Редакцияот 08.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 2024-жылдын 8-апрели № 159

Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин имаратын жана курулмаларын Каракол шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө

Ысык-Көл облусунда дене тарбия жана спортту башкаруу жана жөнгө салуу механизмдерин өркүндөтүү, андан ары өнүктүрүүнү камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин балансынан Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл облусу, Каракол шаары, Орозбеков көчөсү, 98а дареги боюнча жайгашкан, идентификациялык коду 2-01-02-0040-0007, аянты 526,5 кв.м болгон жанаша жер участогу менен имаратты жана курулмаларды спорт зал катары пайдалануу үчүн Каракол шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине белгиленген тартипте өткөрүп берсин.

2. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.

3. Каракол шаарынын мэриясына белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын:

1) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жанаша аймагы менен имаратты жана курулмаларды муниципалдык менчикке кабыл алуу;

2) өткөрүп берилүүчү объектти так максаттуу багыты боюнча пайдалануу;

3) өткөрүп берилүүчү объектти андан ары ээликтен ажыратпоо;

4) объектти күтүүнү жана андан ары тейлөөнү жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүү.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.Жапаров