САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ДЕПУТТАРЫНЫН VII ЧАКЫРЫЛЫШЫ IX CЕССИЯСЫ
2024-жылдын 26-мартындагы № 9/50
Сары-Булак айыл өкмөтүнүн социалдык коргоо жана социалдык-маданий маселелер боюнча башкы адисинин маалыматын угуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесинин
2-бөлүгүнүн 17-бөлүкчөсүнө жана Сары-Булак айылдык Кеңешинин регламентинин
2-бөлүмүнүн 6-бөлүмчөсүнө ылайык Сары-Булак айыл өкмөтүнүн социалдык коргоо жана социалдык-маданий маселелер боюнча башкы адиси А. Кошоеванын жыл ичинде жүргүзгөн иштери боюнча маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1.Сары-Булак айыл өкмөтүнүн социалдык коргоо жана социалдык-маданий маселелер боюнча башкы адиси А. Кошоеванын жыл ичинде жүргүзүп жаткан иштери канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Сары-Булак айыл аймагынын аймагында жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоону камсыз кылуу менен үй-бүлөлөрдү социалдык жактан коргоо программаларын ишке ашыруу боюнча иштерди уюштуруу, социалдык жактан тейлөө маселелери боюнча жарандар жана социалдык мекемелер менен иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн социалдык коргоо жана социалдык-маданий маселелер боюнча башкы адисине тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Дүйшөнбек уулу |