздөр "иной уполномоченной финансово-кредитной организацией" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 5-статьянын 3-пунктунда "жана маалымдоо" деген сөздөр алып салынсын;
3) 6-статьянын 3-пунктунун биринчи абзацында "адистештирилген финансы-кредиттик мекеме" деген сөздөр "адистештирилген финансы-кредиттик уюм" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 8-статьянын 2-пунктунун 13-пунктчасында "каржылык-кредиттик мекемелердин" деген сөздөр "финансы-кредиттик уюмдардын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 26-статьянын 1-пунктунда "мекемелеринен" деген сөз "уюмдарынан" деген сөзгө алмаштырылсын;
6) 28-статьянын 2-пунктунда "финансы-кредиттик мекемелердин" деген сөздөр "финансы-кредиттик уюмдардын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7) 33-статьяда:
а) 2-пунктта "финансы-кредит мекемеси" деген сөздөр "финансы-кредиттик уюм" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 9-пунктта "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" деген сөздөр "Банктар жана банк иштери жөнүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын.
7-берене.
"Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 9, 412-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статьяда:
а) 1-пунктта:
- биринчи абзацта "финансы-кредиттик же кредиттик мекеме" деген сөздөр "финансы-кредиттик же кредиттик уюм" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- үчүнчү абзацта "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын жана "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 24 пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Микрофинансылык компания болуп акционердик коом формасында түзүлгөн, Улуттук банктын лицензиясын алган, юридикалык жана жеке жактарды микрокредиттөөнү жана операциялардын башка түрлөрүн, анын ичинде ушул Мыйзамда каралган жеке жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды тартууну жүзөгө ашыруучу адистештирилген финансы-кредиттик уюм саналат.
3. Микрокредиттик компания болуп коммерциялык уюмдун кандай болбосун уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн, Улуттук банктын күбөлүгүн алган, жеке жана юридикалык жактарды микрокредиттөөнү жана ушул Мыйзамда каралган операциялардын башка түрлөрүн жүзөгө ашыруучу адистештирилген финансы-кредиттик уюм саналат.
4. Микрокредиттик агенттик болуп, ушул Мыйзамда белгиленгендерди кошпогондо, коммерциялык эмес уюм формасында түзүлгөн, Улуттук банктын күбөлүгүн алган жана уюмдун уставдык максаттарына ылайык жеке жана юридикалык жактарды микрокредиттөөнү жүзөгө ашыруучу адистештирилген кредиттик уюм саналат.";
в) расмий тилдеги 9-пунктта "учреждений" деген сөз "организаций" деген сөзгө алмаштырылсын;
2) 3-статья төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:
"7. Өзүнүн фирмалык аталышында "ислам" деген сөздү тийиштүү уруксат берүүчү документтин негизинде ишти банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык жүзөгө ашыруучу микрофинансы уюмдары гана пайдаланууга укуктуу.";
3) 5-статьяда:
а) 1-пунктта "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын жана "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 3-пунктта:
- биринчи абзацта "кардар менен түзүлгөн келишимге" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарынын талаптарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- экинчи абзац "мыйзамдарынын" деген сөздөн кийин "жана Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарынын" деген сөздөр менен толукталсын;
4) 8-статьянын 1-пунктунун 2-пунктчасында "жана маалыматтарды берүү" деген сөздөр алып салынсын;
5) 10-статьянын 4-пунктунун биринчи абзацында "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" деген сөздөр "Банктар жана банк иштери жөнүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 15-статьяда "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" деген сөздөр "Банктар жана банк иштери жөнүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7) 16-статьянын 1-пунктунун 3-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) үчүнчү жактардан милдеттенмелерди акчалай түрдө (факторинг) аткарууну талап кылуу укугуна ээ болуу;";
