ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ДЕПУТТАРЫНЫН XXVIII ЧАКЫРЫЛЫШЫ XXIII CЕССИЯСЫ
2024-жылдын 5-мартындагы № 23/2
Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2024- жылга карата бюджетти бекитүү жөнүндө
Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын жана башкы бухгалтердин баяндамаларын угуп жана талкуулап Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кещешинин XXVIII чакырылышынын кезектүү XXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бюджетинин аткарылышы канаттандырарлык деп табылсын.
2. Чет-Нура айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бюджетинин кирешелер бөлүгү боюнча 28 117,9 миң сом , атайын эсеп – 1316,0 миң сом , жалпы баары 29 433,9 миң сом, чыгашалар бөлүгү 29 433,9 миң сом өлчөмүндө смета бекитилсин.
Мунун ичинен кирешелер бөлүгү
| Көрсөткүчтүн аталышы | Сумма |
| Теңдештирилген грант | 14 259,1 |
| Жергиликтүү кирешелер | 12 100,7 |
| Атайын эсеп | 1 316,0 |
| Жайыт комитетинин кирешелери | 1 758,1 |
| Жалпы баары | 29 433,9 |
Жергиликтүү кирешелер бөлүгү. Мунун ичинен | ||
| Агент төлөөчү п/налог | 9286,0 |
| Патент салыгы | 127,5 |
| Кыймылсыз мүлк салыгы | 20,5 |
| Транспорт салыгы | 484,0 |
| Огород салыгы | 110,2 |
| Үлүш салыгы |
|
| Айыл чарба эмес жерден алынуучу салык | 31,0 |
| Аренда ФПС | 216,8 |
| Таштанды чыгаруу жыйымы | 2,2 |
| Алкоголдук продукцияны сатууга лицензия алган субъекттерден түшкөн жыйым | 10,0
|
| Лицензия берүү | 240,0 |
| Муниципалдык ишкананын кирешеси | 1572,5 |
| Жайыт комитетинин кирешелери | 1 758,1 |
| Баары: | 13 858,8 |
| Атайын эсеп | 1 316,0 |
| Теңдештирилген грант | 14 259,1 |
| Жалпы баары: | 29 433,9 |
2.1. Чет-Нура айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата каралган бюджеттин чыгаша боюнча 28 117,9 миң сом, атайын эсеп – 1 316,0 миң сом. Мунун ичинен жалпы айыл өкмөт боюнча:
Эмгек акыга – 21 239,5 миң сом, 47 (кырк жети) штаттык бирдик үчүн (АУП -26, китепкана -5, клуб 16)
Соц.фондго – 3 053,6 миң сом
Байланыш кызматына – 100,0 миң сом
Транспорт чыгымдарына – 100,0 миң сом
Учурдагы чарбалык мүлктөрдү башка материалдарды жана буюмдарды алууга –80,0 миң сом
МЧС- 114,2 миң сом
Соц. маселелер – 100,0 миң сом
Атайын эсеп – 1316,0 миң сом тамак аш сатып алуу үчүн
Башкаруу аппаратына бардыгы – 18 391,2 миң сом
Эмгек акыга – 15 844,4 миң сом
Соц.фондго – 2 122,9 миң сом
Байланыш кызматына – 29,7 миң сом
Транспорт чыгымдарына – 100,0 миң сом
МЧС – 114,2 миң сом
Соц. маселелер – 100,0 миң сом
Учурдагы чарбалык мүлктөрдү башка материалдарды жана буюмдарды алууга – 80,0 миң сом
Башкаруу аппаратынын штаты бекитилсин - 24 штат жана 1 штат стат, 1 штат айылдык Кеңештин депутаттарынын жооптуу катчысы, жалпысы 26 штаттык бирдик.
Маданият тармагына бардыгы – 6 325,8 миң сом
Эмгек акыга – 5 395,1 миң сом
Соц.фондго – 930,7 миң сом
Маданият кызлматкерлеринин штаты китепкана – 5, клуб – 16, баары -21 штаттык бирдик менен бекитилсин.
