Редакцияот 13.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЙДАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 13-ноябры № 111

Айдаралиев айыл аймагынын Көпүрө-Базар айылынын тургуну көп балалуу энени “Баатыр Эне” орденине сунуүтоо жөнүндө

 Айдаралиев айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

Кыргыз Республикасынын  Талас областынын Талас районунун Айдаралиев айыл аймагынын Көпүрө-Базар айылынын тургуну Акылбекова Маанакан 7 (жети) баланы төрөп, татыктуу тарбиялап өстүргөндүгүнө байланыштуу “Баатыр-Эне” орденине  көрсөтүү үчүн Айдаралиев айыл кеңеши токтом кылат:

 

1.”Баатыр Эне ”орденине Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Талас районунун Көпүрө-Базар айылынын тургуну 7 (жети) баланын энеси Акылбекова Маанакан көрсөтүлсүн.

2. Бул токтомду бекитип берүү жагы Талас райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.

 

Төрага

Темир уулу Беккул