ГҮЛЧӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айыл аймагынын айылдык кенешинин 7- чакырылышынын кезексиз II-отурумунун
2024-жылдын 28-марты № 2/1
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Алай районунун борбору болгон Гүлчө айыл аймагына «Гүлчө шаары» макамын берүү жөнүндө
Гүлчө айыл аймагынын айылдык кенешинин 7-чакырылышынын кезексиз II – отуруму, Кыргыз Республикасынын «Административдик-аймактык түзүлүшү тууралуу» Мыйзамынын 6-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүнүн меселелерин кароонун тартиби жөнүндө» Жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18- октябрындагы «Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү жана андан аркы чаралар жөнүндөгү» Президенттин №350 Жарлыгынын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29 - декабрындагы «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө КРнын Президенттин №370 Жарлыгынын алкагында республиканын региондорундагы административдик-аймактык түзүлүштү ирээтке келтирүү , ошондой эле 2024-жылдын 26-мартындагы Гүлчө айыл аймагындагы жааматтар арасындагы болуп өткөн элдик жыйындын №3 протоколунун негизинде мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ыйгарым укуктарын эффективдүү жүзөгө ашыруу үчүн Гүлчө айылын райондук маанидеги шаар категориясына киргизүү үчүн Гүлчө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевдин билдирүүсү жана сунушунун негизинде Кыргыз Республикасынын «Административдик – аймактык түзүлүш жөнүндөгү» №65 Мыйзамынын 12-беренесине ылайык Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңеши,
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Гүлчө айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Н.Тажибаевдин Гулчө айыл аймагынын базасында « Гүлчө шаарын» түзүү боюнча сунушу жактырылсын.
2. Гүлчө айыл аймагынын базасында «Гүлчө шаарын» түзүү боюнча сунушу Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан колдоого алынгандыгы белгиленсин.
3. «Шаар» макамын алуу үчүн тиешелүү иш-кагаздарын жогорку органдарга сунуштоо Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынан суралсын.
4. Алай районунун Гүлчө айыл аймагына «Гүлчө шаары» макамына ылайык , тиешелүү иш-кагаздарын жана Гүлчө айыл аймагынын толук схемалык-картасын даярдап камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысы Н.Тажибаевге милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мыйзамдуулук , укук тартибин чыңдоо жана кеңештин иштери жөнүндөгү маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын орун басары |
| Р. Пазылова |