Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ДЕПУТТАРЫНЫН XXVIII ЧАКЫРЫЛЫШЫ XXIII CЕССИЯСЫ
2024-жылдын 5-мартындагы № 23/6
Чет-Нура айыл аймагында мамлекеттик мекеме ишканалардан,коммерциялык соода түйүндөрүнөн жана цехтерден катуу тиричилик калдыктарын чыгарып кетүү үчүн тарифтерди бекитүү жөнүндө
Чет-Нура айыл аймагында мамлекеттик мекеме ишканалардан,коммерциялык соода түйүндөрүнөн жана цехтерден катуу тиричилик калдыктарын чыгарып кетүү үчүн тарифтерди бекитүү боюнча Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын жана Чет-Нура айыл өкмөтүнүн алдындагы «Үч-Нура таза аймак муниципалдык ишканасынын директорунун баяндамаларын угуп жана талкуулап Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кещешинин XXVIII чакырылышынын кезектүү XXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Чет-Нура айыл аймагында мамлекеттик мекеме ишканалардан,коммерциялык соода түйүндөрүнөн жана цехтерден катуу тиричилик калдыктарын чыгарып кетүү үчүн тарифтери төмөндөгүдөй бекитилсин.
2.Токтомдун аткарылышын «Үч-Нура таза аймак муниципалдык ишканасынын директору К.Молдогазиевге милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы А.Океновго тапшырылсын.
№ | Обьекттердин аталышы | 1 жанга | 1 Мкв. |
1 | Мамлекеттик мекемелер | 3 сомдон |
|
2 | Коммерциялык соода түйүндөр жана цехтер |
| 5 сомдон |
Төрага | М. Өмүрбеков |