ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ДЕПУТТАРЫНЫН XXVIII ЧАКЫРЫЛЫШЫ XXIII CЕССИЯСЫ
2024-жылдын 5-мартындагы № 23/1
Чет-Нура айыл аймагынын 2024-жылдагы жыл башынан калган акча каражатын чыгымдоо жөнүндө
Чет-Нура айыл аймагынын 2024-жылдагы жыл башынан калган акча каражатын бөлүштүрүү максатында Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин бюджет жана этика комиссиясынын, башкы бухгалтердин баяндамасын угуп жана талкуулап, Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектүү XXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Чет-Нура айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын жыл башынан калган бюджеттик эсептеги калдык акча каражаты төмөндөгүдөй чыгымдалсын:
№ | Статья | Чыгаша бөлүктүн аткарылышы | Сумма |
1 | 2218 | Тамак аш сатып алуу үчүн | 891 000 |
2 | 2224 | Көмүр алуу | 1 662 138 |
| Жалпы |
| 2 553 138 |
Баары – 2 553 138 сом (эки миллион беш жүз элүү үч миң бир жүз отуз сегиз сом).
2. Токтомдун аткарылышын Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери С.Сыдыковага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы А.Океновго тапшырылсын.
Төрага | М. Өмүрбеков |