Билим берүү тармагына бардыгы – 1386,3 миң сом, мунун ичинен бюджет – 70,3 миң сом , атайын эсеп – 1316,0 миң сом
Байланыш кызматына – 70,3 миң сом
Атайын эсеп -1 316,0 миң сом тамак аш үчүн
«Чон-Эне» балдар бакчасына – 250,0 миң сом
«Нур-Байгазак» балдар бакчасына – 240,0 миң сом
«Бактылуу бала» балдар бакчасына – 360,0 миң сом
«Гулназик Орто-Саз» балдар бакчасына – 216,0 миң сом
«Чет-Нура» балдар бакчасына – 250,0 миң сом
Жайыт комитетинин сметасы – 1758,1 миң сом
Башка чыгымдар үчүн – 1758,1 миң сом
3. Чет-Нура айыл аймагынын жайыт акысынан түшкөн акча каражаты толугу менен Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин пайдалануусуна жумшалсын.
4. Чет-Нура айыл өкмөтүнүн 2025-жылга кирешелер боюнча боложол -
Көрсөткүчтүн аталышы | 2025-ж | 2026-ж |
Теңдештирилген грант | 14 259,1 | 14 259,1 |
Жергиликтүү кирешелер | 13 275,2 | 14 005,0 |
Атайын эсеп | 1 316,0 | 1 316,0 |
Жайыт комитетинин кирешелери | 1 758,1 | 1758,1 |
Жалпы баары | 30 608,4 | 31 338,2 |
Жергиликтуу кирешелер бөлүгү, Мунун ичинен | ||
Агент төлөөчү п/налог | 10 460,5 | 11 190,3 |
Патент салыгы | 127,5 | 127,5 |
Кыймылсыз мүлк салыгы | 20,5 | 20,5 |
Транспорт салыгы | 484,0 | 484,0 |
Огород салыгы | 110,2 | 110,2 |
Үлүш салыгы |
|
|
Айыл чарба эмес жерден алынуучу салык | 31,0 | 31,0 |
Аренда ФПС | 216,8 | 216,8 |
Таштанды чыгаруу жыйымы | 2,2 | 2,2 |
Алкоголдук продукцияны сатууга лицензия алган субъекттерден түшкөн жыйым | 10,0
| 10,0 |
Лицензия берүү | 240,0 | 240,0 |
Муниципалдык ишкананын кирешеси | 1572,5 | 1572,5 |
Жайыт комитетинин кирешелери | 1 758,1 | 1758,1 |
Баары: | 15 033,3 | 15 763,1 |
Атайын эсеп | 1 316,0 | 1316,0 |
Теңдештирилген грант | 14 259,1 | 14 259,1 |
Жалпы баары: | 30608,4 | 31 338,2 |
4.1. 2025-жылга чыгашалар боюнча боложол – 30 608,4 миң сом суммасында, 2026 – жылга 31 338,2 миң сом суммасында болжолу жактырылсын.
Аталышы | 2025-ж | 2026-ж |
Башкаруу аппараты | 18 895,5 | 18 971,6 |
Маданият тармагы | 6547,9 | 6784,3 |
Билим берүү тармагы | 3 406,9 | 3 824,2 |
Жайыт | 1758,1 | 1758,1 |
Жалпы баары | 30 608,4 | 31 338,2 |
Балдар бакчаларга ата-энелерден алынуучу төлөм ар бир айдын 5-чи числосунан кечиктирилбестен ошол ай үчүн толук төгүп туруу жана 275 баланы толук кабыл алуу балдар бакчасынын башчылары В.Токтакуновага, К.Кидиковага, А.Алпековага, Ж.Чакиевага , Э.Мендибаевага милдеттендирилсин жана акча каражатты убагында төкпөсө чара көрүлсүн.
Төрага | М. Өмүрбеков |