Загрузка документа…
САНТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 13-апрели № 54
Санташ айыл аймагынын «Токой фондусунун жерлеринин» категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө
2013-жылдын 15-июлу № 145 Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө», Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана 2014-жылдын 19-март №169 «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Токтомунун негизинде Санташ айыл кенешинин 28-чакырылышынын 13-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Түп- Кеген жана Каркыра – Турук - Сары-Жаз участокторундагы автоунаа жолдорун кенейтүү жана реконструкциялоо максатында, Токой фондусунун жерлеринен 7,1га жер тилкелерин “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берет.
2. Токой фондусунун жерлери категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлердин” категориясына которуу материалдары Түп райондук мамлекеттик администрациясына жиберилсин.
Санташ айылдык кенешинин тѳрагасы |
| Орозбаков Э.С. |