8) 18-статьянын 2-пунктунда "микрофинансы компаниясына" деген сөздөр "микрофинансы уюмуна" деген сөздөргө алмаштырылсын;
9) 24-статьянын 2-пунктунда "мекемелер" деген сөз "уюмдар" деген сөзгө алмаштырылсын;
10) 27-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Улуттук банк "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына жана "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Улуттук банкка жүктөлгөн функцияларды жана милдеттерди аткаруу, туруктуу финансы тутумун колдоо, керектөөчүлөрдүн таламдарын коргоо, ошондой эле микрофинансы компаниялары тарабынан Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдарынын аткарылышын камсыз кылуу максатында микрофинансы компанияларынын ишин жөнгө салууну жана көзөмөлдү жүзөгө ашырат.";
11) 28-статьянын 5-пунктунда "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" деген сөздөр "Банктар жана банк иштери жөнүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
12) 30-статьянын 2-пунктунун 7-пунктчасында "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" деген сөздөр "Банктар жана банк иштери жөнүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
13) 31-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Микрофинансы компаниясы, анын кызмат адамдары жана башка кызматкерлери, акционерлери жана микрофинансы компаниясы менен байланышкан жактар Улуттук банктын талабы боюнча отчетторду, документтерди жана ар кандай маалыматтарды өз убагында берүүгө милдеттүү.";
14) 33-статьяда:
а) 2-пункттун 1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) үчүнчү жактардан милдеттенмелерин акчалай түрдө (факторинг) аткаруусун талап кылуу укугуна ээ болууну;";
б) 3-пунктта "мекемелерден" деген сөз "уюмдардан" деген сөзгө алмаштырылсын;
в) 5-пунктта "финансылык лизинг операцияларын кошпогондо," деген сөздөр алып салынсын;
15) 35-статьяда:
а) 9-пунктта:
- биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9. Улуттук банк же ал ыйгарым укук берген орган (жак) тышкы көзөмөлдү жана инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укуктуу.";
- пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Микрокредиттик компания жана/же микрокредиттик агенттик, алардын кызмат адамдары жана башка кызматкерлери, катышуучулар (уюштуруучулар, акционерлер) жана микрокредиттик компания жана/же микрокредиттик агенттик менен байланышкан жактар Улуттук банктын талабы боюнча отчетторду, документтерди жана ар кандай маалыматтарды өз убагында берүүгө милдеттүү.";
б) 11-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11. Улуттук банк микрокредиттик компанияны жана микрокредиттик агенттикти Улуттук банк тарабынан лицензиялануучу жана жөнгө салынуучу финансы-кредиттик жана кредиттик уюмдар жана башка юридикалык жактар үчүн каттоо органы менен макулдашуу боюнча Улуттук банк тарабынан белгиленген форма боюнча жана тартипте каттоону жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда мамлекеттик каттоого (кайра каттоого) макулдук катты берет.";
16) 351-статьяда:
а) 1-пункттун экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Пайыздын ставкасы кардарлар үчүн жылдык номиналдуу туюнтмада мезгил ичиндеги пайыздын ставкасы менен катар жана пайыздын натыйжалуу ставкасынын усулу боюнча жылдык эсептөөдө берилүүгө тийиш.";
б) 2 жана 3-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Пайыздын номиналдуу жана натыйжалуу ставкаларынын өлчөмдөрү жөнүндө маалымат менен катар микрофинансы уюму кардар менен келишим түзгөнгө (кол койгонго) чейин негизги сумманы, пайыздарды, комиссиялык сый акыларды жана келишимди түзүүгө жана аткарууга байланышкан башка төлөмдөрдү өзүнчө көрсөтүү менен кызмат көрсөтүүнүн абсолюттук маанидеги толук наркы жөнүндө маалыматты кардарга берүүгө милдеттүү. Микрофинансы уюму кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы жөнүндө толук маалыматты кардарларга берүүдөн баш тартууга укуксуз. Кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын бурмалаган жана кредиттик келишимдин валютасынан айырмаланган валютага байланган кредит боюнча төлөмдөрдү индексациялоону караган продуктуларды пайдаланууга жол берилбейт.
