Загрузка документа…
САНТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 13-апрели № 49
«Санташ айыл аймагында ысырапкорчулукту алдын алуу жана кыскартуу жөнүндө»
Санташ айыл аймагында жамандыктарда ысырапкорчулукту алдын алуу жана кыскартуу боюнча элдик жыйындардагы элдин пикирин эске алып Санташ айылдык кеңешинин кезексиз ХХVIII чакырылышынын ХIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. 2022-жылдын 1-майынан баштап Санташ айыл аймагында ысырапкорчулукту алдын алуу жана кыскартуу боюнча төмөндөгү тартипте иш алынып барылсын:
Маркумду узатууда 2 (эки) баш койдон ашык сойбоо милдеттендирилсин.
Жыртыш таркатуу,кийит илүү,кийгизүү жөрөлгөлөрү жоюлсун анын ордуна колдон
келишинче акчалай жардам берүү жагы белгиленсин.
Дасторконго коюла турган жер жемиштерге ,ар кандай даамдарга чектөө коюлсун:
Салаттардын түрлөрүн жасап коюууга тыйуу салынсын.
2. Жогорудагы кабыл алынган токтомду аткаруу жагын айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Т.Черикбаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам
Санташ айылдык кенешинин тѳрагасы |
| Орозбаков Э.С. |