Загрузка документа…
САНТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 24-декабрындагы № 85
Саркынды сууларды тазалоочу жайын курууга жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук берүү боюнча
Санташ айыл аймагынын Кен-Суу айылынын айыл башчысы К.М.Шаршенбаевдин Саркынды сууларды тазалоочу жайын курууга жер аянтын бөлүп берүү боюнча кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Санташ айылдык кенешинин XXVIII чакырылышынын 23-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Саркынды сууларды тазалоочу жайын курууга Кен-Суу айылынынын Түштүк-Чыгыш тарабындагы №377 контурунан 0,50га жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Тийиштүү иш-кагаздарын жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Т.Черикбаевге жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы М.К.Абышовко милдеттендирилсин
Санташ айылдык кенешинин тѳрагасы |
| Тыналиев И.Ж. |