3. Кызмат көрсөтүүлөр боюнча пайыздардын ставкалары жөнүндө жарнамада, жарыялоолордо жана жайылтылуучу маалыматта микрофинансы уюмдары пайыздардын номиналдуу жана натыйжалуу ставкаларын көрсөтүүгө милдеттүү. Пайыздардын номиналдуу жана натыйжалуу ставкалары, комиссиялык сый акынын өлчөмдөрү жана тарифтер микрофинансы уюму менен кардардын ортосунда түзүлүүчү келишимде көрсөтүлүүгө тийиш. Келишимге ылайык депозиттер жана кредиттер боюнча пайыздык ставкалардын өлчөмдөрү тараптардын өз ара макулдугу боюнча учурдагы экономикалык кырдаалды эске алуу менен мезгил-мезгили менен кайра каралып турушу мүмкүн.";
17) 352-статьяда:
а) 2-пунктта:
- 2-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) келишим түзүлгөнгө чейин кардарлар (потенциалдуу карыз алуучулар) үчүн кредиттерди берүүнүн шарттары тууралуу толук маалыматты, анын ичинде кызмат көрсөтүүнүн толук наркы жөнүндө маалыматты кардардын тандоосу боюнча мамлекеттик жана/же расмий тилде толук ачып берүү камсыз кылынууга тийиш. Берилүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн шарттары жана наркы жөнүндө толук маалыматты берүүдөн баш тартууга жол берилбейт. Маалыматтын формасы ар түрдүү кредиторлордун кредиттик продуктуларын салыштыруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу максатында бир түрдүү болууга жана системага салынууга тийиш;";
- 6-пунктчанын биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "6) келишимдин тексти бирдей өлчөмдөгү арип менен басылып, кардарлардын кабылдоосу жана түшүнүүсү үчүн болушунча так жана жеткиликтүү баяндалууга тийиш.";
- 8 жана 9-пунктчалар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8) келишимде кардардын кредитти же лизингди ар кандай учурда кандайдыр бир комиссияларсыз, айып санкцияларысыз жана башка төлөмдөрсүз мөөнөтүнөн мурда тындыруу укугу каралууга тийиш;
9) кардарга, гарантка/кепилдик берүүчүгө, күрөө коюучуга тиешелүү келишим боюнча өзүнө алган милдеттенмелерин аткарбоонун же талаптагыдай эмес аткаруунун бардык кесепеттери кол койдуруу менен түшүндүрүлүүгө тийиш;";
- пункт төмөнкүдөй мазмундагы 15-17-пунктчалар менен толукталсын:
"15) мөөнөтү өтүп кеткен кредиттик карыз боюнча эсептелген бышмананын (туумдун, айып пулдун) максималдуу суммасы Улуттук банк тарабынан белгиленген сандан ашууга тийиш эмес;
16) эгерде күрөө предметин өндүрүп алуу процессинде тараптардын макулдашуусу менен сатуунун башка ыкмасы каралбаса, турак жайлар түрүндөгү кыймылсыз күрөө мүлкү ачык тооруктар аркылуу гана сатылат;
17) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка талаптар.";
б) статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-5-пункттар менен толукталсын:
"3. Микрофинансы уюмдарында банк мыйзамдарынын талаптарына ылайык кардарлардын кайрылууларын кароонун тартибин жөнгө салуучу документтер болууга тийиш. Кардарлардын кайрылуулары жазуу жүзүндөгү жоопту берүү менен отуз календардык күндөн кеч эмес мөөнөттө каралууга тийиш.
4. Кардарлардын каралган кайрылууларынын натыйжалары боюнча документтер белгиленген тартипте кеминде үч жыл сакталууга тийиш.
Микрофинансы уюмдары кардардын талабы боюнча ага уюштуруу, уруксат берүү документтери жана финансылык отчеттор менен таанышуу мүмкүнчүлүгүн берүүгө милдеттүү.
