Загрузка документа…
|
|
|
|
| Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-апрелиндеги № 153 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институту жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин карамагында турган Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институтунун (мындан ары - Институт) иш тартибин аныктайт. Институт үчүнчү деңгээлдеги саламаттык сактоонун мамлекеттик илим-изилдөө, дарылоо-профилактикалык уюму болуп саналат, жогорку технологиялык жабдууларды, алдынкы илимий жетишкендиктерди пайдалануу, жогорку квалификациялуу медициналык кадрларды тартуу менен жүрөк-кан тамыр хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо жаатында адистештирилген медициналык-санитардык жардам көрсөтөт жана дарылоо-профилактикалык жана илимий иштерди жүргүзөт.
2. Институт мекеменин уюштуруу-укуктук формасындагы юридикалык жак болуп саналат, финансы-чарбалык жана укуктук өз алдынчалуулукка ээ, обочолонгон мүлкү, өз алдынча балансы, финансы-кредиттик мекемелеринде алыш-бериш жана башка эсептери, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган тегерек мөөрү жана штампы бар, саламаттык сактоо чөйрөсүндө илимий, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык ишти жүзөгө ашырат.
3. Институт мыйзамдарда каралган жарандык-укуктук бүтүмдөрдү ишке ашырат, сотто доогер жана жоопкер катары чыгат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген укуктарга жана милдеттерге ээ.
4. Институт өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө", "Илим жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин буйруктарын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Институттун уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети эсептелет.
6. Институттун иши Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жана илим чөйрөсүндөгү мыйзамдарында аныкталган учурда жана тартипте мамлекеттик аттестациядан/аккредитациядан өтүүгө тийиш.
7. Институттун юридикалык дареги: 720040, Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү, 3/1.
8. Институттун расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде - "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо Министрлигине караштуу Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институту";
- расмий тилде - "Научно-исследовательский институт хирургии сердца и трансплантации органов при Министерстве здравоохранения Кыргызской Республики".
Кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде - "ЖХОТИИИ";
- расмий тилде - "НИИХСТО".
2-глава. Институттун максаттары жана милдеттери
9. Институттун ишинин максаттары калкка сапаттуу дарылоо-профилактикалык жардам көрсөтүү, ошондой эле ушул Жобого ылайык Институттун профили боюнча илим-изилдөө ишин жүргүзүү, өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө олуттуу салым кошууга жөндөмдүү инновациялык продукцияны иштеп чыгуу болуп саналат.
10. Институттун милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) жүрөк-кан тамыр хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо боюнча илим-изилдөө иштерин жүргүзүү;
2) калкка жүрөк-кан тамыр хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо боюнча жогорку адистештирилген, жогорку квалификациялуу жана жогорку технологиялуу жардам көрсөтүү;
3) жүрөк-кан тамыр ооруларын алгачкы жана экинчи жолу профилактикалоонун натыйжалуу системасын түзүүдө жана сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүдө илимий-практикалык жардам көрсөтүү;
4) Институттун профили боюнча профилактикалоонун, диагностикалоонун, оорулууларды дарылоонун жана реабилитациялоонун жогорку натыйжалуу жана жогорку технологиялуу, анын ичинде медикаментоздук эмес методдорун иштеп чыгуу жана киргизүү;
5) республикада жүрөк-кан тамыр хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан изилдөөлөрдү координациялоо;
6) инфратүзүмдүк объекттерди жана/же инфратүзүмдүк кызмат көрсөтүүлөрдү түзүү жана/же модернизациялоо, эксплуатациялоо жана күтүү боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу үчүн мамлекеттик жана жеке өнөктөштөрдүн ортосундагы кызматташтык;
7) жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо.
