САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ДЕПУТТАРЫНЫН VII ЧАКЫРЫЛЫШЫ IX CЕССИЯСЫ
2024-жылдын 26-мартындагы № 9/54
Айыл аймагынын аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча типтүү эрежелерди бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы «Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө» №305 Жарлыгына ылайык Сары-Булак айыл аймагынын аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча типтүү эрежелерди бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн башкы адиси Ж. Өзүбековдун маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы «Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө» №305 Жарлыгына ылайык, Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагын көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча типтүү эрежелери бекитилсин.
2. Бекитилген эрежеге ылайык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу жаатында менчигинин түрүнө карабастан бардык мекеме-ишканалардын жана жеке жактардын иш алып баруусун камсыз кылуу менен көзөмөлгө алуу жагы Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М. Асанбаевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Дүйшөнбек уулу |