5. Эгерде келишимди аткаруу процессинде келип чыккан талаштар тараптардын макулдашуусу боюнча чечилбесе, алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте, анын ичинде талаштарды сотко чейинки жөнгө салуунун алкагында чечилет.";
18) 353-статьянын 2-пунктунда "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" деген сөздөр "Банктар жана банк иштери жөнүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
19) 36-статьянын 3-пунктунун биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "3. Эгерде Улуттук банктын талаптары ушул статьянын 2-пунктуна ылайык ал тарабынан белгиленген мөөнөттө аткарылбаса, Улуттук банк микрофинансы уюмунун атынан кулактандыруу же маалымат туура эмес баяндалгандыгы же кардарларды жана коомчулукту адаштыра тургандыгы жөнүндө билдирүүнү микрофинансы уюмунун каражаттарынын эсебинен жарыялоого жана мыйзамдарда каралган таасир этүү чараларын көрүүгө укуктуу.".
8-берене.
"Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 6, 240-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-статьянын 5-пунктунда "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына жана "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына" деген сөздөргө алмаштырылсын.
9-берене.
(КР 2025-жылдын 12-августундагы N 198 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
10-берене.
"Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 9, 1030-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 9-берененин 1-пунктунун "б" пунктчасында жана 2-пунктунун "б" пунктчасында "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 25-берененин 2-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына" деген сөздөргө алмаштырылсын.
11-берене.
"Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 10, 881-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
9-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Лицензия берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын чечимдерин сотко чейинки даттануу жол-жоболору сакталган шартта сотко даттанылышы мүмкүн.".
12-берене.
"Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 1, 21-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 26-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"26-берене. Кыргыз Республикасынын төлөм системасында Улуттук банктын функциялары жана ыйгарым укуктары
1. Кыргыз Республикасынын улуттук төлөм системасынын натыйжалуу, ишенимдүү жана коопсуз иштөөсүн камсыз кылуу максатында Улуттук банк Кыргыз Республикасынын аймагында төлөм системаларынын ишин жөнгө салууну төмөнкүчө жүзөгө ашырат:
1) электрондук акчаларды чыгаруу укугуна лицензия берет жана берилген лицензиялардын реестрин жүргүзөт;
2) төлөм системаларынын операторлоруна жана төлөм уюмдарына үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматты (процессинг, клиринг) кабыл алуу, иштетүү жана ошол процессинг, клиринг борборунун төлөм системасынын катышуучуларына берүү боюнча ишти жүзөгө ашырууга, ошондой эле маалыматтык технологияларга жана электрондук каражаттарга жана төлөмдөрдү жүргүзүү ыкмаларына негизделген төлөм системалары аркылуу үчүнчү жактардын пайдасына өз ишинин натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү кабыл алуу жана жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүү жагынан ишти жүзөгө ашырууга лицензияларды берет жана берилген лицензиялардын реестрлерин жүргүзөт;
3) Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык электрондук акчаларды пайдалануу менен кызмат көрсөтүү үчүн акча которуулар системаларынын, банктык төлөм карталарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдүн эл аралык төлөм системаларынын операторлорун жана электрондук акчалардын эл аралык системаларынын операторлорун/электрондук акчалардын эл аралык системаларынын эмитенттерин каттоону жүзөгө ашырат;
4) банктар аралык төлөмдөрдү жүргүзүүгө түрткү берет.
2. Ушул Мыйзамда каралган ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруунун алкагында Улуттук банк төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:
1) лицензиялоо (уруксат берүүчү документтерди берүү) тартибин аныктайт жана төлөм системаларынын операторлорунун акционерлерине (катышуучуларына) жана төлөм уюмдарына талаптарды белгилейт;
2) уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүн, ошондой эле экономикалык ченемдерди жана көрсөткүчтөрдү, талаптарды, чектөөлөрдү белгилейт;
3) төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын капиталында акцияларды (үлүштөрдү) сатып алуу же болбосо босоголук катышуу тартибине талаптарды белгилейт;
4) төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун алар менен байланышкан жактар менен операцияларын жана бүтүмдөрүн жасоого карата талаптарды белгилейт;
5) төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын кызмат адамдарына жана башка кызматкерлерине, төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын кызмат адамдарынын фидуциардык милдеттерине талаптарды белгилейт;
6) төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын кызмат адамдарын, акционерлерин/катышуучуларын терс жана кооптуу банктык практикага тартылган деп таануу тартибин аныктайт;
7) төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын эсебине жана финансылык отчеттуулугуна жана тышкы аудитине талаптарды белгилейт;
8) төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин, бизнес-моделин, ички контролдоо жана тобокелдиктерди башкаруу системаларын баалоо үчүн алардын программаларын жана пландарын, ошондой эле финансылык көйгөйлөр келип чыккан учурга финансылык жакшыртуу планын берүүнүн талаптарын жана тартибин белгилейт;
9) төлөм системаларынын операторлорунун, төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын башка катышуучуларынын ишин жөнгө салууну жана көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырат;
10) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына, "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык башка функцияларды, ыйгарым укуктарды жана укуктарды жүзөгө ашырат.