3-глава. Институттун укуктары жана милдеттери
11. Институт төмөнкүлөргө укуктуу:
1) жүрөк-кан тамыр хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо жаатындагы иштерди ушул Жобого ылайык жүзөгө ашырууга;
2) республикалык бюджеттен жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан каржылануучу илимий программалардын жана долбоорлордун конкурстарына катышууга;
3) кесиптик кызматташтыктын алкагында тажрыйба жана маалымат алмашуу үчүн башка илимий мекемелер, эл аралык илимий борборлор жана башка уюмдар менен түз байланыштарды өнүктүрүүгө;
4) Институттун тематикасы менен байланышкан айрым милдеттерди чечүү же иштеп чыгууларды жүргүзүү үчүн белгиленген тартипте туруктуу же убактылуу илимий жана илим-изилдөө жамааттарын (анын ичинде чет өлкөлүк өнөктөштөр менен) уюштурууга;
5) ата мекендик жана чет өлкөлүк басылмаларда илимий эмгектерди басып чыгарууга, Институттун профили боюнча илимий маалыматтар базасын түзүүгө, эл аралык жана республикалык съезддерди, конгресстерди, конференцияларды, симпозиумдарды, жумушчу кеңешмелерди, илимий сессияларды жана семинарларды уюштурууга жана өткөрүүгө;
6) илимий кызматкерлердин жана практикалык дарыгерлердин квалификациясын жогорулатууга, Институттун профили боюнча аспирантура жана докторантура аркылуу адистерди даярдоону жүзөгө ашырууга;
7) окумуштуулук даражаларды изденип алуу үчүн диссертациялык иштерди коргоо жана окумуштуулук наамдарды ыйгаруу боюнча кеңештерди түзүүгө белгиленген тартипте катышууга;
8) дарылоо-профилактикалык, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык иштин багыттарын аныктоого жана алардын натыйжаларын ишке ашыруудан киреше алууга;
9) Институттун Илимий-техникалык кеңешин түзүүгө;
10) бириктирилген бюджетти түзүүгө жана аткарууга катышууга;
11) медициналык-санитардык жардам алуу үчүн кайрылган жарандардан алардын ден соолугунун абалы, медициналык ишти жүзөгө ашыруучу башка кызматкерлер жүргүзгөн дарылоонун натыйжалары жөнүндө маалыматтарды алууга;
12) белгиленген тартипте убактылуу эмгекке жарамсыздык барактарын, каза болгондугу тууралуу күбөлүктү, оорунун баянынан көчүрмөлөрдү, маалымкаттарды, эксперттик корутундуларды жана башка медициналык документтерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте берүүгө;
13) саламаттык сактоонун башка уюмдары менен медициналык, илим-изилдөө жана башка кызматтарды көрсөтүү жөнүндө келишимдерди түзүүгө;
14) саламаттык сактоо жаатындагы программаларды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон медициналык жабдууларды, дары-дармек каражаттарын жана чыгымдалуучу материалдарды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамына ылайык сатып алууну жүргүзүүгө;
15) Институттун профили боюнча оорулууларды дарылоо үчүн республикалык бюджеттин каражатына борборлоштуруп сатып алынуучу, ошондой эле гранттык жана гуманитардык жардам түрүндө келүүчү дары-дармек каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды алууга;
16) белгиленген тартипте ассоциацияларга, бирликтерге, бирикмелерге, анын ичинде эл аралыктарына кирүүгө;
17) Институттун материалдык-техникалык базасын өнүктүрүүгө, инфратүзүмдү күтүүгө, илимий изилдөөлөрдү колдоого, кадрларды даярдоого, кызматкерлерин социалдык жактан коргоого жана анын материалдык-техникалык базасын чыңдоого акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүгө жана алынган кирешелерди пайдаланууга;
18) мамлекеттик, жеке жана башка уюмдар менен иштерди аткаруу, медициналык жана башка кызматтарды көрсөтүү жөнүндө келишимдерди түзүүгө;
19) Институттун тиешелүү профили боюнча медициналык кызматкерлерди аттестациялоого катышууга;
20) Институттун милдеттерине ылайык Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген чарбалык ишти жүзөгө ашырууга, анын ичинде:
- мамлекеттик, муниципалдык жана менчик уюмдарга, анын ичинде чет өлкөлүк уюмдарга консультациялык жардам көрсөтүүгө;
- Институт тарабынан иштелип чыккан технологияларды, программалык продуктуларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык республикада жана чет өлкөлөрдө сатууга;
- Институттун ишин камсыз кылуу жана саламаттык сактоо практикасына киргизүү үчүн чет өлкөлөрдөн алдынкы техниканын, технологиялардын жана жабдуулардын үлгүлөрүн сатып алууга;
- мыйзамдарда белгиленген тартипте аларды саламаттык сактоо практикасына киргизүү мүмкүндүгү жөнүндө корутунду берүү үчүн дары-дармек каражаттарына жана приборлорго клиникалык сыноолорду келишимдик негизде жүргүзүүгө;
- фармацевтикалык, медициналык жана башка продукцияларды өндүрүүчү уюмдардын, анын ичинде чет өлкөлүк уюмдардын көргөзмөлөрүн уюштурууга.
12. Институт төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кайра каттоодон өтүүгө;
2) жүрөк-кан тамыр хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо жаатында өлкөнүн саламаттык сактоо муктаждыктарына ылайык илимий жана илимий-техникалык, инновациялык ишти активдештирүү;
3) илимий иштин башка субъекттеринин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоого;
4) Институттун профили боюнча илим-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн зарыл шарттарды түзүүгө;
5) заманбап атаандаштыкка жөндөмдүү илимий-практикалык натыйжаны иштеп чыгууну жүзөгө ашыруу;
6) Институттун интеллектуалдык ишинин натыйжаларын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каттоого;
7) жүрөк-кан тамыр хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо жаатында мамлекеттик саясатты өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүүгө;
8) Институттун багыты боюнча мамлекеттик органдар, башка илимий уюмдар, ЖОЖдор жана жеке сектор менен байланышты чыңдоо;
9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өздүк иштеп чыгуунун, чет өлкөлүк дарылоо-диагностикалык инновациялык технологияларды өздөштүрүүнүн жана киргизүүнүн эсебинен Институттун илимий-практикалык ишинин өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга;
10) мамлекеттик илимий инфраструктураны талаптагыдай абалда сактоого, Институттун илимий инфраструктурасын өркүндөтүү боюнча тиешелүү чараларды көрүүгө;
11) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган илимий ишти каржылоо булактарын издөөнү жүзөгө ашырууга;
12) Институтту оперативдүү башкарууга берилген негизги, жүгүртүлүүчү фонддорду жана мамлекеттик мүлктү максаттуу пайдаланууну камсыз кылууга;
13) илимий-маалыматтык ишти жүргүзүүгө;
14) Институттун ишин кеңири жайылтуунун эсебинен илимдин ролун жогорулатууга;
15) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин тапшырмалары боюнча билим берүүнү, илимди жана практикалык саламаттык сактоону өнүктүрүү жана интеграциялоо боюнча аналитикалык маалымкаттарды жана сунуштамаларды даярдоону жүзөгө ашырууга;
16) Институттун иши үчүн зарыл болгон башка иш-чараларды жүзөгө ашырууга;
17) илимий кызматкерлерди аттестациялоону 5 жылда бир жолудан кем эмес жүргүзүүгө;
18) Институттун багыты жана деңгээли боюнча зарыл болгон көлөмдө жеткиликтүү, өз убагында, сапаттуу, квалификациялуу жана кечиктирилгис медициналык-санитардык жардамды камсыз кылууга;
19) экстремалдык шарттарда (эпидемиялар, өзгөчө кырдаалдар, согуш абалы, табигый кырсыктар, жетүүгө кыйын жана кооптуу шарттарда иштөө) иштөөгө даярдыгын камсыз кылууга;
20) санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы режимди сактоого;
21) саламаттык сактоонун чектеш кызматтары менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылууга;
22) сергек жашоо мүнөзүн пропагандалоону жана калкты санитардык-гигиеналык тарбиялоону жүргүзүүгө;
23) келишимдик негизде студенттерди практикалык окутуу, кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо маселелери боюнча жогорку жана орто медициналык кесиптик окуу жайлары менен өз ара аракеттенүүнү уюштурууга;
24) бюджеттик каражаттардын кыймылынын казыналык жол-жоболорунун жана мамлекеттик бюджеттин каражаттары боюнча отчетторду берүүнүн регламентин сактоого;
25) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бухгалтердик эсепти жана отчеттуулукту жүргүзүүгө;
26) бекитилген отчеттордун бардык түрлөрүн белгиленген тартипте берүүгө;
27) Институттун саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартууга.
4-глава. Институттун түзүмү
13. Түзүмү жана штаттык расписаниеси Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен макулдашуу боюнча Институттун директору тарабынан бекитилет.
14. Илимий жана илимий-техникалык ишти жүзөгө ашыруу боюнча кабыл алынган чечимдердин коллегиялуулугун камсыз кылуу максатында Институттун илимий-техникалык кеңеши түзүлөт.
5-глава. Институтту башкаруу
15. Институттун ишине директор жетекчилик кылат.
16. Институттун директору Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри менен макулдашуу боюнча саламаттык сактоо министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы дайындаган Институттун директору менен беш жылдык мөөнөткө эмгек келишимин түзөт. Директор эмгек келишимин түзгөндөн кийин кызматтык милдеттерин аткарууга киришет. Бир эле адам эки мөөнөттөн ашык Институттун директору болуп дайындалышы мүмкүн эмес.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы сунушсуз өз демилгеси боюнча Институттун директорун кызмат ордуна дайындоого жана ээлеген кызматынан бошотууга укуктуу.
Институттун директору Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган негиздер боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн.
17. Институттун директорунун кызмат ордун төмөнкү квалификациялык талаптарга жооп берген адамдар ээлей алат:
1) жогорку кесиптик билим;
2) окумуштуулук даражасы;
3) илимий, илимий-педагогикалык, уюштуруучулук иш стажы жалпысынан 5 жылдан кем эмес жана жетекчи кызмат орундарындагы иш стажы 5 жылдан кем эмес.
18. Институттун директору төмөнкүлөрдү билиши керек:
1) саламаттык сактоо, билим берүү, илим жана инновациялар чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды;
2) уюмдун башкаруу теориясын жана методдорун;
3) илимий кадрларды даярдоо чөйрөсүнө тиешелүү методикалык жана ченемдик документтерди;
4) эмгек, финансы мыйзамдарынын негиздерин;
5) профили боюнча фундаменталдык жана колдонмо илимдердеги илимий жетишкендиктерди;
6) чет өлкөлүк илимий уюмдардын илимий жетишкендиктерин жана тажрыйбасын;
7) орто мөөнөттүү мезгилге илимдин жана клиникалык иштин тармагын өнүктүрүүнүн көз карашына (концепция, иштеп чыгуу, технология же план) ээ болуу.
19. Институттун директору жок болгон учурда (кызматтык иш сапар, убактылуу эмгекке жарамсыздык, өргүү, кызматтан бошотуу) анын милдеттерин илимий иштер боюнча директордун орун басары аткарат.
20. Институттун директорунун илимий иштер жана клиникалык иштер боюнча орун басарлары Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлиги менен макулдашуу боюнча директор тарабынан дайындалат жана алар кызматтык нускаманын негизинде иш жүргүзүшөт.
21. Институттун директору:
1) өз ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин буйруктарын, ички эмгек тартибинин эрежелерин жана ушул Жобону жетекчиликке алат;
2) Институтту жеке башкаруу принцибинде башкарат жана Институттун максаттарын, милдеттерин жана функцияларын ишке ашыруунун сапаты үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
3) финансы каражаттарын тескейт, банк мекемелеринде улуттук жана чет өлкөлүк валютада алыш-бериш жана башка эсептерди ачат, эсепке алуунун жана отчеттуулуктун тууралыгы, финансылык тартиптин сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат;
4) Институттун оперативдүү башкаруусунда турган мүлктүн жана башка материалдык баалуулуктардын максаттуу пайдаланылышы жана сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат;
5) Институттун түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишин уюштурат, координациялайт жана контролдойт;
6) кызматкерлерди ишке кабыл алууну жана бошотууну жүзөгө ашырат, алардын кызматтык милдеттерин аныктайт, Институттун кызматкерлерин даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу үчүн шарт түзөт, алардын эмгектик укуктарынын сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат;
7) Институттун айырмаланган кызматкерлерин сыйлайт жана тартиптик жаза чараларын колдонот;
8) Институттун илимий кызматкерлеринин илимий чыгармачылык эркиндигин өнүктүрөт;
9) мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтардын корголушу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын финансылык мыйзамдарынын сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат;
10) Институттун илимий жана дарылоо иши үчүн зарыл болгон башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
6-глава. Институттун илимий-техникалык кеңеши
22. Илимий-техникалык кеңеш Институттун консультациялык-кеңеш берүүчү органы болуп саналат. Илимий-техникалык кеңештин мүчөлөрү Институттун директорунун сунушу боюнча жогорку медициналык, фармацевттик жана биологиялык билими бар илимий кызматкерлердин жана адистердин жана административдик-башкаруу персоналынын жалпы чогулушунда жашыруун добуш берүү менен 3 жылдык мөөнөткө шайланат. Илимий кызматкерлердин, адистердин жана административдик-башкаруу персоналынын жалпы чогулушу, эгерде ага эмгек жамаатынын курамынын жарымынан көбү катышса, чечим кабыл алууга укуктуу болот.
Илимий-техникалык кеңештин курамына Институтта иштебеген жетектөөчү окумуштуулар жана адистер, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү кириши мүмкүн.
23. Илимий-техникалык кеңеш, эгерде жыйналышка анын курамынын үчтөн экисинен кем эмеси катышса, чечим кабыл алууга укуктуу. Эгерде Кеңештин добуш берүүгө катышкан мүчөлөрүнүн жарымынан көбү добуш берсе, Кеңештин чечими кабыл алынды деп эсептелет.
24. Илимий-техникалык кеңештин төрагасы болуп Институттун директору эсептелет.
7-глава. Институттун каржылоо булактары
25. Институттун каржылоо булактары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети;
2) милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттары;
3) билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын илим фонду;
4) атайын эсептердеги каражаттар;
5) жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу каражаттары;
6) кредиттер жана гранттар;
7) илим-изилдөө, басма, консультациялык жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган киреше алып келүүчү башка иштерден алынган каражаттар;
8) чет өлкөлүк жана ата мекендик инвестициялар.
26. Институт Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык оперативдүү башкаруу жана ижара укугунда мүлккө ээ болушу мүмкүн.
27. Институттун ишин контролдоо Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жүзөгө ашырылат.
8-глава. Корутунду жоболор
28. Институтту кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен жүзөгө ашырылат.
29. Институттун документтери "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.