Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 12-апрели № 182
1993-жылдан 1999-жылга чейин тажик-афган участогунда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин чек арасын кайтарууну күчөтүүнүн катышуучуларын урматтоо күнүн белгилөө жөнүндө
1993-жылдан тартып 1999-жылга чейин тажик-афган участогунда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин чек арасын кайтарууну күчөтүү үчүн жиберилген Кыргыз Республикасынын контингентинин катышуучуларынын каармандыгын жана эрдигин белгилөө менен, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 25-февраль жыл сайын белгиленүүчү 1993-жылдан тартып 1999-жылга чейин тажик-афган участогунда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин чек арасын кайтарууну күчөтүүнүн катышуучуларын урматтоо күнү деп белгиленсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 19-апрелиндеги № 30 (3583) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |