Редакцияот 22.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

2024-жылдын 22-апрели № 177-т

 

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен Азербайжан Республикасынын Президентине караштуу Жарандарга кызмат көрсөтүү жана социалдык инновациялар боюнча мамлекеттик агенттиктин ортосундагы Кыргыз Республикасында мамлекеттик кызмат көрсөтүү борборлорун илгерилетүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.Жапаров

 

 

 

Долбоор

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен Азербайжан Республикасынын Президентине караштуу Жарандарга кызмат көрсөтүү жана социалдык инновациялар боюнча мамлекеттик агенттиктин ортосундагы Кыргыз Республикасында мамлекеттик кызмат көрсөтүү борборлорун илгерилетүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө МЕМОРАНДУМ

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги жана Азербайжан Республикасынын Президентине караштуу Жарандарга кызмат көрсөтүү жана социалдык инновациялар боюнча мамлекеттик агенттик (мындан ары Тараптар деп аталат),

Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы кызматташтыкты жана достук мамилелерди андан ары чыңдоого умтулуп,

мамлекеттик башкаруунун алдынкы чөйрөлөрүнүн бири катары мамлекеттик кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн түшүнүү менен,

бардык тармактарда туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу максатында жагымдуу чөйрөнү түзүү үчүн ачык-айкын, натыйжалуу жана жарандарга багытталган мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнүн өзгөчө маанилүүлүгүн баса белгилөө менен,

Тараптардын мамлекеттеринде бирдиктүү мейкиндикте мамлекеттик жана жеке кызматтарды көрсөтүү чөйрөсүндө илгерилетүүнү кубаттоо менен,

Тараптардын өз мамлекеттеринде мамлекеттик жана жеке кызматтарды көрсөтүү системасын өнүктүрүүгө жана аны модернизациялоого болгон каалоосун колдоп,

Тараптардын мамлекеттеринин ортосунда достук мамилелерди андан ары чыңдоо жана өнүктүрүү, тажрыйба алмашуу зарылдыгын таанып,

төмөнкүдөй өз ара түшүнүшүүгө келди:

1-берене. Кызматташуунун максаты

Тараптар өз мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык мамлекеттик жана жеке кызматтарды көрсөтүү үчүн "бирдиктүү терезе" принциби боюнча иштеген мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү чөйрөсүн модернизациялоо жаатында кызматташат.

2-берене. Кызматташуу формалары

Тараптар Өз ара түшүнүшүү жөнүндө ушул меморандумдун 1-беренесинде баяндалган максаттар үчүн төмөнкүдөй иш-чараларды өткөрүү боюнча өз ара пайдалуу шарттарда кызматташат:

- Азербайжан Республикасынын Кыргыз Республикасы менен "ASAN xidmǝt" тажрыйба алмашуусу;

- кызмат көрсөтүү процессинин жана аны башкаруунун тиешелүү аспекттери боюнча тренингдерди уюштуруу;

- Азербайжан Республикасына жана Кыргыз Республикасына таанышуу жана окуу сапарларын уюштуруу;

- кадрдык потенциалды өнүктүрүү үчүн консультациялык жана эксперттик колдоо;

- мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү жана электрондук документ жүгүртүү жаатында консультациялар;

- Азербайжан Республикасынын мобилдүү "ASAN xidmǝt" жана Кыргыз Республикасынын мобилдүү КТБ жаатындагы консультациялар;

- иштин өз ара макулдашылган башка түрлөрү.

3-берене. Кызматташууну жүзөгө ашыруу

Ушул Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду ишке ашыруу максатында ар бир Тарап дайындаган эки координатордон турган биргелешкен жумушчу топ түзүлөт, ал Тараптар макулдашкан милдеттерди аткарат.

4-берене. Финансылык макулдашуулар

Ушул Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга ылайык иш-аракеттерди ишке ашыруу үчүн зарыл болгон бардык финансылык чыгымдар Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык сүйлөшүүлөр боюнча жабылат.

5-берене. Үчүнчү жактардын катышуусу

Ушул Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга ылайык жүзөгө ашырылуучу ишке үчүнчү тараптын катышуусу Тараптар менен өз ара жазуу жүзүндө макулдашылууга тийиш.

6-берене. Купуялуулук

Ар бир Тарап экинчи Тараптан алынган маалыматтын жана документтердин купуялуулугун камсыз кылат, эгерде алар жабык мүнөздө болсо же берүүчү Тарап аларды ачыкка чыгарууну жагымсыз деп эсептесе. Мындай маалыматтардын жана документтердин купуялуулук даражасы берүүчү Тарап тарабынан аныкталат.

Ушул Өз ара түшүнүшү жөнүндө меморандумга ылайык алынган маалыматтар жана документтер аларды берген Тараптын макулдугусуз ЖМКда жарыяланышы мүмкүн эмес, ошондой эле эгерде алар берген Тараптын мамлекетинде жалпыга жеткиликтүү болуп саналбаса, алар суралгандан жана берилгенден башка максаттарда пайдаланылышы мүмкүн эмес.

7-берене. Пикир келишпестиктерди чечүү

Ушул Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду чечмелөөнүн же колдонуунун натыйжасында келип чыгышы мүмкүн болгон кандай болбосун пикир келишпестиктер Тараптардын ортосунда сүйлөшүүлөр жана консультациялар аркылуу чечилүүгө тийиш.

8-берене. Толуктоолор жана өзгөртүүлөр

Тараптардын өз ара жазуу жүзүндөгү макулдугу боюнча ушул Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган жана ушул Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун 9-беренесине ылайык күчүнө кирүүчү өзүнчө протоколдор менен таризделүүчү толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн.

9-берене. Күчүнө кириши, колдонуу мөөнөтү жана колдонууну токтотуу

Ушул Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон тиешелүү мамлекеттик ички жол-жоболор аяктагандыгын ырастаган дипломатиялык каналдар боюнча Азербайжан тараптын жазуу жүзүндөгү кабарлоосун Кыргыз тарап алган күндөн тартып ушул Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум күчүнө кирет.

Ушул Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум 5 (беш) жылдык мөөнөткө түзүлөт жана эгерде Тараптардын эч бири анын колдонуу мөөнөтү бүткөнгө чейин 3 (үч) айдан кем эмес мурда дипломатиялык каналдар боюнча экинчи Тарапка ушул Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун колдонулушун токтотуу ниети жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлабаса, кийинки 5 (беш) жылдык мезгилге автоматтык түрдө узартылат.

 

2024-жылдын "___" ___________ ______________ ш. эки түп нускада азербайжан, кыргыз жана орус тилдерде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей аутенттүү. Ушул Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда орус тилдеги текст негиз катары кабыл алынат.

 

 

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги үчүн

 

Азербайжан Республикасынын Президентине караштуу Жарандарга кызмат көрсөтүүлөр жана социалдык инновациялар боюнча мамлекеттик агенттик үчүн

_________________________________________

 

_________________________________________