3. Улуттук банк төлөм системаларынын операторлорунун жана катышуучуларынын ишин жөнгө салуу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруу максатында төмөнкүдөй чараларды көрүүгө милдеттүү:
1) төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине талаптарды белгилөөгө;
2) төлөм системасынын категориясына жараша төлөм системасы аркылуу жүргүзүлүп жаткан төлөмдөрдүн максималдуу/минималдуу өлчөмү боюнча чектөөлөрдү белгилөөгө. Чектөөлөрдү эсептөө методикасы Улуттук банк тарабынан аныкталат;
3) төлөм кызмат көрсөтүү рыногунда монополияга каршы жөнгө салууну, атаандаштыкты жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоону камсыз кылуунун алкагында талаптарды белгилөөгө;
4) маалыматтык коопсуздук, төлөм системасынын ишенимдүүлүгү, ишинин үзгүлтүксүздүгү боюнча талаптарды белгилөөгө.
4. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын төлөм системасын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө, анын ичинде баалуу кагаздар менен эсептешүү системаларына талаптарды белгилөө жана баалуу кагаздар менен операциялар боюнча биротоло эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө алардын төлөм системалары менен өз ара аракеттенүүсү боюнча ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгат.
5. Ушул Мыйзамда өзүнүн компетенциясына киргизилген маселелер боюнча ченемдик укуктук актыларда Улуттук банк белгилеген талаптарды төлөм системасынын бардык катышуучулары, операторлору, юридикалык жактар, ошондой эле алардын кардарлары жана аткаруу бийлик органдары аткарууга милдеттүү.";
2) 31-берененин 6-бөлүгүнүн 4-пункту "ушул Мыйзамга" деген сөздөрдөн кийин ", "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына" деген сөздөр менен толукталсын;
3) 311-берененин 2-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" деген сөздөр "Банктар жана банк иштери жөнүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын.
13-берене.
"Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 1 (2), 15-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 56-берененин аталышында жана текстинде ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү жана сандардагы "финансы-кредиттик мекеме" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү жана сандардагы "финансы-кредиттик уюм" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 66-беренеде "финансы-кредиттик мекемелерде", "башка финансылык-кредиттик мекеме", "финансы-кредиттик мекеме", "финансылык-кредиттик мекеме", "финансы-кредиттик мекемелер" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "финансы-кредиттик уюмдарда", "башка финансы-кредиттик уюм", "финансы-кредиттик уюм", "башка финансы-кредиттик уюмдар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 95-берененин 6-бөлүгүндө "финансы-кредиттик мекемеге" деген сөздөр "финансы-кредиттик уюмга" деген сөздөргө алмаштырылсын.
14-берене.
"Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2019-ж., № 4, 187-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-берененин 2-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" деген сөздөр "Банктар жана банк иштери жөнүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 4-берененин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунда "Улуттук банк, банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөр "банк мыйзамдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын.
15-берене.
"Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2019-ж., № 7-8, 470-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 6-берененин 2-пунктунун "а" пунктчасында "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына жана "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 9-берененин 3-бөлүгүнүн экинчи абзацында "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына" деген сөздөргө алмаштырылсын.
16-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 26-апрелиндеги № 32 (3585) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |